|
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж. |
|
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты. “Аталаган… подробнее |
|
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү. подробнее |
|
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери тарабынан үч күндүн ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында жазылган. 3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг. баңгизаты менен кармалган. 4-сентябрда Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее |
|
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды. КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее |
|
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее |
|
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо. Эгемендүүлүк... 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү. Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее |
|
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее |
|
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
“Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты. “Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее |
|
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее |
|
Башкы окуялар
07.09.10 14:30
Кыргызстандын президенти саясий партиялардын лидерлерин элди өз максаттары үчүн кагылыштырбоого чакырды
07.09.10 13:38
БШК “Замандаш” жана “Афганистандагы согуштун жана башка локалдык конфликтердин ардагерлери” партияларынын тизмесин каттады
07.09.10 11:47
Азимбек Бекназаров ууланып ооруканага жеткирилди
InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
|
29.01.10 17:17
Моралдык туруксуздук - жугуштуу оорулардын булагы
Адистердин айтымында, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар көптөгөн коркунучтуу дарттардын башаты болууда. Учурда анын кесепетинен онковирустук ооруга чалдыккандардын саны арбыды. Бул боюнча акушер-гинеколог, гинеколог-эндокринолог жана жатындын моюнчасынын патологиясы боюча адис Асыл Кожоналиевага кайрылдык.
"Жубайлардагы моралдык туруктуулук эң чоң мааниге ээ. Себеби, жубайы канчалык ишенимдүү болсо, сергек жашоо образында жашаса бул ден соолуктун саламаттыгынын кепилдиги",- дейт Асыл Кожоналиева - Азыркы учурда аялдарда кандай оорулар басымдуулук кылууда? - Акыркы жылдары онковирустук оорулар менен жабыркаган аялдар көбөйдү, булардын басымдуу көпчүлүгү жыныстык жол аркылуу жуктуруп алгандар. Учурда аялдарда жатын моюнчасынын эрозиясы көп табылууда. Көпчүлүгү гинекологго жылдап көрүнбөй жүрө берип, рактын күчөп кеткен түрлөрү менен келишет. Өзүн сыйлаган ар бир аялзаты жылына бир жолу адиске кайрылып, тиешелүү анализдерди тапшырып туруусу керек. Рактын алдын алуунун бирден бир жолу ушул болуп эсептелет. Дарт канчалык эрте аныкталса, биринчи баскычтарында эле клеткалардын өзгөрүүсү менен бул ооруну аныктоого болот. - Рактын алгачкы баскычтары кандай аныкталат? - Бул үчүн цитологиялык анализ алынат. Цитологиялык скрининг ыкмасы менен рактын 89 пайызын аныктоого болот. Ал эми жатындын телосу, жумурткалардын рагын ультра үндүү изилдөөчү аппараттан көрүүгө болот. Беш-он жылдап гинекологго көрүнбөгөндөрдөн рактын биринчи баскычы табылат, алар онкологияга жиберилет. Биздин максатыбыз, жатындын моюнчасынын рагын өз учурунда жана алгачкы баскычтарында таап чыгуу. Мисалы суук тийүү, сезгенүү ооруларын дарылап бүткөндөн кийин дагы бир жолу анализ алабыз. Анткени сезгенүүнүн артында дагы башка оору катылып жатышы да ыктымал. Орточо дисплазияны өз учурунда дарылабаса рак клеткаларынын өсүшүнө алып келет. Биздеги анализдерге эгерде милдеттүү медициналык камсыздандыруусу бар болсо 50 пайызы гана төлөнөт, ал эми цитологиялык анализ 84 сом турат. - Жатын моюнчасынын эрозиясы кандай себептерден улам пайда болот? - Гормоналдык бузулуулар болсо, тубаса эрозия болушу да мүмкүн. Эгерде тубаса эрозиясы бар болсо, ал аял жыныстык жашоодо жашай баштагандан тарта, төрөгөнгө чейин тийбейбиз. Эгерде клеткалардын бөлүнүшүнө терс таасирин тийгизе турган өтө күчөп кеткен эрозияга шектенүү болсо, анда аны радикалдуу дарылоо зарыл. Ошондой эле ал төрөт учурунда да пайда болуусу ыктымал. - Бул ооруну дарылоо үчүн кандай ыкмалар колдонулат? - Ар бир аял үчүн өзүнчө дарылоо ыкмасы колдонулат. Эгерде аялдын анализдери жайында болсо жана эрозиянын өтө күчөп кетпеген түрүнө кирсе, анда аны байкоого гана алып турабыз. Ал эми эрозия да бар болсо, бирок ошол эле учурда төрөгүсү келсе, анда төрөгөндөн кийин гана дарылайбыз. - Кандай учурларда күйгүзүүгө туура келет? - Жатын моюнчасынын жаракатынын өтө күчөп кеткен түрлөрүндө электрокоагуляция, лазердик вапаризация, радиотолкундуу терапия колдонулуп, жабыркаган очок алынып салынат. Эгерде рактын алгачкы баскычтарында ушундай ыкмалар менен алынып ташталса, анда рак клеткаларын өстүрбөй коюуга болот. - Аялдарга кандай кеңеш бересиз? - Жатындын моюнчасынын оорулары менен айрым аялдар көрүнгөн бүбү-бакшыларга барган учурлары кездешет. Алар ар кандай май, жана башка нерселер салынган тампондор менен узакка дарылоо аркылуу клеткалардын тез-тезден бөлүнүүсүнө шарт түзүп беришет. Натыйжада рак клеткалары пайда болот. Минтип өз ден соолугуна кайдыгер болуп, ооруну кабылдатып жибербей мүмкүн болушунча адиске эрте кайрылуу керек. Аялдардын биринчи кезекте өзүн сүйүшү, өзүнүн органдары тууралуу сабаттуу болушу да мааниге ээ. Албетте, үй-бүлө, бала-чака деп эле жүрө беришет, бирок ошол эле учурда өзүнүн ден соолугуна көңүл бурууну да унутпоо керек. Мага көп жылдан бери 84 жаштагы апа келип көрүнүп турат. Ар бир аял өзүнө мына ушундай мамиле кылса, көптөгөн оорулардын алдын алууга болот эле. Аялдарда кездешүүчү бардык жыныстык жугуштуу оорулар, ансыз да жабыркаган организмдин абалын ого бетер кыйындатат. - Жыныстык оорулардын таралышына көбүнчө кимдер күнөөлүү? - Жубайлардагы моралдык туруктуулук эң чоң мааниге ээ. Себеби, жубайы канчалык ишенимдүү болсо, сергек жашоо образында жашаса бул ден соолуктун саламаттыгынын кепилдиги. Эркектер да, аялдар дагы бири-биринин саламаттыгы үчүн өздөрүнүн жооптуу экендигин эстеринен чыгарбашы керек. Көпчүлүк учурда эркектердин жеңил ойлуулугу жугуштуу оорулардын аялга берилишинин башкы себепчиси болууда. Кандай болгон күндө дагы үй-бүлөлүк баалуулук, моралдык туруктуулукту биринчи орунга коюу ар кандай коркунучтуу оорулардын алдын алат. Мындай тарбия, туура жүрүм-турум эрежелерин өспүрүмдөргө, жаштарга үйрөтүү абдан зарыл. Өзүнүн, жакындарынын жана айланадагылардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуу ВИЧ/СПИД, cифилис ж.б. жыныстык жол аркылуу берилүүчү оорулардын таралышынан сактайт. МАЕКТЕШКЕН АЙМИРА МЕНДЕЕВА, Заман Кыргызстан”, 29-январь, 2010-жыл
Дата обновления: 19.04.10 17:17
Материалы по теме
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|




