FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 29 июль 2010 ж.
Р.Отунбаева Баткен облусунун калкы менен жолугууда
 Бишкек, Zpress.kg.Президент Роза Отунбаева Баткен облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө аймактын калкы менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине Баткен облустук мамадминистрациясынын басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирет.

Анын айтымында, жолугушууда министрлик, ведомство жана айыл округдарынын жетекчилери, акимдер, коомдук жана өкмөттүк эмес… подробнее
Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери Т.Тургуналиевди сотко берет
 Бишкек, Zpress.kg. Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, президент Роза Отунбаеванын чечими менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин тегерегиндеги ызы-чууну иликтей турган комиссия түзүлдү. Комиссияны көз карандысыз адис, эколог Эмил Шүкүров жетектеп, 2-августка дейре чечим чыгарары күтүлүүдө. Топчубек Тургуналиевдин аталган агенттикти жетектешине… подробнее
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
Бишкек, Zpress.kg.  “АКШ Кыргызстандын элине жана өкмөтүнө  48,6 миллион долларды жардам катары  берет. Бул тууралуу  27-июнда болгон донорлордун эл аралык жыйынында айтылды”,-деп кабарлайт АКШнын элчилиги.
 “Донорлордун конференциясынын учурунда жана Ош областына барган иш сапардын жыйынтыгында АКШнын расмий өкүлдөрү бийлик органдарын этникалык  өзгөчөлүгүнө карабай баардык атуулдарга адилет мамиле… подробнее
Ош шаарында жана Ош областында өткөн суткаларда 51 кылмыш иши катталды
Бишкек, Zpress.kg.Өткөн суткаларда Ош областында жана Ош шаарында 51 кылмыш иши катталса, анын 23ү түштүк борбордо, ал эми 28и областын аймагында  болгон. Бул тууралуу Ош областынын комендантынын басма сөз кызматы кабарлады.
 Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен 24 кылмыш ишинин бети ачылды. Учурда  ички иштер органдары калк арасында түшүндүрүү… подробнее
CNN: Рекорддук көлөмдөгү гигант жылдыз табылды
Илимпоздор монстр -жылдызды табышты

Эгерде жакын болсо Жерди  күйгүзүп  жибере турган  Күн Айды тутулткандай биздин Күндү толук  тутулта турган жарык жылдызды элестетип көрүңүз. Бул монстр мейкиндиктин тээ тереңинде жайгашса дагы.
 
Бул жылдыз- кээ бир илимпоздордун астрономиялык кыялы эмес. Астрономдор аябай массивдүү жылдызды… подробнее
Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти
Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат.

Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полициянын кирүүсү тууралуу чечимге кандай карайсыз?
каршымын
колдойм
эч нерсе деп айта албай турам
   
30.07.09 17:35
“Өрнөктүү өмүр”: Иманаалы Айдарбеков

Жаңы ачылган “Өрнөктүү  өмүр” рубрикабызда окурман журтун Кыргызстандын  тарыхында өрнөктүү өмүрү менен өчпөс элесин калтырган  кыргыздын көзү өтүп кеткен белгилүү адамдарынын өмүр баяны, жасап кетен иштери  тууралуу тааныштырмакчыбыз


Кыргыз мамлекети менен улуттук интелегенциянын жаралыш жана калыптаныш тарыхында Иманаалы Айдарбековдун озгочо орду бар. Анткени ал бир катар жооптуу кызматтарда иштеген, эн негизгиси И. Айдарбеков Кыргызстандын иш жузундогу биринчи президенти (Революциялык комиттетин торагасы) болуп саналат. Кааласак да, каалабасак да тарых чындыгы дал ушуну айтат.
Иманаалы Айдарбеков 1894-жылы, азыркы Сокулук районунун Жал айылында, колунда бар, элге таасирдуу, башка жерге созу откон манаптын уй-булосундо туулган. Атасы Айдарбек Турдин ошо Кунтуу болуштугунун манабы болгон.

Ал алгач айылдык молдодон кат тааныган. Ушундан улам жана атасынын акылы менен билим алууга эртелеп умтулган. 1990-жылы  Пишпектеги айыл чарба окуу жайын буткон. Андан кийин Ташкендеги гидротехника мектебинен билим алган. Окууну бутуруп келген сон, Пишпек уездинин Архангельскиден жер которуп келгендерди отурукташтыруу башкармалыгынын начальнигинин тилмечи болуп иштеген. 1912-1918-жылдары болуштукка катчы,1918-жылдан ВКП (б)нын мучосу болгон. Ал кыргыздардын тарыхындагы ото кооптуу жана ачыктан–ачык козголон мунозундогу Аксуу (Беловодское), Нарын козголондорун басууга катышкан. 1918(19)-1921-жылдары Пишпек уездик Кенешинин Аткаруу Комитетинин торагасы, андан сон Токмок депутаттар Советинин мучосу, анын торагасы болуп шайланган. Кийин Кыргыз облусттук жер иштери болумунун начальниги, Жетисуу облустук Аткаруу Комитетинин торагасы кызматтарында эмгектенген. 1924-жылдын 14-октябрында Советтердин Бутсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясы РСФСРдин курамындагы Кара Кыргыз автономия облусун тузуу жонундо чечим чыгарат. Бул документ кыргыз эли учун тарыхый чечим болуп саналат. Анткени мамлекеттикке ээ болуунун, башка элдер менен тен укукта жашоонун алгачкы кадамы ушул документинин кабыл алынышынан башталган. Ушуга байланыштуу аталган жылдын 18-октябрында РКП (б) Борбордук Комитетинин Саясий Бюросу Кара Кыргыз облусунун убактылуу бюросун бекитет. Иманаалы Айдарбеков ушул партбюронун мучолорунун бири болот.

1924-жылдын 21-октярында РСФСРдин Бутсоюздук Борбордук аткаруу Комитети Кара Кыргыз автономия облусунун Революциялык комитенинин 17 адамдан турган курамын бекиткен. Ага И. Айдарбеков, Д. Зульфибаев, М.Янгулатов, М. Ботбаев, Б. Сарыбаев, Р. Расулов, И. Арабаев, Р. Кудайкулов, Ы. Тойчунов, М. Чанышев, А. Асылбеков, В. Квитколор мучо болушкан да, Комитеттин алгачкы торагасы болуп И. Айдарбеков дайындалган. Д. Зуьфибаев менен М. Янгулатов орунбасар болгон.

Ооба, дагы бир жолу кайталап кайра айталы, кыргыз элинин оз алдынча мамлекеттикке ээ болушу, анын юридикалык жактан таанылышы дагы бир тарыхый окуя менен байланышты. Ал 1925-жылдын 27-30-мартында, Пишпекте откон Кара Кыргыз автономия облусунун биринчи уюштуруу съезди болуп саналат. Ошол тарыхый-саясий окуянын алдында Орто Азияда тузулгон республикалар менен облустардын аймагын чектоо, ажыратуу зарылдыгынан улам убактылуу озгочо башкаруу формасы-революциялык Комитет тузулгон. Бул Комитет Советтердин уюштуруу съездин чакырып, жаны бийлик органдарын шайлаганга чейин мамлекеттик эн жогорку орган болгон. Ушундай кырдаалдан жана облус жаныдан негизделгендиктен Комитеттин биринчи торагасы  жогорудагыдай жол менен дайындалган.

1925-жылдын февраль-март айларында Советтерге шайлоо жургон. Ал ото курч жаатташууда, кызыл чеке чыр-чатактар менен откон. Бул айыгышкан жаатташуу негизинен эки топтун Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Юсуп Абдрахманов башында турган жаштар аталган санаалаштар менен Рахманкул Кудайкулов, Дуйшонаалы Бабаханов жетектеген аксакалдар саналган топтордун ортосунда жургон. Ушундай кыл чайнаткан курч кырдаалдын айынан айрым болуштуктардагы шайлоолор узгултукко учураган, уруш чыккан, жаатташкан топтордун адамдары чабышкан фактылар катталган, аткаруу комитеттери куч менен, зордук-зомбулук менен таркатылган, ал жерлерде кайрадан  шайлоолор жургузулгон. Айыгыша атаандашкан курч кырдаалдан сон, 1925-жылдын 27-30-мартында Кара Кыргыз автономия облусунун биринчи уюштуруу съезди откон. Кара Кыргыз автономия облусунун Аткаруу Комитетин съезд бекиткен. 31-мартта Аткаруу Комитетинин биринчи сессиясы болгон. Анын 11 адамдан турган президиуму шайланган. Кара Кыргыз автономия облусунун Аткаруу Комитетинин президиумунун торалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган.
А. Орозбековдун шайланышынын бир канча себептери бар. Негизгиси кедей табынын окулу, эл менен, жаатташкандар менен жакшы суйлошо алган.
Торагалыкка И. Айдарбековдун кандидатурасы да сунуш кылынган. А бирок, аны жаатташкандар манап тукуму, Москваны уйкудан улам ойготкон “отузчулардын” тобундагылардын адамы, эски бийликке кызмат кылган деген айыптоолор менен четке кагышкан. Абдыкерим Сыдыковдун ойлоп тапкычтыгы бул жолу да утуп кеткен.

И. Айдарбеков андан кийин ар кандай кызматтарда иштеген. 1926-1929-жылдары Кыргыз АССРинин женил онор жай жана соода эл комиссары, 1929-1934-жылдары Юстиция эл комиссары жана республиканын башкы соту болгон. Отушкон катуу оорусунун айынан улам ал кызматынан оз эрки менен кеткен. А бирок, а кезде кырдаал канжар мизиндей курч болуп калган эле. Россиянын кандуу ченгээли кыргыз жерин мыкчып калган. Ооба, арадан уч жыл откон сон, 1937-жылдын 4-сентябрында “эл душманы”, “Совет бийлигине каршы турган, аны Кыргызстанда кулатуу иш-аракеттерин жургузгондордун бири, буржуазиячыл улутчул, контрреволюционер” катары камакка алынган.

Иманаалы Айдарбековду суракка алган тергоочу контрреволюциялык уюмдун максат-ишин дагы бир жолу далилдеп, анын делосуна мындай аныктаманы тиркеген: “Бул уюмду Англия менен Япониянын окмоту туздон-туз колдогон, жана такай каржылап келген. Зарыл учурда алар башка да жардамдарды корсотуп, курал-жарак менен камсыз кылмак болгон.  Анын эл дкшманы катары ишмердиги тергоо кагаздарында 1917-жылдан башталган деп жазылган. Ага коюлган куноонун дагы бири “Аламудун гидростанциясы Фрунзеге булгаары заводун куруу” болуп саналат. А бирок,

Айдарбековдун контрреволюциялык иш-аракетин далилдеген документ жок, куболор да аныктап же аргумент келтиришкен эмес.

Албетте, Айдарбеков жогорудагыдай айыптоолордон баш тарткан, а бирок анын айткандары  жаза-сурак менен четке кагылган. Анын кылмыш иши боюнча сакталган архив кагаздарында ошо 1937-жылдын сурак жургузуу жана тагылган куноону мойнуна алдыруу ыкмасынын муноз-маанайын толук чагылдырат. Ошондуктан кылдат жымсалданып жасалган кылмыш ишин “чын ниети менен моюнга алгандыгын” ырастаган айыпталуучунун кол койгондугу кайра-кайра шектенууну туудура берет. Ал кандай кыйноонун, кандай азап тартууну, олуп кайра тирилууну, анан да аман калсам экен деген жансооганын натыйжасы гана болгону айтпаса да тушунуктуу.
Иманаалы Айдарбеков 1938-жылдын 5-ноябрында ССР Жогорку сотунун аскердик трибуналынын атайын кочмо сессиясынын окуму менен атууга кеткен. Соогу Чонташтагы Атабейитте. 1958-жылы акталган.
Самсак Станалиев


Дата обновления: 16.09.09 12:23

Материалы по теме
30.07.09 18:01 “Өрнөктүү өмүр”: Сүймөнкул Чокморов
30.07.09 17:48 “Өрнөктүү өмүр”: Узакбай Абдукаимов
   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).