FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 29 июль 2010 ж.
Р.Отунбаева Баткен облусунун калкы менен жолугууда
 Бишкек, Zpress.kg.Президент Роза Отунбаева Баткен облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө аймактын калкы менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине Баткен облустук мамадминистрациясынын басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирет.

Анын айтымында, жолугушууда министрлик, ведомство жана айыл округдарынын жетекчилери, акимдер, коомдук жана өкмөттүк эмес… подробнее
Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери Т.Тургуналиевди сотко берет
 Бишкек, Zpress.kg. Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, президент Роза Отунбаеванын чечими менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин тегерегиндеги ызы-чууну иликтей турган комиссия түзүлдү. Комиссияны көз карандысыз адис, эколог Эмил Шүкүров жетектеп, 2-августка дейре чечим чыгарары күтүлүүдө. Топчубек Тургуналиевдин аталган агенттикти жетектешине… подробнее
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
Бишкек, Zpress.kg.  “АКШ Кыргызстандын элине жана өкмөтүнө  48,6 миллион долларды жардам катары  берет. Бул тууралуу  27-июнда болгон донорлордун эл аралык жыйынында айтылды”,-деп кабарлайт АКШнын элчилиги.
 “Донорлордун конференциясынын учурунда жана Ош областына барган иш сапардын жыйынтыгында АКШнын расмий өкүлдөрү бийлик органдарын этникалык  өзгөчөлүгүнө карабай баардык атуулдарга адилет мамиле… подробнее
Ош шаарында жана Ош областында өткөн суткаларда 51 кылмыш иши катталды
Бишкек, Zpress.kg.Өткөн суткаларда Ош областында жана Ош шаарында 51 кылмыш иши катталса, анын 23ү түштүк борбордо, ал эми 28и областын аймагында  болгон. Бул тууралуу Ош областынын комендантынын басма сөз кызматы кабарлады.
 Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен 24 кылмыш ишинин бети ачылды. Учурда  ички иштер органдары калк арасында түшүндүрүү… подробнее
CNN: Рекорддук көлөмдөгү гигант жылдыз табылды
Илимпоздор монстр -жылдызды табышты

Эгерде жакын болсо Жерди  күйгүзүп  жибере турган  Күн Айды тутулткандай биздин Күндү толук  тутулта турган жарык жылдызды элестетип көрүңүз. Бул монстр мейкиндиктин тээ тереңинде жайгашса дагы.
 
Бул жылдыз- кээ бир илимпоздордун астрономиялык кыялы эмес. Астрономдор аябай массивдүү жылдызды… подробнее
Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти
Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат.

Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полициянын кирүүсү тууралуу чечимге кандай карайсыз?
каршымын
колдойм
эч нерсе деп айта албай турам
   
15.03.10 17:15
КРнын премьер-министри Кыргызстандын жайытынын Кытайга берилиши тууралуу кепти четке какты

Бишкек, 15- март. (Zpress.kg).Кыргызстандын премьер-министри Данияр Үсөнов  Нарын  областындагы Аксай жана Арпа жайыттарынын Кытайга берилиши тууралуу кепти четке какты.Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.
Д. Үсөнов белгилегендей, ал өткөн жуманын соңунда Нарын областынын бул маселе тууралуу кайрылган жашоочулары менен жолугушкан.

Анын айтымында, 1996-жылы Кытай менен Кыргызстан чегара боюнча баардык талаш маселелерди чечүү үчүн келишимдик процессти жыйынтыктаган.”Муну менен биздин чегаранын баардык параметрлери такталган. Сүйлөшүү процессинде талаш жерлердин 70%ы Кыргызстан, ал эми 30%ы Кытай тарабына чечилген”,-деп белгиледи премьер-министр.

“1996-жылдан бери Кыргызстан да, Кытай да келишимдин кайсы бир пунктун өзгөртүүнү ойлогон жок жана бүгүнкү күндө биз кыргыз-кытай чегин кайра карап чыгууга киришкенибиз жок”,-деди Д.Үсөнов.  

Анын айтымында,  учурда Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен гана делимитация  иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми Казакстан менен талаш участоктор жок, болгону демаркация прецесстери жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр: “Талаш участоктордун көбү Өзбекстан менен байланышкан, ушул жылдын апрель айынан баштап чегараны делимитация жана демаркациядоо тууралуу маселени баштоону сүйлөштүк. Процесс абдан оор, бирок мага ишенип коюңуздар кыргыз жеринин бир чарчы метрин да бербейбиз”,-деп билдирди.
 
 
Дата обновления: 15.03.10 17:15

Материалы по теме
15.03.10 15:46 Кыргызстандын өкмөтү тынчтык акциясынын учурунда атуулдардын укуктары бузулса чара колдонууга даяр
   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).