FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж.
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты.
“Аталаган… подробнее
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан  Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү.
 


 подробнее
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери  тарабынан  үч күндүн  ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин  расмий сайтында  жазылган.
3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг.  баңгизаты менен кармалган.  
 4-сентябрда  Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин  жана кредиттердин көлөмү кыскарды.
КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы  Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар  арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо.

Эгемендүүлүк...


31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү.
Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды  текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
 “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал

АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери  кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты.
“Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана  маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
мурдагыдай эле колдонулат
колдонулбайт деп ойлойм
анча пайдаланылбайт
айта албай турам
   
25.12.09 12:02
Элдик мурастарды эсептөөчү мезгил келдиби?

“Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кытай эл республикасынын атынан киргизилиши октябрь айынан бери коомдо эң көп талкууланган маселелердин бири болду. Эл ичиндеги айрым адамдар коркунучтун коңгуроосун кагып, калктын көрөңгөлүү мурасын Кытайга тарттырып жибердик деп “күйүп-бышса”, айрымдары “Манас” эпосунун Кытайдагы кыргыздар атынан киргизилгендиктен тынчсыздануунун кереги жок экендигин айтып чыгышты. Окуянын жогорудай өнүгүшү кыргыздар үчүн “Манас” эпосунун баасы канчалык экендигин аныктагандай болду. Дал ушундай кырдаалда “Манас” эпосунун тагдыры жаштардарды ойлондурабы?
 

Окуя  кантип башталды?
22-октябрда Садык Шер-Нияз башында турган “Айтыш” коомдук фондунун өкүлдөрү ушул жылдын 30-сентябрында Абу-Даби шаарында өткөн ЮНЕСКОнун жыйынында “Манас” эпосу Кытайдын атынан бүткүл дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилгендигин, бул жөнүндө бир катар кытайлык маалымат каражаттары “Манас” эпосу кытайдын эң ири үч эпосунун бири катары сыпаттап жазып чыккандыгын жар салышты. Ошол күндөн тарта коомдо эпос жөнүндө ар кандай пикирлер айтыла баштады. Өз кезегинде 20-октябрдагы өкмөттүн түзүмүн реформалоого чейин өз өкүмүн жүргүзүп келген ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия өкүлдөрү бул маселе боюнча “Манас” эпосу Кытайда жашаган кыргыздардын атынан киргизилгендигин, бирок дүйнөлүк коомчулукта жаңылыш пикир жаралбашы үчүн ЮНЕСКОго кат жолдоп, репрезитивдүү тизмени кайрадан карап чыгууну сурангандыгын маалымдашты.
Жакында белгилүү болгондой, жолдонгон катка ЮНЕСКОдон жооп келип Кыргызстан жана Кытайдын атынан кайрадан сунуш кылууга макулдук берилип, бул үчүн 2010-жылдын 31-августуна чейин убакыт берилди. Бул убакыт аралыгында эпостун өзгө өлкө тарабынан адамзат мурастарына киргизилиши осол иш катары баалаган “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз “Манасты” тарттырып жиберсек маданий дүйнө эле эмес, кыргыз элинин жашоо-тагдырына да чоң жарака кетээрин айтып, бир катар иштерди жасоо менен элдин көңүлүн бул маселеге бура алды. Мындай пикирге коомдун көпчүлүк бөлүгү муюп, кошулушаарын билдиришсе да, экинчи жак катары буга каршы пикирлер да айтылды. Журналист Жаныбек Жанызак “Манас” эпосунун кытайдагы кыргыздардын эл аралык коомчулукка алып чыгууга толук акысы бар экендигин белгилеп, аларды айыптоого кажет жок экендигин айтат.
Чындыгында эле коомдо аты аталган окуянынын белгилүү болушу менен кытайдагы кыргыздардын дарегине бир топ айыптоо сөздөрү жолдонгон эле. А түгүл “Аалам” гезити кытайлык белгилүү окумуштуу Макелек Өмүрбайды “кытайдын тыңчысы” катары баалап, жазып чыгышты. Буга каршы жооп кылып Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов “Кыргыз Туусу” гезитинде жазган макаласында “Эгерде, биз кытайларга окшоп “Манас” эпосу боюнча чоң жыйындарды өткөрө албасак, дүйнө тилдерине которуп, жазып жайылта албасак, өзүбүз китептерди, варианттарды толук чыгаруу камын көрө албасак, анда бирөөлөргө доомат артпай, ичибиз тарыбай, өзүбүздүн арсыз, намыссыз бечара экенибизди туйсак, шорубузду сезип ардансак, ошондо жакшы болбойт беле?!”-деп жазып чыкты.
Маселенин тереңине үңүлүп карап көрсөк “Манас” эпосун Кытай мамлекети өзүнө энчилөөсү узак убакыт мурун эле башталгандай. 2002-жылы «China Daily» гезитинде «Манас» эпосу Кытайдагы тибеттиктердин «Гесер», монголдордун “Жангор” эпостору менен катар эң ири үч эпостун бири деп дапдаана жазылып турат. Анан калса , КЭРдин өкмөтү “Манасты” өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн 55 млн. юань өлчөмүндө каражат бөлүп, акыркы тирүү могикандардын бири болгон Жусуп Мамайдын вариантты боюнча 18 томдук китептерди басты.
Жаштар пикирин уксак

Мына ушундай карама-каршылыктуу кырдаалда улуу муундун өкүлдөрү кайчы пикирде болуп эпостун эртеңи жөнүндө миң толгонуп, талкуулап жатканда жаштар кандай пикирде?.. Бүгүн канчалык “күйүп-бышып” “Манас” эпосу баштаган көркөм дөөлөттөрдү ЮНЕСКОнун тизмесине жаздырган күндө деле муундар алмашуусунун натыйжасында өз баасын сактап, жашап кетиши бүгүнкү жаштардын жоопкерчилигиндеги иш. Бүгүнкүдөй ааламдашуу жараянынан улам медиа жана технологиянын жардамы астында аймактык алыстык деген түшүнүк четке кагылып, “Глобалдык айыл” абалына келген дүйнө түзүмүндө бирден-бир улуттун “паспорту” катары көрсөтүлүүчү көркөм дөөлөт болгон “Манас” эпосунун кимдин ээлигинде болушу жаштарды кызыктыруусу керек экендиги айтылып келет. Тилекке каршы, Кыргызстанда мектеп программасына киргизилип эпос жөнүндө сабактар өтүлгөнүнө карбастан, эпостун тагдыры эмес мазмуну жөнүндө маалыматы жок жаштар четтен кездешет. Бишкектик студент Талант Шерматов орус мектепти аяктагандыгына байланыштуу эпос тууралуу терең маалыматы жок экендигин, мындан улам анын кыргыздарга таандык болуп болбогондугу деле көп кызыктарбастыгын билдирди.
“Манастын” башка мамлекет тарабынан дүйнөлүк шедеврлердин катарынан орун алышына кайгырган жаштар да бар. Мындайларга “Ак шумкар Кут” жаштар бирикмесинин төрагасы Мирхамид Токтогул уулу “Азаттык” радиосуна берген маегинде каршы экендигин билдирип, бирок элдик мурасты сактап калуунун жолу катары аны кайсы-бир тизмеге киргизип коюу гана эмес, эл арасында күч колдонуп болсо жайылтуу керек экендигин айтат. Жакынкы күндөрү К. Карасаев атындагы БГУнун, Ж. Баласагын атындагы КУУнун, И. Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери бир катар жетекчилерге кайрылуу жолдошуп, “Манас” эпосуна арналган илимий-практикалык конференцияларды өткөрүп туруу демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул жаштардын эпос тууралуу биринчи уюшкан аракети болуп “муздун ордунан жылганынан” кабар бергендей.
Окуянын күңгөйүн жана тескейине карап жыйынтыктай келгенде АКШнын мурдагы президенттеринин бири Т. Рузвельддин таасын сөзү эске түшөт. Ал өз кезегинде “Бизди улуу мамлекет кылган биздин байлыгыбыз эмес, аны кантип пайдаланганыбызда” деген насаат калтырган экен. Анын сыңары кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосунун да эл арасында жашап же жок болушу кыргыздардын ага болгон мамилесинин чегинде чечилсе керек.

Бакыт Асанов, Кыргыз-Түрк “Манас” университети Коммуникация факультети  3-курс


Дата обновления: 25.12.09 12:02

Материалы по теме
11.01.10 16:53 Кыргызстанда 2010-жыл- Мурас жылы деп жарыяланды
   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).