|
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж. |
|
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты. “Аталаган… подробнее |
|
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү. подробнее |
|
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери тарабынан үч күндүн ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында жазылган. 3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг. баңгизаты менен кармалган. 4-сентябрда Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее |
|
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды. КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее |
|
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее |
|
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо. Эгемендүүлүк... 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү. Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее |
|
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее |
|
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
“Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты. “Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее |
|
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее |
|
Башкы окуялар
07.09.10 14:30
Кыргызстандын президенти саясий партиялардын лидерлерин элди өз максаттары үчүн кагылыштырбоого чакырды
07.09.10 13:38
БШК “Замандаш” жана “Афганистандагы согуштун жана башка локалдык конфликтердин ардагерлери” партияларынын тизмесин каттады
07.09.10 11:47
Азимбек Бекназаров ууланып ооруканага жеткирилди
InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
|
18.05.10 13:57
“Ден соолук”: Дарылануунун элдик ыкмалары
Ботко - организм үчүн сиңимдүү элементтердин булагы
Адамдар байыркы убактарда эле дан өсүмдүктөрүн өстүрүп, аны ботко жасоо үчүн пайдаланышкан. Боткодон жасалган тамактарга заманбап диетологдор да көңүл буруп келишүүдө. Анткени анын курамында адамдын организми үчүн өтө пайдалуу келген азык заттар бар. Төмөндө ар кандай дан өсүмдүктөрүнөн жасалган ботконун түрлөрүн сунуштайбыз. ГРЕЧКА БОТКОСУ - А,Е,С,В,Р витаминдерин камтыйт жана анын бир артыкчылыгы анын белоктору азыктык баалуулугу боюнча жаныбарлардан алынган белокторго жакын келет. Муну диета кармаган бардык адамдар колдонсо болот. Ал ошондой эле кальций, магний, фосфор жана темир минералдык заттарын камтыйт. Анын организмге тийгизген таасири: - радионуклиддерди чыгарат; - булчуңдарды өстүрүүгө жана анын күчүн жогорулатууга жардам берет; - зат алмашууну жакшыртат; - кандагы канттын деңгээлин жогорулатат; - ашказан-ичеги жарасынын айыгышын тездетет; - чачырап бышкан ботко ичти жумшартуучу натыйжага ээ. ЖҮГӨРҮ БОТКОСУ Учурдагы Мексиканын аймагында жашаган индустар жүгөрүнү Кудайдын адамга берген белеги деп эсептешкен. Колумбиялык Американын мезгилине чейин жүгөрү негизги азыктануучу дан болгон. Жүгөрү уну В, РР витаминин, каротин жана сапаттуу өсүмдүк майын камтыйт. Андан жасалган ботко ичегидеги тамактын калдыктарынын ачышын токтотот. Жүгөрү уну жогорку кан басымга каршы келет, ал үчүн 1 стаканга 1 аш кашык унду (жүгөрү) салып, ысык суу куят, 8-12 сааттан кийин ачкарын анын суусун (коюусун аралаштырбайт) гана ичет. СУЛУ БОТКОСУ Сулу өз ичине белок, май, углевод, метионин, А,Е,В витаминдерин, ошондой эле калий, магний, фосфор, темир, антрий, кальций, цинк жана кобальтты камтыйт. Сулунун организмге тийгизген таасири: - Бөйрөк жана боордун ишин жакшыртат; - Кандагы канттын деңгээлин нормалдаштырат; - Дене-бой жана акыл-эс жагынан чарчаганда, ошондой эле аз кандуулукта абалды жакшыртат; - Экзема жана диатезде пайдалуу; - Организмден артык баш холестеринди чыгарат. Сулу жүрөктүн ишемикалык ооруларына каршы келет: аны даярдоо үчүн сулунун данына 1:10 катышында суу куюп, 24 саатка коёт. Аны чыпкалап алып, күнүнө жарым стакандан 2-3 жолу тамакка чейин ичет. АЙМИРА МЕНДЕЕВА, “Заман Кыргызстан” гезити, 14-май, 2010-жыл
Дата обновления: 18.05.10 13:57
Материалы по теме
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



“Ден соолук”: Дарылануунун элдик ыкмалары

