FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж.
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты.
“Аталаган… подробнее
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан  Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү.
 


 подробнее
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери  тарабынан  үч күндүн  ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин  расмий сайтында  жазылган.
3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг.  баңгизаты менен кармалган.  
 4-сентябрда  Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин  жана кредиттердин көлөмү кыскарды.
КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы  Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар  арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо.

Эгемендүүлүк...


31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү.
Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды  текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
 “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал

АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери  кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты.
“Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана  маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
мурдагыдай эле колдонулат
колдонулбайт деп ойлойм
анча пайдаланылбайт
айта албай турам
   
21.12.09 10:28
Мамбет Мамакеев: "Картайганы ыйлаак чал болуп баратам"

Академик, Кыргыз Республикасынын баатыры, улуттук хирургия борборунун директору Мамбет Мамакеев менен маек

- Мамбет агай, сөздү мыкты хирург болуш үчүн эң биринчи эмне керек? Ошондон баштасак...

- Мыкты хирург болом дегендер эң биринчи теорияны мыкты билиши керек. Кесибин сүйүшү керек. Ошондой эле таланты, жөндөмү болуш керек. Негизи эле мыкты хирург болом дегендердин мүнөзү курч, чечкиндүү, эпчил, эрки бекем, кайраттуу болушу абзел. Анткени, көп учурда жардам сурап кайрылгандар операция десе эле бул жашоодон үмүтүн үзүп, жалынып-жалбарыша берет. Ал оорукананын ичинен ыйласа, жакындары тышта ыйлаша беришет. Ошол учурда хирург чечкиндүү кадамдарга барып, кайраттуу болбосо, ал оорулууну жанын кыйнаган дартынан сакайтмак түгүл биротоло жоготуп аласың. Анткени, ыкчам хирургияда беш мүнөт да адам тагдырын чечип коет. Беш мүнөт мурда келсе, өмүр менен өлүмгө араачы түшүп каласың. А беш мүнөт кечиксе, өмүрүн сактай албай өкүнүп каласың. Илим, билим өнүгүп, адамдардын акылы өскөнү менен өкүнүчтүүсү медициналык сабаттары ушул күнгө чейин жоюла элек. Кыскасы, адамдардын аң сезими 58 жыл мурдагыдай эле сезилет. Аны-муну сыйпасаң айыгып кетет десе, кошунасы же дагы башка бирөөлөр айтканды шыбанып, акыбалы күндөн күнгө начарласа да, үйүндө жата беришет.

- Эл арасында аттуу-баштуу адамдардын бешөөсү сиздин клиникадан өлүп кеткен дешет...


- Кызым, ушул сөзүңө бир мисал менен жооп берейин. Бир жолу профессор Жапаров чакырып жатат дегенинен үйүнө бардым. Шишип кетиптир. Тааныштары "аны шыба, муну ич" десе ошолордун айтканын кылып жата бериптир. Билип туруп жата бергенине жиним келип, операциясыз сакайбайсың дедим. Ал "сенден беш киши өлүп кетти эле" дейт. Алтынчы кылып өзүңдү жазып кой деп беш киши тең сендей болуп, кечигип операцияга макул болбой жатып, каза болушкан деп кеткенге камындым. Кетпе деп жалынат. Акыры эпке келтирип түнү менен операция жасадым. Андан кийин дагы көп жашады.
Каза болгондордун бири Муратбек Рыскулов эле. Ал апендицит болуп, жарылып кетсе да, кыйналып үйүндө жата бериптир. Ооруп жатканын угаар замат ооруканага алып келип болгон аракетимди жумшадым. Ал киши деле өлөөрүн билгенсип, "Болгон аракетиңди жумшадың. Сени жаман атты кылып кете бермей болдум окшойт" деди. Андан көп өтпөй чач тарачтан чачымды алдыртып жатсам, чач тарачтар бири-бири менен "Эл артисти Муратбек Рыскулов каза болуптур" дешип сүйлөшүп жатат. Уккан кулагыма ишенбей көзүм тунарып, жыгылып кете жаздадым. Эшикке чуркап чыгып, бакка жөлөнүп туруп калдым. Артымдан тигил киши "Чачыңды алып бүтө элекмин" деп чуркап чыкты. Эртең аласың деп басып кеттим. Ичим абдан ачышты. Мыкты киши эле. Өтүшүп кеткенинен өмүрүн сактай албадым.
Ал киши каза болгондо Усубаливдер үйүнө барып, сыягы врачтардын айынан каза болду дешсе керек. Кемпири Сабира Күмүшалиева эстүү эле. "Мамбетте кенедей да күнөө жок. Өзү Мамбетке айтпагыла деп үйдө жатып, өтүштүрүп алды" дептир.

- 58 жылдан бери операция жасагандан чарчап, тажаган жоксузбу?

- Мен ушул күнгө чейин канча саат тикемден тик турсам да, операция жасагандан чарчабайм да, тажабайм. Суткасына 3 саат уктасам уктайм, уктабасам жок. Бирок, абройлуу киши түшүп, туш-туштан көзөмөлдөгөндө күнү-түнү ошонун жанында олтуруп, тынымсыз телефон чалуулар болгондо гана чарчайм.
Анан да менин кан басымым 90-60тан ашпайт. Температурам 36га жетпейт. Муну эч бир врач түшүндүрө албайт.

- Кокус врачтардын билбестигиненби же шалаакылыгынанбы айтор, адам өмүрү кыйылып кетсе, аларга кандай чара көрөсүз?

- Эгер чындап эле оорулуу врачтардын айынан каза болуп калса, мен кыжаалат болмок турсун, ал врачты бул жерде иштетпей коем.

- Адам өмүрүн сактап, түйшүктүү ишти аркалап, 83 жашка келдиңиз. Бала кезде кыялданган бийиктиктердин баарын багынта алдыңызбы?


- Мен ойлогон максатыма, тилеген тилектериме жеттим. Жетсем деп кыялданган бийиктикти багындырдым. Кудайга шүгүр, телегейим тегиз. Кичинекей клиниканы борборго айландырдым дегендей. Ошондой эле республикабыздагы хирургдардын 90%ын тарбияладым. Ошондуктан тобоо кылам.
- Бул жашоодо эмнеден коркосуз?Дегеним, көп киши өлүмдөн коркот.
- Эгер мен коркок болсом ушул күнгө жетпейт болчумун. Менин басып өткөн жолумда түрдүү кыйынчылыктар болду. Өжөрлүгүмдөн, тайманбастыгымдан, коркпогонумдан ушул күнгө жеттим. Коркок болсом мени эчак жоготмок. Бетке чабар, оройлугум менен көп кыйынчылыктарды жеңдим. Өлүмдөн коркосузбу деп жатпайсыңбы. Өз эрки менен өлөйүн деген кишини ушул күнгө чейин бир да жолу көргөн жокмун. Дегеним, мага 90 жаштан 112 жашка чыккандар да кайрылган. Бири да тынч эле өлөйүн дешкен эмес. Жан деген таттуу тура. Бир жолу 112деги кемпирди операция кылайын десем балдары "операцияны көтөрө албайт" дешти. Тиги кемпирге балдарың макул болбой жатат десем. "Балам, мен ооруп жатам. Менин ичим ооруп жатат. Операция кыла бер" деди. Бактыга жараша операциядан кийин сакайып кетти. Балдарына ушул жолу кутулсак дедиңер эле. Кутула албай калдыңар дедим (күлүп).

- Эмнени жек көрөсүз?

- Калп айтканды жана кечиккенди жаман көрөм. Менин мүнөзүмдү билгендер калп айтпайт жана эч качан айткан убагынан кечигишпейт.

- Ушундай жетишкендиктериңиз үчүн кимге ыраазысыз?


- Биринчиден, "үрүп чыгаар итиң жок, короосунда чычкак улагың жок" деп биринчи сүйгөн кызымды бербей койгон апасына ыраазымын. Анткени, ал киши эч нерсеси жок, кызын мага ыраа көрбөгөнү үчүн ушундай бийиктиктерди багындырдым. Ал көңүлүбүздү кыя албай эөөбүздү үйлөндүрүп койсо, анда мал багып, айылда эле калат элем. Ошон үчүн ошол кишиге ыраазымын. Экинчиден, тогузунчу классты бүтүп, окубас оюма койбой армияга чакыртып, мени коркутуп, 10-классты бүтүргөнү үчүн ошол директорго ушул күнгө чейин ыраазымын.
Үчүнчүдөн, бул жердеги профессорума ыраазымын. Анткени, ал киши менден "Бишкекте эле каласыңбы же айылга кетесиңби?" деп сурады. Бул жакта калып иштегим келгенин айттым. "Орой, эч кимбе баш ийбейт" деп жамандап менин клиникада калышыма тоскоолдук кылгандарына карабай мени алып калды. Билгенинин баарын үйрөттү . Мени мыкты хирург кылып даярдады. Ошон үчүн ал кишиге өмүр бою чын дилимден ыраазымын.

- Сизге бул жашоодо кимдер менен достошуу буюрду?


- Бул жашоодо көп эле адамдар менен достоштум, жакшы санаалаш болдум дегендей. Алардын бири М. Миррахимов эле. Экөөбүз абдан ынак болчубуз. Бейиши болгурдун көзү өтүп кетпедиби.

- Сөзүңүздүн төркүнүнө караганда кайраттуу адам экенсиз. Акыркы жолу качан ыйладыңыз эле?

- Мен ыйлабаган бекем киши элем. Бирок, жаш өткөн сайын ыйлак чал болуп баратам. Биринчи жолу энем 87ге чыгып, өлгөндө ыйлагам. Экинчи жолу энем качан барсаң чөйчөккө суу көтөрүп, түкүртүп, башыңдан тегеретип айланта салган киши эле. Бир жылдан кийин барсам энем жашаган үй тымтырс. Ошондо сарайдын артына чыгып, өкүрүп алдым. Эстеген сайын муунуп кетем.

Ч. Кутманалиева,  “Асман пресс” гезити,  (Кыргыз гезиттеринин айылы),  17-декабрь, 2009-жыл
Дата обновления: 21.12.09 11:46

   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).