FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж.
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты.
“Аталаган… подробнее
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан  Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү.
 


 подробнее
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери  тарабынан  үч күндүн  ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин  расмий сайтында  жазылган.
3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг.  баңгизаты менен кармалган.  
 4-сентябрда  Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин  жана кредиттердин көлөмү кыскарды.
КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы  Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар  арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо.

Эгемендүүлүк...


31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү.
Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды  текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
 “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал

АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери  кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты.
“Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана  маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
мурдагыдай эле колдонулат
колдонулбайт деп ойлойм
анча пайдаланылбайт
айта албай турам
   
13.05.10 11:22
Бишкекте аз камсыз болгондор жана жумушсуздар ишке тартылууда

 Бишкек, Zpress.kg.Бишкек шаарын жакшыртууга багытталган “Коомдук иштер” долбоору ишке ашырылып баштады, деп билдирди борбор калаанын мэринин басма сөз катчысы Муса Конуров.

Маалыматка ылайык, бул долбоор боюнча, коомдук иштерге аз камсыз болгондор жана жумушсуз жарандар тартылат. Долбоордун башкы максаты жумушсуздуктун санын кыскартуу жана шаарды жакшыртуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө район акимдери “Тазалык” жана “Зеленстрой” ишканалары менен биргеликте жумушчу бригадаларын түзүп, кайсы жерде иштөөнү аныкташууда. Негизинен бул тосмолорду сырдоо жана ирригациялык системаларды тазалоо жумуштары болмокчу. Ишке алуу ачык жана ашыкча формалдуулукту талап кылбайт. Алсак, ишке орноштуруу кызматына кайрылгандар сөзсүз түрдө шаардык каттоодо туруусу зарыл эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Кыргызстанда жумушсуздукту кыскартуу максатында атайын долбоор ишке ашырылып баштагандыгын маалымдаган эле. Мындай долбоор алгач Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында ишке ашырылып, жумушсуздар шаарларды жашылдандыруу ишинен баштап, көчөлөрдү тазалоо, жолдорду оңдоо иштерине тартылат. Р.Отунбаева мындай кадам менен жумушсуздарды иш менен камсыздоого мүмкүн болоорун жана алгач үч шаарда башталган мындай кадам, кийин башка да шаарларда улантылаарын билдирген.Бул тууралуу “Кабар” агенттиги маалымдайт.
 
Дата обновления: 13.05.10 11:22

Материалы по теме
09.07.10 16:21 Бишкек шаарына дагы кошумча гүл пирамидалары коюлат
02.07.10 15:19 Бишкек шаардык мэриясы медиктерге беш жаңы тез жардам унаасын берди
24.06.10 16:49 Бишкектин жолдорун куруу жана ремонттоо иштерине 500 млн сом бөлүндү
22.06.10 10:02 Бишкекте ушактарды тараткандар кармалууда
21.06.10 17:05 Белгисиз адамдар Бишкектин кээ бир үйлөрүн «7» саны менен белгилешкен
21.06.10 15:45 "Аналитика": Бишкектеги коркунучтуу ушактар жана каршы чаралар
09.06.10 12:39 Бишкекте Баш мыйзамдын атаандаш долбоору талкууланат
01.06.10 11:12 Бишкек мэриясынын жанында фонтандын ачылышы болду
24.05.10 13:12 Бишкекте «Карабас Барабас и Ко» спектаклинин бетачары өтөт
21.05.10 16:59 Бишкектеги мечиттин курулушуна марафондон чогултулган акчанын дайыны жок
20.05.10 13:27 Бишкек мэриясы шаардыктарды 22-майда ишембиликке чыгууга чакырды
19.05.10 11:24 Бишкекте улгайган адамдар тарабынан даярдалган буюмдардын социалдык жарманкеси болот
13.05.10 14:53 Бишкекте Убактылуу өкмөттү колдогон жөө жүрүш пландалууда
11.05.10 09:25 Бүгүн Бишкекте, Токмокто, Сокулукта жумушчулар тынч митинг өткөрүшөт
07.05.10 13:08 Бишкекте маршурттук таксинин айдоочулары мэрдин милдетин аткаруучу Иса Өмүркуловдун кызматтан кетишин талап кылып иш таштап жатышат
06.05.10 12:18 Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына 2008-жылдын 5 – октябрындагы шайлоолордо талапкерлердин демилге тобу убактылуу өкмөткө кайрылуу жолдоду
04.05.10 11:17 Бишкекте автотранспорттун кыймылы чектелди
03.05.10 12:57 Чыгыш медицинасы боюнча адис Медер Бишкек: "Санжардын өлүмүнө Алтынбек күнөөлүү эмес"
03.05.10 11:12 Бишкек шаарынын, Чүй, Талас, Жалал-Абад областтарынын жашоочулары курал-жарактарды өз ыктыярлары менен тапшырышты
29.04.10 12:49 Бишкек шаарынын күнүнө карата миң көчөт олтургузулат
29.04.10 11:34 Ала-Тоо аянтындагы тууну кайтаруу кызматы кайрадан ишин баштады
29.04.10 11:20 Бүгүн Бишкек шаарынын 132 жылдыгы белгиленет
28.04.10 11:15 Бишкекгаз керектөөчүлөр үчүн кызмат көрсөтүүнүн жайкы тейлөөсүнө өтөт
19.04.10 14:02 Маевка айылынан Бишкек мэриясын көздөй келген адамдардын тобу жер берүүнү талап кылууда
15.04.10 16:49 Эртең Бишкекте аскага чыгуучулардын чемпионаты өтөт
09.04.10 14:46 Бишкекте атуулдарды карактап жүргөн эки жигит винчестер менен кармалды
09.04.10 15:40 Бишкекте эки мина табылды жана заянсыздандырылды
07.04.10 14:14 Ак үйдөн ок атылып бир адам жарадар болду
07.04.10 13:54 Чүй областынын Москва районунун акими жана милициянын начальниги митингчилер тарабына кошулду
07.04.10 13:49 Токмокто митингчилер Чүй райондук акимиятты ээлеп алды
07.04.10 13:33 Бишкек: Ак үйдүн ичинде атайын даярдыктагы аскерлер киргизилди
02.04.10 12:17 Бишкекте оппозиция өкүлдөрүнүн жана укук коргоочуларындын катышуусунда тегерек үстөл өтүп жатат
01.04.10 11:30 Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир болот
26.03.10 12:25 Бишкекте тогуз коргоол боюнча универсиада өтөт
23.03.10 09:01 Бүгүн Бишкекте Ынтымак курултайы ишин баштайт
19.03.10 14:08 Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев Нооруз майрамына карата Бишкектин тургундарын жана меймандарын куттуктады
19.03.10 13:35 Бишкек цирки эл аралык "King тигр" программаны сунуштайт
16.03.10 15:59 Бишкекке 25 атайын техника алынып келинди
12.03.10 10:03 Бишкек-Ош унаа жолу кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу үч күнгө жабылат
11.03.10 17:07 Бишкекте баскетбол боюнча "Нооруз 2010" деп аталган эл аралык турнир өтөт
03.03.10 10:57 Бишкекте кийиз көргөзмөсү ачылат
03.03.10 10:26 Бишкектеги май куючу жайлардын бири жарылып кетти
02.03.10 11:00 Бишкекте үй өрттөнгөн учурда жубайлар күйүп кеткен
24.02.10 17:27 Бишкекте поезд менен кагылышуу автомашинанын айдоочусунун күнөөсүнөн болгон
11.02.10 10:20 Бишкек мэри өз кирешеси үчүн иштеген компанияларды катуу көзөмөлгө алууга ниеттенүүдө
11.02.10 12:02 Беларусиядан Бишкекке кар тазалоочу техникалар жеткирилди
19.01.10 12:27 Бишкекте сууктан улам маршруттук таксилердин майы тоңуп жүргүнчүлөргө оңтойсуздук жаратты
15.01.10 11:43 Бишкек эң кир шаарлардын катарына кирди
13.01.10 17:59 Бишкек дүйнөнүн эң кир шаарларынын тизмесине кирди
30.12.09 13:53 Бишкек мэриясына караштуу бир катар жаңы структуралар түзүлдү
29.12.09 11:27 Бишкек шаарынын бюджетинин 31 пайызы турак-жай коммуналдык тейлөөнү өнүктүрүүгө багытталат
10.12.09 12:53 Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу беш жыл аралыгында реаблитацияланат
10.11.09 15:19 Кышында Бишкектин көчөлөрүн 40 атайын машина кардан тазалайт
06.11.09 12:07 Бишкекте жакынкы үч жарым жылда 7 жаңы мектеп жана 10 балдар бакчасы курулат
17.09.09 11:51 Бишкекте легалсыз унаа жуучу жайларга рейд уюштурулду
11.09.09 15:17 Бишкектин баардык муниципалдык жылытуу мештери сезонго 100% даяр
11.09.09 12:50 Бишкекте жеңилдик алуучулар 2 миң тонна көмүр алышты
19.08.09 15:52 Бишкектин түштүк магистралынын курулушунун биринчи этабы быйыл октябрь айында бүткөрүлөт
15.07.09 12:45 Бишкек шаардык кеңеши жергиликтүү коомчулукка эки сыйлыкты уюштурду
12.07.09 16:47 АКШ тарап Президент К.Бакиевдин Бишкек демилгесин колдойт
10.07.09 11:00 Бишкекте 2010-2012-жылдары миграцияны жана жумуштуулукту жөнгө салуу боюнча мамлекеттин кадамдарынын пландарын талкуулашты
26.06.09 17:00 Кыргызстанга Кытайдан 200гө жакын автобус келиши күтүлүүдө
26.06.09 16:46 Кытай өкмөтү Бишкекке 80 млн. юань бөлүп берет
   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).