FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж.
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты.
“Аталаган… подробнее
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан  Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү.
 


 подробнее
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери  тарабынан  үч күндүн  ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин  расмий сайтында  жазылган.
3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг.  баңгизаты менен кармалган.  
 4-сентябрда  Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин  жана кредиттердин көлөмү кыскарды.
КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы  Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар  арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо.

Эгемендүүлүк...


31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү.
Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды  текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
 “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал

АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери  кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты.
“Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана  маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
мурдагыдай эле колдонулат
колдонулбайт деп ойлойм
анча пайдаланылбайт
айта албай турам
   
26.02.10 17:25
Грециядагы элдик иш таштоо

Афинада миңдеген жумушчулар парламенттин имаратын көздөй жүрүш жасашты. Аэропорт сутка ичинде ички жана сырткы аба каттамдарын токтотту.
 Грецияда жалпы элдик иш таштоо болду. Мектептер, ооруканалар иштебей, коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурады. Бир суткалык иш таштоо өкмөттүн айлык акынын өлчөмүн тоңдуруу, салыктарды көбөйтүү сыяктуу антикризисттик чараларга каршылык билдирүү үчүн уюштурулууда. Афинада миңдеген жумушчулар парламенттин имаратын көздөй жүрүш жасашты. Аэропорт сутка ичинде ички жана сырткы аба каттамдарын токтотту. Темиржолдогу кыймыл токтоп, жүк ташыган поезддер станцияларда турат. Афинадагы метро, электричка, троллейбустар иштебей, таксилердин күнү тууду. Миңдеген адамдар Афинанын жана Салониканын көчөлөрүндө жүрүштөрдү жасады. Бул мезгилде грек өкмөтү менен Евробиримдиктин инспекторлорунун жыйыны болду. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында грек Каржы министри Йоргос Папаконстантинунун айтымында, өкмөт бюджет таңкыстыгын кыскартуу боюнча кошумча чараларга барышы мүмкүн.

Ачкачылыктан аркы дүйнөгө кетти

Өткөн жылдын ноябрь айында баштаган акциясы аягына чыгып, 85 күн тамак-ашсыз отурган кубалык Орланда Сапата ачкачылыктан каза тапты. Ал Кубадагы коммунисттик өкмөткө каршы аракеттери үчүн 25 жылга кесилип, 2003-жылдан бери абакта отурган. Анын негизги талабы түрмө шартын жакшыртуу, саясий айыпкерлерди абактан бошотуу эле. Эл аралык укук коргоо уюму аны "абийир туткуну" деп жарыялаган. Кубалык укуккоргоочулардын эсебинде, азыр түрмөдө дагы 200дөй саясий айыпкер отурат.

Америкалык айымдар эми суу астында кызматта

АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Аскердик деңиз күчтөрүндө кыз-келиндердин кызмат өтөөсүнө тыюу салынган мыйзамды алып салууну Конгрессте сунуштады. Алар министрдин бул сунушун 30 күндүн ичинде чечип берүүгө милдеттүү. Эгерде алар аталган тармакта кызмат өтөө укугуна ээ болсо, анда бир катар өзгөртүүлөр киргизилмекчи. Аялдар менен эркектердин жашаган жерин бөлүү, аялдардын машыгуучу аянттарын кайрадан түзүү иштери аткарылмакчы. Жалаң кыз-келиндерден куралган команда түзүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, командалар аралаш бойдон калат. АКШнын Аскерий күчтөрүнүн командири Жорж Кейзинин айтуусунда, аялдардын деңиз күчтөрүндө кызмат өтөөсүн колдоо керек. "Ирактагы жана Афганистандагы согушка аялдардын кошкон салымы зор. Андыктан аскер кызматтарына аялдарды аралаштырып, кадрдык жүрүштөрдү жасоого мезгил жетти",-деп эсептейт командир. Эске сала кетсек, америкалык айымдар аскердик кызматка 1901-жылы "Медсестралар" корпусу негизделген мезгилден баштап кызмат өтөп келишет. Ал эми 1967-жылы кыз-келиндер үчүн генералдык жана адмиралдык чиндерди алууга атайын мыйзам кабыл алынган.

Дүйнөнүн бренддери такталды

Британиялык Brand Finance агенттиги дүйнөдөгү кымбат бренддердин тизмесин жарыялады. Wall-Mart супермаркеттер соода тармагынын бренди 41,4 миллиард долларга бааланып, биринчи орунга татыктуу болду. Аталган компания АКШда жана дүйнөнүн ири шаарларында жайгашып, товарларынын көп түрдүүлүгү жана арзандыгы менен биринчиликти жеңип алды. Google издөөчү сайты 36,2 миллиард долларга бааланып, экинчи орунга чыкты. Ал эми Coca-Cola бренди 34,8 миллиардды көрсөтүп, үчүнчү орунду ээледи. Тизмеге орустардын Сбербанк, "Газпром", "Билайн" жана "Лукойл" бренддери да киргизилген.

Баңгичилердин саны такталды

Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча эл аралык уюму кезектеги докладын жарыялады. Анда өткөн жылы дүйнөдө 250 миллион адам баңгизатын колдонору айтылды. "Баңгизатынын кеңири колдонулган түрү бул - каннабис. Аны пайдалангандардын саны 15 жаштан 64 жашка чейинки курактагылар арасында, өткөн жылдарга салыштырмалуу 4,4 пайызга өскөн. Андан кийинки орундарда кокаин менен апийим турат",-деп айтылат докладда. Түндүк Америка менен Европа региондору баңгизатын көп колдонгон аймактардын катарына кирет. Ал эми Орто Азия мамлекеттеринде мындай көрүнүш мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла өскөндүгү байкалган. Буга Афганистандан алынган апийимдердин аталган аймак аркылуу таралышы себеп болууда.

Түркияда шахта жарылды

Түркиянын Балыкесир провинциясында шахта жарылып, 17 адамдын өмүрүн алып кетти деп билдирет "Associated Press" агенттиги. Куткаруу иштеринин натыйжасында 29 адам жер астынан алынып чыкты. Алар күйүктүн ар кандай формасы менен ооруканага жеткирилген. Көмүр кениндеги жарылуунун тереңдиги 250 метрге чейин жеткен. Мындай кырсык 2006-жылы да болгон. Андагы жарылуудан 17 шахтер көз жумган эле.

Учкучтар учуудан баш тартып…

Германиянын авиациясынын тарыхында биринчи жолу массалык иш таштоо башталды. "Lufthansa" авиакомпаниясынын 4000дей учкучу төрт сутка учпай тургандыгын билдиришти. Натыйжада 3200 аба каттамы ишке ашпай, миллиондогон чыгымга дуушар болууда. Учкучтардын негизги талабы жумуш орундарын компаниянын башка өлкөлөрүндө жайгашкан бөлүмдөрүнө которууну токтотуп, эмгек акыларын көтөрүү болду. Транспорт министри Петер Рамзауер иш таштоого чыккандардын талабын аткарууга макулдугун берди. Ал эми аталган компания жүргүнчүлөрдү учууну башка күндөргө жылдырууга жана темир жол менен каттап туруусун өтүндү.

Коррупцияга каршы күрөшүү этикасы

Кытайдын бийликтеги коммунисттик партиясы коррупцияга каршы күрөшүү үчүн атайын этикалык кодекс түздү. 52 бөлүмдөн турган кодексте кызматтагы адамдарга тыюу салынган иш-аракеттер жазылган. Белекке акча алуу, кызмат абалынан үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына пайдаланууга тыюу салынат. Ошондой эле киреше түшүүчү иштер менен шугулданууга да уруксат берилбейт. Мыйзамды бузган чиновниктер катуу жазаланат. Өлкө башчысы Ху Цзинтао бул кодексти паракорлук менен күрөшүүдөгү ийгиликтүү кадам деп баалады.

Алгачкы сапар Бельгияга

Украинанын жаңы шайланган президенти Виктор Янукович алгачкы сапарын Бельгиядан баштайт деп билдирет "Коммерсант-Украина" басылмасы. Инауругациядан үч күндөн кийин 1-мартта Брюсселге аттанат. Ал жактан Европа союзунун президенти Херман ван Ромпе, Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу жана европарламенттин төрагасы Ежи Бузек менен жолугушат.

Борбор Азия

Аялдар жанын кыюуда

Өзбекстандагы "Нажот" укуккоргоо уюмунун айтуусуна караганда, Хорезм облусунда өзүн-өзү өлүмгө кыйган аялдар көбөйүүдө. Алардын ичинде бойго жете элек кыздар да көп, негизги себептери - оор турмуш, жакырчылык, үй-бүлөдөгү ар кандай кысымдар. 2010-жылы 14-январда Хива районунда эки баланын энеси 1987-жылы туулган Наргиза Оллаберганова өз үйүндө асынып өлгөн, 27-январда 15 жаштагы Махлиё Рахимбоева үй-бүлөсүндөгү материалдык көйгөйдү көтөрө албай жанын кыйган, 1993-жылы туулган Юлдуз Ибрагимова да жетишпес оокатка таарынып суицидге барган. "Нажот" уюму мамлекет мындай тагдырлар тууралуу сырларды ачпай келгендиги, так маалымат бербегендиги абалды татаалдатууда дейт, ошон үчүн эч бир уюм өлкөдө бир жылда канча адам жанын кыярын билбейт. Кала берсе СССР убагында да бул маалыматтар ашкере айтылчу экен, мисалы, 1989-жылы Өзбек ССРинде 270 аял өзүн-өзү өлүмгө өкүм кылыптыр.
Соттор менен соодалашсаң…
Дүйшөмбү шаарындагы Сино райондук соту "Азия-Плюс", "Фараж" жана "Озодагон" деп аталган үч эркин басылманын үстүнөн сот ишин жүргүзүүдө. Аларды сотко бергендер өлкөнүн Жогорку сотунун 2 судьясы - Нур Нуров жана Улугбек Махмадшоев, ошондой эле борбор калаанын дагы бир судьясы Фах-риддин Додометов. Жалпысы алар 5,5 млн. сомони (1 млн. 250 миң доллар) каражат сурап жатат, себеби бул басылмалар алардын кадыр-баркын ушунчага түшүрүптүр. Ага себеп жакында 31 исфаралык жарандын үстүнөн өкүм чыгарганда алардын актоочулары маалымат жыйынын берип, анын материалдарын тигил жумалыктар жарыялап жиберген.

"Карши-Ханабад" кайра ачылбайт
Астана шаарында болгондо АКШ президентинин Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук Өзбекстандын "Карши-Ханабад" ("К2") аскерий аба базасын кайра ачышат экен деген имиш-имиштерди жокко чыгарды. "Биздин Ооганстанга жүк алып баруучу жана алып келүүчү эң маанилүү транзиттик ири базабыз "Манас" Кыргызстанда, Бишкекте бар, аны үчүн аларга ыраазыбыз",-деди ал. Мурдагы советтик аэродромго жайгашкан "Карши-Ханабад" ("К2") 2001-жылы америкалык аскерлерге берилген жана ал жерде миңдей жоокер С-17 жана С-130 тибиндеги жүк ташуучу, ошондой эле кээ бир маалыматтарга караганда абадан сокку берүүчү F-15 жана F-16 учактары жайгашкан. 2005-жылы жайында өзбек тарап менен америкалыктар сөзгө келе албай, "коноктор" чыгарылган.

Тажиктердин душманы "Наша Раша"
Жалпы орусиялык "Тажик эмгек мигранттары" кыймылынан төрайымы Каромат Шарипова ТНТ телеканалында көрсөтүлүп жаткан "Наша Раша" программасы тууралуу жогору жактарга кайрылуу жолдоду. Орус бийлиги чечпесе эл аралык сотторго кайрылабыз, Тажикстандагы Орусия элчилигинин алдында нараазылык акцияларын уюштурабыз дешти кыймылчылар. Comedy Club Production тарткан аталган долбоор Джамшуд жана Равшан деген тажик гастарбайтерлеринин образдары аркылуу жалпы тажик элин келекелеп жатат дешкендер ошондой эле дооматтарды "Тагдыр жумурткасы" ("Яйца судьбы") фильмине да жүктөдү.

Калк 28 миллионго жетти
UzDaily маалымат булагы Өзбекстан калкынын саны 2010-жылдын 1-январына 28 миллионго жетип бир жылда эл 467,4 миңге, б.а. 1,7%га жогорулады деп билдирди. Каза болгондордун 58,9 %ы кан айлануу тарамдарынын бузулушунан болсо, 6,3 %ы дем алуу органдарынын айынан болгон. Бир жылда 277,6 жаш жубайлар каттоого туруп, 17,2 миң ажырашуу катталган, ар бир миң адамга санаганда 10 баш кошуу, 0,6 ажырашуу туура келет.

Намангандан табылган сөөк
Шаардын бир жерин казып жаткан курулушчулар 10 метр тереңдиктен белгисиз бир баш сөөк тапкан. Анын Ташкент мамлекеттик жаратылыш музейинин башчысы Зубайдулла Каримов баш болгон адистер изилдешип, анын мындан 600 миң мурда жашаган индрикотерияга (илимдеги аталышы indricoherium) таандык экендигин айтышууда. Анын бою беш, узуну сегиз метрге жетет экен. Мындай табылга мурда Түштүк Казакстандын Арал боюнан да чыккан.

Ырчы абакка алынды
Тажикстандын белгилүү эстрада жылдызы Фарзонаи Хуршед камакка алынды. Анын айыбы сот залынан качып чыккан алдамчылык айыбы менен суралып аткан Фаррух Рузиевди машинасына салып алып качып кеткен. 21 жаштагы ырчыны соттон коргоп көп күйөрмандары келген, бирок эки жылга камалган жигит азырынча актала элек. Бетти даярдагандар
 
А.Муратов, А.Курбанова, “Заман Кыргызстан”, 26-февраль, 2010-жыл

 


 

 


Дата обновления: 20.04.10 17:25

Материалы по теме
03.05.10 15:56 Греция 110 млрд. евро өлчөмүндөгү жардам пакетин 3 жылдык мөөнөт менен алат
   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).