|
Бүгүн 09 сентябрь 2010 ж. |
|
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү. подробнее |
|
Бишкек мэриясы жаңы троллейбустарды алуу үчүн Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат
Бишкек, Zpress.kg. Бишкек мэриясынын маалымат жана жарнак департаменти кабарлагандай, Дүйнөлүк банк менен 60 троллейбус алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат. “Сүйлөшүүгө ылайык кредит берүү каралат жана анын 30 пайызы гранттык негизде болмокчу. Кредитти кайтаруу мөөнөтү 10 жыл”,-деп белгилейт мэрия. Учурда Бишкектин троллейбус башкармалыгында 107 троллейбус иштеп жатат, анын… подробнее |
|
“Түндүк электр” ААКына абоненттер 314 млн. сомдон ашык карыз болушкан
Бишкек, Zpress.kg. Бүгүнкү күндө “Түндүк электр” ачык акционердик коомуна болгон абоненттердин карызы 314 млн. 237 миң сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Муну менен катар компания белгилегендей дебитордук карыздын азайыш тенденциясы байкалууда.Өткөн айдын башына салыштырганда колдонуучулардын дебитордук карызы 10 млн. 185 миң сомго азайган. подробнее |
|
"Азаттык”: “Андаш” кени: пайдасы бар, зыянын ким айтат?
Таластагы “Андаш” кенин ишетүүгө жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мурдагыдай эле каршы болушууда. Алар муну экологиялык коопсуздук маселелери менен байланыштырууда. Бирок кенди иштеткени келген жаңы компания экологиялык коопсуздук тууралуу сөз кылуу азырынча эрте деген ишенимде. “Андаш” кени Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын аймагында жайгашкан. Сүйөркул Сманкулов “Андаш” кенинин… подробнее |
|
Баткенде Пүлгөн-Көк-Талаа жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды
Бишкек, Zpress.kg. Кечээ Баткен областындагы узундугу 14 чакырым болгон Пүлгөн-Көк-Талаа жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды. Бул тууралуу Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Жаныбек Исаков билдирди. Ж.Исаков белгилегендей, өзбек аклавдарынан өтүүдө жергиликтүү жашоочулардын тартип бузуу учурлары дайыма болуп турат. Ушул кезге чейин… подробнее |
|
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
“Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты. “Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее |
|
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее |
|
Башкы окуялар
09.09.10 12:54
“Азаттык”: Ош окуясынын катышуучусу 23 жылга кесилди
09.09.10 12:37
Россияда Кыргызстандын 385 миң атуулу бар
InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
|
28.07.10 11:35
Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти
Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат. Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек улутундагы адамдар урушканы жатышыптыр деген кабар 26-июлда саат 23:00 жакын түштү. Биз ошол замат ал жөнүндө аймактык милицияга кабар берип, өзүбүз да ошол жерге жетип бардык. Биз барганга чейин эле ал жерде кагылышуу болуп кетиптир. Өзбек тараптан 40дай адам 15-20дай кыргыз жарандары менен уруша кетишкен экен. Натыйжада бир кыргыз жараны бычак жеп, Москвадагы №64-оорууканага жеткирилди. Ички иштер органдарынын кызматкерлери азыр окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат. Азырынча чырды баштаган болушу мүмкүн деген шек менен өзбек улутундагы төрт адам кармалганын билдиришти. Төрөкул Дооров: Уруша кетишкен кыргыз жана өзбек улутундагы адамдар баары Кыргызстандын жарандары бекен же Өзбекстандын да жарандары барбы? Алмаз Абдисяев: Биздеги маалыматтарга караганда, Максимовский проспектиндеги №63-үйдөгү курулушта кыргызстандык да, өзбекстандык да өзбек улутундагы мигранттар иштешкен. Биз окуя болгон жерге барганга чейин эле алар качып кетишкен болчу. Ошондуктан биз алардын кайсыл өлкөнүн жарандары экенин биле албадык. Ал жерде бир-эки кыргыздар менен гана жолугуша алдык. Алар урушка “өзбек улутундагылар катышты” деп гана айтышты. Бирок бул окуя боюнча милиция кармаган адамдардын баары - Өзбекстандын жарандары. Эми алардын ким экени тергөөнүн жыйынтыгында билинсе керек. Бүгүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаракат алган кыргыз жаранын суракка алышты. Төрөкул Дооров: Ошол жарадар болгон кишинин аты-жөнүн айта аласызбы? Алмаз Абдисяев: Азырынча тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, биз ал адамдын ысмын айта албайбыз. Бирок бир-эки күндө толук маалымат топтолгондон кийин жабыркаган адам жөнүндө да маалымат айтылса керек. Төрөкул Дооров: Кыргызстанда кагылышуу болгондон бери Москвада кыргыздар менен өзбектер ортосунда биринчи жолу ушундай мушташ болуп жатабы же буга чейин да андай окуялар болду беле? Алмаз Абдисяев: Жок. Бул биринчи окуя эмес. Кыргызстанда июндагы окуялар болуп кеткенден кийин Москвадагы “Казанский” вокзалында кыргыздар менен өзбектер ортосунда чыр чыккан. Бирок ал ички иштер органдарынын, элчиликтин аракети менен өз учурунда токтотулган болчу. Ошондуктан алардан эч ким жабыркаган эмес. Төрөкул Дооров: Азыр Кыргызстандын түштүгүнөн өзбектер массалык түрдө Орусияга көчүп жатышканы айтылууда. Элчиликте бул жөнүндө маалымат барбы? Алмаз Абдисяев: Элчиликте чекарадан канча адам өтүп жатканы жөнүндө маалымат жок. Бирок, такталбаган айрым маалыматтарга караганда, Ош-Бишкек каттамындагы автобустардагы, автоунаалардагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү өзбек улутундагылар экенин угуп жатабыз. Элчиликтин өзүнө Орусиянын жарандыгын алуу үчүн арыз бергендердин саны көбөйгөнү байкалып жатат. Төрөкул Дооров: Канчага көбөйдү? Алмаз Абдисяев: Мен азыр так цифраларды айта албайм. Бирок, Кыргызстандагы башаламан окуялар башталганга чейинки мезгилге караганда, азыр арыз бергендердин саны өстү. Төрөкул Дооров: Орусиянын жарандыгын алам деп арыз бергендердин көбү өзбек улутундагылар экени чынбы? Алмаз Абдисяев: Ооба. Биз алардын документтерин консулдук каттоого коердо туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнөн бери баардык кагаздарын текшеребиз. Ошонун негизинде байкалгандай, чынында эле, жарандык үчүн арыз бергендердин көпчүлүгү - өзбектер. Төрөкул Дооров, “Азаттык” радиосу,27-июль, 2010-жыл
Дата обновления: 29.07.10 15:46
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти

