|
Бүгүн 09 сентябрь 2010 ж. |
|
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү. подробнее |
|
Бишкек мэриясы жаңы троллейбустарды алуу үчүн Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат
Бишкек, Zpress.kg. Бишкек мэриясынын маалымат жана жарнак департаменти кабарлагандай, Дүйнөлүк банк менен 60 троллейбус алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат. “Сүйлөшүүгө ылайык кредит берүү каралат жана анын 30 пайызы гранттык негизде болмокчу. Кредитти кайтаруу мөөнөтү 10 жыл”,-деп белгилейт мэрия. Учурда Бишкектин троллейбус башкармалыгында 107 троллейбус иштеп жатат, анын… подробнее |
|
“Түндүк электр” ААКына абоненттер 314 млн. сомдон ашык карыз болушкан
Бишкек, Zpress.kg. Бүгүнкү күндө “Түндүк электр” ачык акционердик коомуна болгон абоненттердин карызы 314 млн. 237 миң сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Муну менен катар компания белгилегендей дебитордук карыздын азайыш тенденциясы байкалууда.Өткөн айдын башына салыштырганда колдонуучулардын дебитордук карызы 10 млн. 185 миң сомго азайган. подробнее |
|
"Азаттык”: “Андаш” кени: пайдасы бар, зыянын ким айтат?
Таластагы “Андаш” кенин ишетүүгө жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мурдагыдай эле каршы болушууда. Алар муну экологиялык коопсуздук маселелери менен байланыштырууда. Бирок кенди иштеткени келген жаңы компания экологиялык коопсуздук тууралуу сөз кылуу азырынча эрте деген ишенимде. “Андаш” кени Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын аймагында жайгашкан. Сүйөркул Сманкулов “Андаш” кенинин… подробнее |
|
Баткенде Пүлгөн-Көк-Талаа жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды
Бишкек, Zpress.kg. Кечээ Баткен областындагы узундугу 14 чакырым болгон Пүлгөн-Көк-Талаа жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды. Бул тууралуу Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Жаныбек Исаков билдирди. Ж.Исаков белгилегендей, өзбек аклавдарынан өтүүдө жергиликтүү жашоочулардын тартип бузуу учурлары дайыма болуп турат. Ушул кезге чейин… подробнее |
|
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
“Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты. “Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее |
|
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее |
|
Башкы окуялар
09.09.10 12:54
“Азаттык”: Ош окуясынын катышуучусу 23 жылга кесилди
09.09.10 12:37
Россияда Кыргызстандын 385 миң атуулу бар
InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
|
06.08.09 19:27
Ташкендин каршылыгы - Москванын баш оорусубу?
Кубат Чекиров Кыргызстан түштүгүнө орус аскерлерин киргизүү жөнүндө чечимге Ташкендин каршылыгы, серепчилер баамында, Бишкек эмес Кремл баш оорута турган маселе. Өзбекстандын мындай билдирүүсүнө Кыргызстан тарап расмий жооп кайтара элек. Бирок жергиликтүү аналитиктердын пикиринде расмий Бишкектин Ташкенттин позициясына кое турган аргументтери көп эле. Саясий эксперт Нурзак Асанбековдун айтымында, Кыргызстанга кошумча орус аскер бөлүктөрүн киргизүү Бишкек менен Москванын ортосунда чечилген маселе. Экинчи жагынан бул чечим жалпы эле Борбордук Азияда коопсуздукту чыңдоо боюнча Жамааттык коопсуздук келишиминин саясатына каршы келбейт. Нурзак Асанбеков бир эле учурда Өзбекстанды да түшүнсө болот деп эсептейт. Анткени Өзбекстан Борбордук Азия аймагында өзүн лидер эсептеген мамлекет болгондуктан, Кыргызстандын түштүгүндө өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарын колдон чыгарып жиберүүнү каалабайт. Кыргызстанга кошумча орус аскер бөлүгүнүн жайгаштыруу жөнүндө 1-августта Чолпон-Атада орус президенти Д. Медведев менен кыргыз президенти К. Бакиев меморандумга кол коюшкан. Меморандумдун шарттары боюнча Кыргызстанга саны боюнча бир баталонго эсептелген аскер күчтөрүн жайгаштыруу каралууда. Бир эле учурда бул аскер бөлүгү эки өлкө үчүн аскердик машыгуу борбору катары дагы кызмат кылмакчы. Меморандумда кошумча орус аскер бөлүктөрү Кыргызстандын түштүгүндө жайгашат деп түздөн-түз көрсөтүлгөн эмес. Бирок кыргыз президентинин администрациясынан орус аскерлери Баткен облусунан орун алыш мүмкүндүгү каралып жатканын айтышууда. Экинчиден, орус аскер бөлүгүн жайгаштыруунун шарттары ноябрь айында чейин өзүнчө келишимде каралып чечилүүгө тийиш. Байкоочулардын баамында Кыргызстанга кошумча орус аскерин киргизүү жөнүндө маселедеги каршылыктар акыры келип Бишкек менен Ташкенттин эмес, Ташкент менен Москванын ортосунда чечиле турган маселе. Анткени Кремлдин кожоюндары үчүн Кыргызстанга кошумча аскер киргизүү эле эмес, Ташкентти дагы таарынтып албай, анын кызыкчылыгын жалпы саясатта кошо ала жүрүү да маанилүү. Ошондуктан азыркы учурда Москва, Ташкент жана Бишкек ортосунда аскердик-дипломатиялык сүйлөшүүлөр ар кандай формада жүрүп жатат деп эсептесе болот, жана Өзбекстанды эпке келтирүү ноябрга чейин эле чечилиши керек. - Коопсуздук күчтөрүн уюштуруп кайсыл бир өлкөгө киргизгенде, анын укуктук статусу, ЖККУге кирген мамлекеттердин ичинде ар кандай жаңжалдарга кийлигишүү укугу тууралуу эч бир келишимде сөз болгон эмес. Ошону тактап туруп анан макул боло тургандай келишим түзүш керек. Бул маселе эртедир-кечтир чечилет, бирок дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мындай маселелерди күчкө салып же жарга такоо жолу менен чечүү ийгилик алып келбейт, -дейт саясат иликтөөчү Кубан Абдымен.
Дата обновления: 19.08.09 18:05
Материалы по теме
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



Ташкендин каршылыгы - Москванын баш оорусубу?

