|
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж. |
|
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты. “Аталаган… подробнее |
|
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү. подробнее |
|
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери тарабынан үч күндүн ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында жазылган. 3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг. баңгизаты менен кармалган. 4-сентябрда Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее |
|
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды. КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее |
|
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее |
|
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо. Эгемендүүлүк... 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү. Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее |
|
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее |
|
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
“Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты. “Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее |
|
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее |
|
Башкы окуялар
07.09.10 14:30
Кыргызстандын президенти саясий партиялардын лидерлерин элди өз максаттары үчүн кагылыштырбоого чакырды
07.09.10 13:38
БШК “Замандаш” жана “Афганистандагы согуштун жана башка локалдык конфликтердин ардагерлери” партияларынын тизмесин каттады
07.09.10 11:47
Азимбек Бекназаров ууланып ооруканага жеткирилди
InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
|
19.07.10 09:14
“Супер-инфо”: Ааламды “Күүгүм каптоодо
“Оо-уу, бир жыл кантип күтөбүз?” деп кейиген “Күүгүм” фильминин фанаттарынын бактысына аталган тасманын уландысы жарык көрдү. Ошентип, “Күүгүмдүн” 3-бөлүгү триумф менен кайрадан назарыңыздарда.
КЫСКАЧА... Белла жашаган Сиэтл аймагында табышмактуу өлүмдөр көбөйөт. Жаңы жаралган вампирлер адамдарды кырып, өздөрүнө армия түзө башташат. Мунун башында сүйгөнү үчүн өч алгысы келген Виктория турганы Каллендердин үй-бүлөсүнө маалым эле. Белла Эдварддан өзүн вампирге айлантуусун суранат. Ал эми буга чейин досу болуп келген Жейкоб да ага сүйүүсүн билдирип, Эдвардга турмушка чыкпоосун өтүнөт. Белла эки оттун ортосунда калат. Аны жалындап сүйгөн эки жигит тең жүрөгүнө жакын эле. Эки жигит бирин-бири жек көргөнү менен, Белла үчүн келишимге барып, вампирлер менен кубулма кишилер (оборотень) жаңы жаралган кан ичерлердин армиясына туруштук беришип, Викторияны өлтүрүшөт. Эдвард кандуу согуш башталар түнү Белланын колун сурап, алардын үйлөнүү тою жакынкы күнгө белгиленгени менен фильм аяктайт. ЭКИ КОЧУШ ЭРОТИКА, БИР ЧАЙ КАШЫК ЮМОР Тасманын жаратуучулары убадага ушунчалык бек экен. Айтылган датадан бир күн да кечиктирбей, “Күүгүмдүн” фанаттарына жаңы тасманы тартуу кылышты. Албетте, тасмада бир катар өзгөрүүлөр бар. “Summit Entertainment” студиясы тандагандай, үчүнчү тасманын режиссёру да Крис Вайс болмок. Бирок анын убактысынын тартыштыгына байланыштуу Девид Слэйд үчүнчү бөлүмгө режиссёрлук кылды. Девид Слэйд өзүнө таандык юморду жана көбүрөөк эротиканы кошкону киносынчылардын көз жаздымында калган жок. Тасманын бет ачарынан кийин “Девид, азамат!” деген жарнамалар көчөлөргө илинип калганы буга далил боло алат. “Күүгүмдүн” 3-бөлүгүндө Викториянын ролун ойногон актриса алмашып, Рашель Лефеврдин ордуна Брайс Даллас Ховард аткарган. Бирок бул алмаштыруу кино сүйүүчүлөрдүн иренжүүсүн жаратты. Маалыматтарга караганда, “Күүгүмдө” тартылып жүргөндө эле Рашель Лефевр “Барнинин версиясы” аттуу тасмага тартылууга келишимге кол койгон. Мындай чыккынчылыкты кечире албаган кино жаратуучулар ролду башкага бергенге аргасыз болушкан. Баса, үчүнчү “Күүгүмдөгү” музыканын өзгөчөлүгүн сезүүгө болот. Фильмдин саунтрегин композитор Ховард Шор жазганы белгилүү болду. Аталган тасма 65 миллион доллар каражатка тартылган. Тасманын бет ачар күнү дүйнөлүк прокаттан 950 миллион доллар киреше түшкөн. КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР Башкы каарманды ойногон Кристен Стюарт үйүндө чыныгы карышкырды багат. Муну апасы белек кылган. Ушундан улам “ал Тейлор Лотнердин сүйгөндүктөн, анын образын өзү менен алып жүрөт” деген ушак чыккан. Жакында “Күүгүм” кантип тартылган?” деген документалдуу тасма жарык көрөт. Анда актёрлор, тасманын кыйынчылыктары тууралуу кеңири айтылат. Стефани Майер үчүнчү бөлүмдөгү Сет аттуу кубулма карышкырды өзүнүн уулунун ысымынын атынан койгон. ЖАҢЫ МОДА. СҮЙӨСҮҢБҮ? АНДА ТИШТЕ! "Күүгүмдүн" таасири ушунчалык, вампир темасы жаштарды өзгөчө кызыктырып, ал тургай америкалык өспүрүмдөрдүн арасында сүйүүнү билдирүүнүн жаңы түрү пайда болду. Өспүрүмдөр бири экинчисинин моюнун тиштеп, өзүнүн сүйүүсүн жана туруктуулугун билдирүүгө өтүшкөн. Кызык бекен? Мына сага вампиризм! Коомчулукту тынчсыздандырган маселе – вампирликти жаштар өзгөчөлүк, мыктылык деп түшүнгөнүндө. Психологдор "тасма балдардын писихологиясына терс таасир берет" деп коңгуроо кагып башташса, дарыгерлер бирин-бири алкымдан тиштөө медициналык жактан да коркунучтуу экенин айтышат. “КҮҮГҮМДҮН” ФАНАТТАРЫ КИНОТЕАТРДА ТҮНӨШКӨН “Күүгүм-3түн” бет ачары Лос-Анжелес шаарында болуп өткөн. Бул маалымат дайын болгондо эле кинотеатрдын алдына чатырларды тигип алып жашашкан. Бул жер кийин “чатырлардын шаарчасы” деген атка ээ болгон. Ашынган фанаттардын эмгегин сыйлап, кино жаратуучулар үч түн түнөгөн 550 адамга сыйлык беришкен. Ал эми Орусияда бет ачары болор күнү билеттер жогорку баада болгонуна карабай сатылып кетип, бир күндө 122,5 миллион рубль киреше түшкөн. “Бир күндө мынча билет сатылып кеткен окуя Орусияда буга чейин болгон эмес” дешүүдө оозун ачкан киносынчылар. БИР ФАНАТЫ ДҮЙНӨ МЕНЕН КОШ АЙТЫШТЫ Жаңы Зеландиянын 23 жаштагы тургуну аталган тасманы көрүп отуруп бул дүйнө менен кош айтышкан. “Ден соолугу чың, кечки сеанска кирген жигиттин өлүмүнө тасма себепкер болгон” деген ойду айтышууда. Анткени ал улам тура калып берилүү менен көрүп жатканына айрымдар күбө болушкан. КАЙРАН ТИЛИМ КОР БОЛДУ Аталган тасманын "Россия" кинотеатрына илинген жарнагы ката жазылганын көрүп, бул тууралуу бир канча ирет жазганбыз. “Россия” кинотеатрынын жетекчилиги мындай нерселерге эмнеге көңүл кош мамиле кылып жатышат?" деген суроого жооп издеп ал жакка жол алдык. Кинотеатрдын директору жок экенин угуп, жооптуу адамына кайрылсак: “Мамлекеттик тил комиссиясы бизге ушул котормону берген”,- деп кутулду. Бирок аталган котормону бизге көрсөткөн жок. Кинотеатрдын кызматкерлери бул маселени чымын чакканчалык көрбөгөндүгүн байкап, таң болдук. Кыргыз тилин барктабагандардын айынан кыргыз тили кор болуп, “Күүгүм” тасмасы “Күүчүн” болуп канчага турар экен? "Элим-тилим" деп трибуналарда ооз көптүргөндөр эмнеге унчугушпайт? Мэриячы? Нуржамал Жийдебаева, “Супер инфо” гезити,16-22-июль, 2010-жыл koom@super.kg
Дата обновления: 19.07.10 13:17
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



“Супер-инфо”: Ааламды “Күүгүм каптоодо

