FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 09 сентябрь 2010 ж.
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан  Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү.
 


 подробнее
Бишкек мэриясы жаңы троллейбустарды алуу үчүн Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат
Бишкек, Zpress.kg. Бишкек мэриясынын маалымат жана жарнак департаменти кабарлагандай, Дүйнөлүк банк менен 60 троллейбус алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат. “Сүйлөшүүгө ылайык кредит берүү каралат жана анын 30 пайызы гранттык негизде болмокчу. Кредитти кайтаруу мөөнөтү  10 жыл”,-деп белгилейт мэрия.
Учурда Бишкектин троллейбус башкармалыгында 107  троллейбус  иштеп жатат, анын… подробнее
“Түндүк электр” ААКына абоненттер 314 млн. сомдон ашык карыз болушкан
Бишкек, Zpress.kg. Бүгүнкү күндө  “Түндүк электр”  ачык акционердик коомуна болгон абоненттердин карызы 314 млн. 237 миң сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.
Муну менен катар компания белгилегендей дебитордук карыздын азайыш тенденциясы байкалууда.Өткөн айдын башына салыштырганда  колдонуучулардын дебитордук карызы 10 млн. 185 миң сомго азайган.подробнее
"Азаттык”: “Андаш” кени: пайдасы бар, зыянын ким айтат?
Таластагы “Андаш” кенин ишетүүгө жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мурдагыдай эле каршы болушууда. Алар муну экологиялык коопсуздук маселелери менен байланыштырууда. Бирок кенди иштеткени келген жаңы компания экологиялык коопсуздук тууралуу сөз кылуу азырынча эрте деген ишенимде.

“Андаш” кени Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын аймагында жайгашкан. Сүйөркул Сманкулов “Андаш” кенинин… подробнее
Баткенде Пүлгөн-Көк-Талаа жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды
Бишкек, Zpress.kg. Кечээ Баткен областындагы  узундугу 14 чакырым болгон Пүлгөн-Көк-Талаа  жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды. Бул тууралуу Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын  биринчи орун басары Жаныбек Исаков билдирди.
Ж.Исаков белгилегендей, өзбек аклавдарынан өтүүдө жергиликтүү жашоочулардын тартип бузуу учурлары дайыма болуп турат.
Ушул  кезге чейин… подробнее
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
 “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал

АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери  кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты.
“Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана  маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
мурдагыдай эле колдонулат
колдонулбайт деп ойлойм
анча пайдаланылбайт
айта албай турам
   
22.04.10 17:32
Төрөттөн кийинки депрессия

Сиздин чыдамсыздык менен күткөн балаңыз төрөлдү. Чопулдатып эмгени, быйтыйган колу-буттары жүрөгүңүздү элжиретет. Бир карасаң баары эле жакшы. Анан эмне үчүн жан-дүйнөңүз оорлошуп, кандайдыр бир кусалык, санааркоо жаныңызга тынчтык бербей жатат?

Көбүнчө төрөттөн кийинки депрессия менен стрессти алмаштырып алышат. Стресске төрөгөндөн кийин дээрлик ар бир аял кабылат да, аз-аздан гормоналдык деңгээл өз калыбына түшүп калат. Бул атайын дарыланууну талап кылбайт, стресстен чыгуу үчүн камкор мамиле, эс алуу, күйөөсүнүн жана жакын адамдарынын моралдык көтөрмөлөөсү жетиштүү болот.
Ал эми төрөттөн кийинки депрессия - бул жөн гана чөгүңкү маанай эмес, бул психикалык оору. Бул төрөгөндөн бир нече күндөн, атүгүл бир нече сааттан кийин башталып, айга, кээде бир жылга чейин созулушу да мүмкүн. Ошондой эле төрөттөн кийинки депрессияга медициналык атайын дарылануу талап кылынат. Бул ооруга жаш курагына, улутуна карабай бардык аялдар туш болушу мүмкүн. Ошондой эле канчанчы жолу балалуу болуп жатканыңыздан да көз каранды эмес, биринчи балаңыздан кийин да, төртүнчү балаңызды төрөгөндө да сизде төрөттөн кийинки депрессия болушу мүмкүн. Эгер жаш эне мындай ооруга кабылса, баласын талаптагыдай карай албай калат, эмизүүдөн баш тартышы мүмкүн. Төрөттөн кийинки депрессия баланын салмагынын жана боюнун нармалдуу өсүшүнө тоскоол болот.

Себептери
Физикалык себептери

- Кош бойлуулук маалында деңгээли жогорулаган гормондор төрөттөн соң кескин түшүп кетет да, бул депрессияны жаратат.
- Баланын оорукчан болуп төрөлүшү.
- Төрөгөндөн кийинки кан басымдын, организмдеги кандын көлөмүнүн өзгөрүшү да эненин жан-дүйнөсүнүн абалына терс таасирин тийгизет.
Психологиялык себептери
- Канааттанбоолор (мисалы, төрөгөн күнү күйөөсүнүн жанында жок болуп калышы)
- Фигурасын жоготуудан коркуу
Жашоо образынын өзгөрүшүнө
байланыштуу себептер
- Эне катары өзүн алып кетүүгө даяр эместик, каражат жагынан жетишпестик
- Күйөөсүнүн жана жакын адамдарынын колдоосу жоктук
- Бош убакыттын жоктугу жана уйкунун бузулушу
- Кыймыл-аракетти чектеген ооруксунуу
- Эмчек эмизүүдөн келип чыккан маселе
- Күйөөсү менен болгон интимдик мамиленин өзгөрүшү.
Төмөнкү суроолорго жооп берсеңиз, төрөттөн кийинки депрессияга кабылганыңыз так билинет:
Кайгыны, үмүтсүздүктү, жан-дүйнөңүздөгү боштукту жана күчтүү коркунучту сезип жатасызбы? Тез-тез ыйлайсызбы?
Табитиңиз кескин жоголуп кеттиби?
Уйкуңуз бузулдубу? Балаңыз уктап жатканда да уктай албайсызбы?
Катуу алсырап жатасызбы?
Тигил же бул чечимди кабыл алуу сизге ушунчалык оорбу?
Өлүм жөнүндө, өзүңүздү өлтүрүү жөнүндө ойлойсузбу? Балаңызга жана өзүңүзгө зыян келтирүү жөнүндөгү ойлор башыңызга келип кетеби?
Балаңыздан жана башка адамдардан бөлүнүп, жалгыздыкты самаган сезимдер болобу?
Маанайыңыз тез-тез жана кескин өзгөрүлүп турабы?
Жалганчы сезимдер, башкача айтканда, галлюцинация болобу?
Эгерде бул суроолорго "ооба" деп жооп берсеңиз, жообуңузду көтөрүп алып тезинен врачка барыңыз.

Төрөттөн кийинки депрессия менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасы табылды

Баланын ыйлоосу - уйкусунун нармалдашуусуна жардам берет, а бул болсо эненин төрөттөн кийинки депрессиядан арылуусуна себеп болот. Мындай жыйынтыкты австриялык окумуштуулар чыгарышты. Адистер бул маселенин үстүндө алты жыл иштешкен. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, эгер бала ыйласа, анын уйкусу 30 пайызга узарат. Мындан улам эне толук кандуу уйкуда болгондуктан, депрессия 40 пайызга төмөндөйт. "Балдары ыйлаганда энелер тынчсызданышат, баса белгилей кетейин, ый баланын психикасына кымындай да терс таасирин тийгизбейт",-дейт изилдөөнүн автору Анна Прайс.
Төрөттөн кийинки депрессияны үй шартында кантип жеңүүгө болот?
Таза абада көбүрөөк сейилдеңиз, спорт менен машыгыңыз. Спорт маанайды көтөрүүгө жардам берет.
Бөлмөгө күндүн нуру тийип тургандай кылып парданы дайыма ачып коюңуз.
Өзүңүздү чарчатууга жол бербеңиз. Алсыздык жана чарчоо депрессияны күчөтүп жиберет.
Күндүзү сүйүктүү музыкаңызды коюп коюңуз.
Айрым аялдарга телефон менен сүйлөшүү жардам берет.
Маанайыңызды көтөрө турган нерселердин баарын жасоого аракет кылыңыз: китеп окуңуз, көбүктүү ваннага түшүңүз, курбуларыңыз менен жолугуңуз жана башка ушундай иштер менен алектениңиз.
Эртең менен эрте туруу төрөттөн кийинки депрессияны 50 % жеңилдетет.
Эртең менен башыңызды жаздыктан тез көтөрүп, жулкунуп турбаңыз.
Бир күндүн ичинде бир нече жолу кулагыңыздын төмөнкү эттүү бөлүгүн ушалаңыз. Бул жөнөкөй көнүгүү оң эмоцияны чакырып, сергектик берет жана төрөттөн кийинки депрессиядан куткарат.
Мүмкүнчүлүк болоору менен уктаңыз, жакшы тамактаныңыз.
Күйөөңүз жаныңызда көбүрөөк болушун талап кылыңыз.
Энелик кубанычты алгачкы жолу сезээриңиз менен өзүңүздүн сезимдериңизди үй-бүлөңүздөн жана курбуларыңыздан жашырбай айтып бериңиз. Сиздин сүйүүңүздү жана камкордугуңузду ымыркайыңыз да сезсин!
 
“Леди kg” гезити (Кыргыз гезиттерин айылы) 20-апрель, 2010-жыл

 


Дата обновления: 06.05.10 13:57

   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).