|
Бүгүн 09 сентябрь 2010 ж. |
|
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү. подробнее |
|
Бишкек мэриясы жаңы троллейбустарды алуу үчүн Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат
Бишкек, Zpress.kg. Бишкек мэриясынын маалымат жана жарнак департаменти кабарлагандай, Дүйнөлүк банк менен 60 троллейбус алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат. “Сүйлөшүүгө ылайык кредит берүү каралат жана анын 30 пайызы гранттык негизде болмокчу. Кредитти кайтаруу мөөнөтү 10 жыл”,-деп белгилейт мэрия. Учурда Бишкектин троллейбус башкармалыгында 107 троллейбус иштеп жатат, анын… подробнее |
|
“Түндүк электр” ААКына абоненттер 314 млн. сомдон ашык карыз болушкан
Бишкек, Zpress.kg. Бүгүнкү күндө “Түндүк электр” ачык акционердик коомуна болгон абоненттердин карызы 314 млн. 237 миң сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Муну менен катар компания белгилегендей дебитордук карыздын азайыш тенденциясы байкалууда.Өткөн айдын башына салыштырганда колдонуучулардын дебитордук карызы 10 млн. 185 миң сомго азайган. подробнее |
|
"Азаттык”: “Андаш” кени: пайдасы бар, зыянын ким айтат?
Таластагы “Андаш” кенин ишетүүгө жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мурдагыдай эле каршы болушууда. Алар муну экологиялык коопсуздук маселелери менен байланыштырууда. Бирок кенди иштеткени келген жаңы компания экологиялык коопсуздук тууралуу сөз кылуу азырынча эрте деген ишенимде. “Андаш” кени Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын аймагында жайгашкан. Сүйөркул Сманкулов “Андаш” кенинин… подробнее |
|
Баткенде Пүлгөн-Көк-Талаа жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды
Бишкек, Zpress.kg. Кечээ Баткен областындагы узундугу 14 чакырым болгон Пүлгөн-Көк-Талаа жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды. Бул тууралуу Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Жаныбек Исаков билдирди. Ж.Исаков белгилегендей, өзбек аклавдарынан өтүүдө жергиликтүү жашоочулардын тартип бузуу учурлары дайыма болуп турат. Ушул кезге чейин… подробнее |
|
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
“Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты. “Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее |
|
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее |
|
Башкы окуялар
09.09.10 12:54
“Азаттык”: Ош окуясынын катышуучусу 23 жылга кесилди
09.09.10 12:37
Россияда Кыргызстандын 385 миң атуулу бар
InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
|
21.04.10 12:05
Дүйнөнү дүңгүрөткөн бир күн
7-апрелде жайбаракат Саякбайды жазайын дегем Кыргыз окуясы чагылгандай тез өнүктү. Апрель жаз айынын адаттагы жетиси эле. Быйыл жаз көп жылдардан кеч жакындоодо. Ооба, айтылуу жетинчи апрелде күн кыйла эле бүркөлүп, түндө жааган жаандан асман булуту таркай албай турду. Мындай олуттуу окуя бүгүн болуп кетерин эч ким деле болжобосо керек. Көбүбүз быйыл жаздын жаанчыл болгонуна адам катары чыдамыбыз кетип: - Жаз келип, күн жаркып тийсе экен, - деп ак тилектен күдөр үзбөй жүрөрүбүз бышык иш го. Эртең менен телефондон убадалашкан боюнча Тарыхчы Чорчоевдин үйүнө сапар тарткам. Колумда отуз жылдан бери калемиме калемдеш, сөзүмө сүрөөндөш болгон айтылуу бешинчи репортер. Оо, бул байкуштун да эскилиги жетип калды. Ага Чорчоев көп көрүп, көп аралашкан Саякбай Каралаевдин кылык-жоруктарын жазып коёюн деген ой менен бараткам. Улуу манасчы Саякбайдын таланты эле эмес, баскан-турганы, а түгүл сөгүнгөнүнө чейин жазайын дегем. "Айланып, секетиң кетейин, ыйыгым, мыйыгым, кушум, бүркүтүм, алгырым" деп куштарына чейин жалбарганына, өпкүлөгөнүнө чейин көргөн Чорчоев сыяктуу адамдардан жазып койсок, кийинкиге табылгыс байлык болорун айтып кайталап отургум келбейт. Такемдин үйүнө барып, жогоркуларды сүйлөшүп отургуча шаарда абал тынч эмеси жөнүндө кабарлар келип, Саякбай жөнүндө эскерүүмдү кийинкиге жылдырып, жөн-жай олтуруп сүйлөшүп калдык. Жайбаракат күн алааматка айланды Аңгыча Тарыхчынын уулу Талант: - Жогорку Чүй көчөсү менен ары жак, бери жактагылардын баары чогулуп, кылкылдаган көп киши Борбордук аянтты көздөй агылып баратканын айтып, "мен дагы эл катары аянтка барамын" деп камынып жөнөп кетти. Арадан бир сааттай өтүп, саат 13төр чамасында Тарыхчы Ала-Тоо аянтына кеткен уулу Талантка уюлдук телефон аркылуу: - Сен кай жакта жүрөсүң? Ала-Тоо аянтындасыңбы, ал жакта абал кандай, чогулушкандар көбөйүп жатабы, же аба-ырайына байланыштуу таркап жатышабы,- деп биринин артынан бир суроону жаадырып жатты. Уюлдук байланыш аяктаган соң Тарыхчы бизге: - Ала-Тоо аянтында элдин чогулганы күчөгөндөн күчөп жатат, көпчүлүгү жаштар, Ак үйдүн алдына чогулушкандар тарай турган түрлөрү жок. Мен да алардын катарында турам. Аларды "силер, анткиле, минткиле" деген да жан жок. Эмнегедир окуянын чыңалышы пастай турган түрү жок, -деп уулу кабарлаганын айтып калды. Биз ушундан соң эч ким митингди башкарбаса, күн кечтегенде туруп эл өзү тарап кетер деген ойдо турдук. Аңгыча Талант телефон аркылуу: - Ата быякта ок атуу башталып жатат. Ага карабай элдин топтолушу 13, 14 чамасындагыга караганда кыйла арбыды. Убакыт жылган сайын атуулар күчөп жатат,- дегенин угуп кабатыр болуп калдык. Көрсө, көзгө атар мергенчилердин адамдын канын агызуу "өнөрү" саат 14тө эле башталган экен. Ал токтобой отуруп бүгүнкү күнгө 84 адамды алып кетти. Кеп кан агызуу канча саатка созулса да анын өтө ыкчам жана каргашалуу болгону өтө кейиштүү. Балдардын убалы Бакиевдерди уктатпайт Ушинтип жетинчи апрель аяктап, сегизинчи апрелдин таңы атып келатты. Түнү менен телевизордон 30 киши өлдү, 50 киши өлдү деп айтылып отуруп, таңга карай 75 кишинин өлгөнү дайын болду. Бул кабар Кыргызстандан соң бүт дүйнөгө желдей тарады. Элибизде жамандык жерге жатпайт" деген улуу сөз бар. Анын үстүнө замандын маалымат кеңдиги буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Эмне дейли, болор иш, адам баласынын оюна келгис кылмыш кыргыз борборунда, болгондо да Ала-Тоо аянтында болуп өттү. Бул макаланы жазып жатканда шейит кеткен 84 азаматтардын бирөөнүн да атын, өңүн тааныбайт элем. Бирок, тааныган, билген жакындарымдай жаным сыздап жатты. Ошолордун ичинен эки-үчөө эле 55, 56 жашта, калгандары 16 менен 30 жаштын ортосундагы кырчындай азаматтар болуп жатпайбы. Мына ушул кырчындай кыргыз жигиттеринин убалы "Мен мыйзамдуу президентмин!" деп көкүрөк каккан Бакиев менен 5 жыл анын жанында күн көрүшкөндөрдү кантип уктатат? Эч уктатпайт! Мындан да жаманы Ак үй менен анын чокусуна тизип таштаган адам түрүндөгү кан ичкичтер өздөрү эле барып, колдорунда жарты таягы жок элге ок жаадыра башташпадыбы? Ал кан ичкичтерди кимдер долларга маарытып жана кайдан жалдап келишти? Суроо, суроо, толгон-токой бүтпөгөн суроо. Укум-тукумуна өткөрөм деген бийликте 5 жыл тура албады Ошол эле кыргыз атам: "Калптын казаны кайнабайт", - деп калпычынын өзү эмес, казанына чейин айтып салган экен. Баса, Бакиевдин казаны 5 жыл боркулдап кайнап келбеди беле? Ал акылында дагы 500 жыл кайнатам, бүт укум-тукумума бийликти өткөрүп бергидей кылам деп ойлоду да. Көрсө, ар нерсенин чеги, мөөнөтү болот тура. Эми минтип казаны оттон түшүп, кара жанды канткенде сактап каламдын амалын ойлоп, кара башын алакчылоодо. Оо, амалың менен аңга түш, -деген кыргыз тилиндеги каргыштын кандайы гана айтылып жатат. Аттиң, Касымалы Жантөшевдин "Мендирман" дастанындагы каргыштын калыбынан бузбай келтирсем болор эле. Алдамчыны, өзүмчүлдү азоону, Кыргыз бүгүн кубалады ажону. Ушул күндөн жакшылыкка жанашып, Баштаса экен, нак жакшына жашоону. Дагынкысын чоң кудайым жалгаса, Нысап кылып, көр дүйнөгө барбаса. Ушул гана бирдин, миңдин тилеги, Эл, жерине ак мээнетин арнаса. Андан ары бирин-миңге уласа, Жаркын күндөр, жарык ойлор чубаса. Ар ишине эли болуп ыраазы, Ак тилеги ак пахтадай буласа. Буласа экен ак сүтүндөй эненин, Эч бир калыс өлчөй алгыс ченемин. Тарчылыктар жакындабай алыстап, Ар таланттар өркүндөтүп өнөрүн. Бейкут турмуш кечеңдебей келсе экен, Март, берешен кең пейилдик жеңсе экен. Кой үстүнө жумурткалап торгою, Элим элдей жакшылыкты көрсө экен. Жашаса экен кыргыз элим кыйналбай, Күн асмандан күлкү чачып тургандай. Үчүнчү ирет келген ажо кут болуп, Башкарса экен башкалардай булганбай. Ата-Бейитте Эл толкунуна айла жок экен? 2010-жылдын онунчу апрели Чоң-Таштагы "Ата-Бейит" аймагына миңдеген-миңдеген адамдар (кыргыздар) чогулуп келишти. Бу чогулуштун чоо-жайы да белгилүү эле. Ала-Тоо аянтында жан таслим болушкан, учкан окко көкүрөгүн тосушкан азаматтарды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү байыртадан кыргыз салтына негизделди. Буерге келишкендердин бирөөнө да сен бар, сага акча беребиз, -деп эч ким жалдаганы жок. Кеминде 30 чакырымдан алыс аралыкка ар жандын өз жүрөгү, өз намысы жетелеп барышкан тура! Менин жеке баамымда бакиевчилерден бирөө да барышпады. Алар мунун тескерисинче ичтеринен кан өтүп бийликтен, айлыктан, байлыктан айрылышкан көшөкөрлөр, көздөрү дүйнөгө тойбогон шылуундар, ичтерине кара таруу айланбаган дүйнөсү тарлар гана барышпады. Ал эми калган бүтүндөй кыргыз журту теле көрсөтүүдөн карап, радио берүүлөргө кулак түрүп турушту. Эми бурге келишип баштарынан өткөзүп жатышкандардын ар бири өзүнчө наалат айтып, кан төгүп 80 ден ашык жаткандардын өмүрүн кайышкандарды колдон келсе эки чайнап бир жуткулары келишкенин жашырышпас абалда эле. Дүйнө дүң болду Ушул окуяны, бу көрүнүштү дүйнөдө 500го жакын телекөрсөтүүлөр менен радио уктуруу станциялары Азиядан, Европага таркатып жатышты. Демек, ушул аркылуу кыргыздын кайраты, айбаты, акылы, намыс-ары дагы бир ирээт өтө оор кайгысы даңазаланып жатты. Бул жөн эле курулай мактаныч эмес. Баса, кезинде тактап айтканда 1917-жылы Россияда болгон Октябрь төңкөрүшүнө көз салып турган америкалык Джон Рио аттуу журналист "Дүйнөнү дүңгүрөткөн он күн" деген аталышта саясый публицистика менен Октябрь дүйнөгө кабар айтпады беле. Ооба, арадан 90дон ашык жылдар өтүп байыркы кыргыз жеринде бугу айынын жетисинде дүйнөнү накта дүңгүрөткөн бир күн өтпөдүбү? Өткөндө да кандай өткөнүн жана ал кандай улантылып жатканын көрүүчү көрүп, угуучу угуп отурушпайбы. Ушул эле оюбузду дагы улап: 2010- жылдын 8-апрелинде Маскөөнүн "Эхо Москвы" радио үн алгысындагы бир маекке көңүл бургум келет. Анда алып баруучу: - Кыргызстанда 7-апрелде болуп өткөн Революция Россияда да болушу мүмкүнбү деген суроого маекчинин жообу мындай болду. - Өзүңө көптөн белгилүү Россия аймагында 140 миллион жаран жашайт. Кыргызстанда 5 эле миллион кыргыз бар. Ошол кыргыз 140 эмес, 40 миллион эле болуп Россияга көчүп келсе, бул сыяктуу төңкөрүш болушу толук мүмкүн деген жоопту угуп таңданып турдум. Жетисинде шаршембинин күнүндө, Ырыгытылды ноктолоо же жүгөндөө. Өз жеринде кан агызып бир канкор, Бул чындыкты болбой калды төгүндөө. Бир кыргынды миллиондор көрүштү, Көрүштү да көптөр жашын төгүштү. Эр көкүрөк Чолпонбайдай балдардын, Эрдигине баары таазим беришти. Ок чуулдап учуп жатты Ак үйдөн Ала-Тоо аянт, жаштар каны төгүлгөн Төгүлсө эмне, төгүлөт да дегенсип, Атып жатты арсыз айдан семирген. Аткыч көзү көпкөкпү же чекирби, Ал жан алгыч неге мынча эсирди. Себеби ал жаалданган канкор кул, Уруп койбос убал деген кесирди. Чыгышкандай намыс менен жекеге, Атышты алар, кол, бутка эмес чекеге. Жана дагы жара соккон жүрөктү, Болуп жатты тоо-түздө эмес көчөдө. Болгондо да ыйык калаа-борбордо, Болгондо да жандуу көчө, чоң жолдо. Ак үй өзү кара көөгө айланып, Түшүп турду түрөпөтү ойронго. Ойрон, ойрон элин аткан бул ойрон, Чирик бийлик, көр дүйнөгө кул ойрон. Аргаң кетип, ала качып жаныңды, Чыга албай жатканың чын корооңдон. Ак үйүндүн короосунан төргө өттү, Жоош кыргыз жоондугун көргөздү. Сен алардын жүзүн, миңин атсаң да. Тике карап: -Тарт колуңду сен!, - дешти. Элдин сүрү далайларды таңдантты. Кыргыз деми далай намыс, арды артты Бул кыргыздын карап көр деп кайратын, Кыйла жанды сыналгыла жардантты. Ыйык санайт кыргыз сандан жетини, Чындыгында анын арбын өтүмү. Кан соргучту жетисинде жемирип. Баш кийимин нак кийгизди тетири. Тенти Орокчиев, “Кыргыз руху” гезити, (Кыргыз гезиттеринин айылы), 16-апрель, 2010-жыл
Дата обновления: 21.04.10 12:05
Материалы по теме
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|




