|
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж. |
|
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты. “Аталаган… подробнее |
|
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү. подробнее |
|
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери тарабынан үч күндүн ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында жазылган. 3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг. баңгизаты менен кармалган. 4-сентябрда Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее |
|
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды. КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее |
|
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее |
|
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо. Эгемендүүлүк... 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү. Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее |
|
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее |
|
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
“Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты. “Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее |
|
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее |
|
Башкы окуялар
07.09.10 14:30
Кыргызстандын президенти саясий партиялардын лидерлерин элди өз максаттары үчүн кагылыштырбоого чакырды
07.09.10 13:38
БШК “Замандаш” жана “Афганистандагы согуштун жана башка локалдык конфликтердин ардагерлери” партияларынын тизмесин каттады
07.09.10 11:47
Азимбек Бекназаров ууланып ооруканага жеткирилди
InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
|
20.11.09 16:31
Бир жашка чейинки баланы күнгө кармаганга уруксат жок
“Айат пресс” гезитинин кабарчысы Афина Бакирова бул ирет эне-перзент маселесине байланышкан суроолор менен атайын адистерге кайрылдык. Рахматова Бурул Төлөновна, №109-үй дарыгерлер тобунун жетекчиси, Саламаттыкты сактоонун отличниги: «Баланы бир жашка чейин күнгө кармаганга уруксат жок» -Бала төрөтканадан алгачкы эмдөөнү алып, анан бизге келет. Биз, үй дарыгерлер тобу, адегенде баланы бүт текшерүүдөн өткөрөбүз. Эмдөөгө эч кандай коркунуч жок болгон соң, ден соолугу таза балага эки айдан баштап эмдөөнү жасайбыз. -Богок оорулуу энеден төрөлгөн наристеге кандай камкордук көрүлөт? - Боюнда бар кезинде эле каттоого турган биринчи күндөн баштап, богок менен ооруган- оорубагандарга профилактика үчүн дарылар берилет. Мисалы, йодомарин деген дарыны төрөгөнчө ичиребиз. - Йодомаринди кичинекей балага дагы профилактика катары берсе болобу? -Кичинекей бала 7-8жашында ичсе болот. Ал эми 3-4 жаштагы балага зарыл болсо, адегенде текшерип көрүп, анан ичиребиз. - Балдардагы көп болчу оорулардын бири чүчөктү элдик медицина менен дарылап жүрүшөт, бул туурабы? - Жок, туура эмес. Ичеги куртунун 20дан ашык түрү бар. Чүчөк-ошолордун бири. Баланы анализ тапшыртып, кайсы курт экенин аныктап, ошого жараша дарылаш керек. - Грипптен жаш баланы кантип сакташ керек? - Учурда сезонго жараша пиковит, кальций, көп ооруган балага иммунал өңдүү витаминдерди сунуштап атабыз. Бирок, жеке витаминдерге таянып албай, баланы витаминдүү тамак-аштын түрү менен багуу керек. Тамакты жакшы ичкен баланын иммунитети жогору болот да, көп оорубайт. Эл көп жерге, той-ашка алпарбай өзүнчө караса оорудан алыс болот. Андан сырткары, ымыркайды төрөлгөндө эле салкын температурага көндүрүү керек. Үй ысык болсо баланы каттап кийгизген болбойт. Ысыкка көнгөн бала үлп эткен желден деле ооруй берет. - Суук түшкөндө оорубаш үчүн наристени жайкы күнгө күйгүзгөнгө болобу? Бир жашка чейин күнгө кармаганга уруксат жок. Баш кийим, жеңи узун кийгизиш керек. 3-4 жаштагылар көл жээгинде жүрсүн, бирок күнгө күйгүзгөнгө болбойт. -Наристенин тиштери эрте карайып кетсе эмне кылыш керек? -Балдар стоматологуна кайрылып, кеңеш алыш зарыл. Балам тамак жебей атат деп кайрылгандар көп. Кичинекей бала албетте таттууну жакшы көрөт да. Эмне жейм десе жалаң ошону бергенден тиш бузулат. -Таттууну көп жеген бала кант диабетине чалдыгуусу мүмкүнбү? - 25 жылдык тажырыйбамда кант диабетин наристелер арасынан кезиктирген жокмун. Ал эми өспүрүмдөрдө бар. Бул оору көбүнчө тукум кууйт. Баланын тамактануусу: 6 айга чейин жалаң эненин сүтү 6 айдан баштап жашылча-жемиштердин ширеси 7-айында ботко 8-айында творог,эт(этти ботко сыяктуу кылып эзип, сорпого аралаштырып беребиз) 9-айында кефир,айран Эмчек эмет, экинчиден тамакка да аралашат. Эт жебеген балдар анемия болот. Этте темир көп. Ошол үчүн 8 айынан баштап, сөзсүз күнүмдүк тамагына эт кирсин деп сунушталат. Бала төрөлгөндөн кийин канча салмак кошуш керек? 1-айында 600гр 2-айында 800гр 3-айында 800гр 6-айында 4кг,300гр 9-айлык 6кг 1жашта 7кг зоогр 2ден 10 жашка чейинки балдар ар бир жылда 2кгдан салмак кошуш керек. Канча бой кошот? 3 айында 8,5см 6 айында 15см 9 айында 20,5см 1 жашар 21см Бой төрөлгөндө 50см болсо, 1жашта 71см болушу ылайык. Ал эми 2ден 10 жашка чейинки балдар ар бир жылда 12смден бой кошот. Рысбек Өзүбеков, аталган клиниканын ЛОРврачы: - Наристенин кулак кулкусун үй шартында алуу зыян эмеспи? - Наристенин кулак кулкусун адис врачтын көмөгү менен алуу керек. Алардын угуу каналы терең эмес. Чукуган күндө да жаш бала туруп бербейт. Кулактын түпкү калканы тешилип калышы мүмкүн. Каалоо боюнча, 5-6 жашка чейинки баланы врачка алып келсе жакшы болот эле. - Чоңдордун, балдардын кулагы ооруганда айыл жергесинде эненин сүтү менен дарылайт. Сиз буга кандай карайсыз? - Эгерде ириң жок болсо айыгып кетет. Муну танганда эмне, көрүп эле жүрбөйлүбү. Ириң болсо жардам бермек түгүл, айыгышын күтүп жүрүп, өтүшүп кетиши мүмкүн. Афина Бакирова, “Айат пресс”
Дата обновления: 20.11.09 16:31
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|




