FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж.
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты.
“Аталаган… подробнее
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан  Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү.
 


 подробнее
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери  тарабынан  үч күндүн  ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин  расмий сайтында  жазылган.
3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг.  баңгизаты менен кармалган.  
 4-сентябрда  Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин  жана кредиттердин көлөмү кыскарды.
КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы  Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар  арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо.

Эгемендүүлүк...


31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү.
Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды  текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
 “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал

АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери  кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты.
“Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана  маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
мурдагыдай эле колдонулат
колдонулбайт деп ойлойм
анча пайдаланылбайт
айта албай турам
   
24.07.09 14:22
Кыргызстан журналисттер үчүн өтө кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине кирди

Бишкек, 24-июль, (kg.zpress.kg). Журналисттер үчүн өтө кооптуу делген өлкөлөрдүн алдынкысы Мексика. Аталган өлкөдө жыл башынан бери баңги мафиясынын "курмандыгына" 7 журналист чалынган. Андан кийинки орунда террозризмдин очогу - Пакистан, 6 журналист өлтүрүлгөн. Ал эми Иракта, Филиппин жана Сомалиде 5тен ММК өкүлдөрүнүн жаны кыйылган.

Ошондой эле, жогорудагы өлкөлөрдүн катарын ММКчылар үчүн эң кооптуу деген жарлык тагынып, Газа тилкеси, Гондурас, Колумбия, Афганистан, Гватемала, Непал, Шри-Ланка, Венесуэла, Индия, Индонезия, Кения, Кыргызстан жана Мадагаскар толуктайт.

Жалпысынан дүйнөдө жыл башынан бери ар кандай себептерден улам 59 ММК өкүлү каза тапты. Бул тууралуу бейшембиде эл аралык "Пресс Эмблем Кэмпейн" (ПЕК) уюму билдирди, дейт Вести.РУ. Аталган уюм ММК өкүлдөрүнүн укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүп келет.   

ИТАР-ТАССтын билдиргенине караганда, акыркы курмандыктардын бири 15-июлда Түндүк Кавказда өлтүрүлгөн россиялык журналист Наталья Эстемирова. Ал 2009-жылы өлтүрүлгөн россиялык журналисттердин бешинчиси.  

ПЕК БУУга мүчө өлкөлөрдү, өкмөттүк эмес коомдук уюмдарды журналисттерди өлтүрүүлөргө каршы кескин күрөшүүгө чакырды.

Алар ММК өкүлдөрүнө болгон кысым жана физикалык запкылар, өлтүрүүлөр  - коомдук окуяларды туура чагылдырууга кедергисин тийгизерин айтышууда. Ошондой эле, БУУнун адам укуктарын коргоо Кеңеши журналисттердин укугун коргоо жаатында алсыз болуп жаткандыгын белгилешти.
Дата обновления: 24.07.09 14:34

Материалы по теме
11.02.10 16:26 ВВС: Буйрутма өлтүрүүлөр кыргыз журналистикасынын табытына мык кагып жатат
06.01.10 13:52 Софияда белгилүү радиожурналист өлтүрүлдү
28.12.09 10:55 Нарында жергиликтүү журналистке С.Мамбеталиев атындагы сыйлык тапшырылды
16.12.09 10:19 Журналистин эмгек укуктары боюнча окуу өттү
18.11.09 10:29 Баткенде журналисттер үчүн медиа тур өткөрүлүп жатат
04.11.09 10:06 Журналисттерди токмоктоо күч алды
08.09.09 16:32 Марат Токоев: Бийлик журналисттерге кайдыгер
14.08.09 12:15 Журналист Сыргак Абдылдаев Кыргызстандан чыгып кетти
11.08.09 14:49 Эки журналист соттошуп жатат
21.07.09 11:24 А.Ташиевдин өлүмүнө себепкер делген бир катар милиционерлер кызматынан бошотулушту
14.07.09 16:51 Журналист А.Ташиевди урган милиционер айыбын мойнуна алды
13.07.09 19:04 Журналист Ташиевдин сабалышына байланыштуу жазылган түшүнүк кат экспертизадан өткөрүлөт
13.07.09 11:25 Бүгүн ур-токмоктон улам каза болгон журналист Алмаз Ташиевдин сөөгү жерге берилет
   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).