|
Бүгүн 09 сентябрь 2010 ж. |
|
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү. подробнее |
|
Бишкек мэриясы жаңы троллейбустарды алуу үчүн Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат
Бишкек, Zpress.kg. Бишкек мэриясынын маалымат жана жарнак департаменти кабарлагандай, Дүйнөлүк банк менен 60 троллейбус алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат. “Сүйлөшүүгө ылайык кредит берүү каралат жана анын 30 пайызы гранттык негизде болмокчу. Кредитти кайтаруу мөөнөтү 10 жыл”,-деп белгилейт мэрия. Учурда Бишкектин троллейбус башкармалыгында 107 троллейбус иштеп жатат, анын… подробнее |
|
“Түндүк электр” ААКына абоненттер 314 млн. сомдон ашык карыз болушкан
Бишкек, Zpress.kg. Бүгүнкү күндө “Түндүк электр” ачык акционердик коомуна болгон абоненттердин карызы 314 млн. 237 миң сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Муну менен катар компания белгилегендей дебитордук карыздын азайыш тенденциясы байкалууда.Өткөн айдын башына салыштырганда колдонуучулардын дебитордук карызы 10 млн. 185 миң сомго азайган. подробнее |
|
"Азаттык”: “Андаш” кени: пайдасы бар, зыянын ким айтат?
Таластагы “Андаш” кенин ишетүүгө жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мурдагыдай эле каршы болушууда. Алар муну экологиялык коопсуздук маселелери менен байланыштырууда. Бирок кенди иштеткени келген жаңы компания экологиялык коопсуздук тууралуу сөз кылуу азырынча эрте деген ишенимде. “Андаш” кени Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын аймагында жайгашкан. Сүйөркул Сманкулов “Андаш” кенинин… подробнее |
|
Баткенде Пүлгөн-Көк-Талаа жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды
Бишкек, Zpress.kg. Кечээ Баткен областындагы узундугу 14 чакырым болгон Пүлгөн-Көк-Талаа жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды. Бул тууралуу Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Жаныбек Исаков билдирди. Ж.Исаков белгилегендей, өзбек аклавдарынан өтүүдө жергиликтүү жашоочулардын тартип бузуу учурлары дайыма болуп турат. Ушул кезге чейин… подробнее |
|
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
“Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты. “Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее |
|
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее |
|
Башкы окуялар
09.09.10 12:54
“Азаттык”: Ош окуясынын катышуучусу 23 жылга кесилди
09.09.10 12:37
Россияда Кыргызстандын 385 миң атуулу бар
InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
|
08.09.09 16:32
Марат Токоев: Бийлик журналисттерге кайдыгер
Жоогазын ыңкылабынан кийин Кыргызстандан алты журналист чыгып кетти. Бул жөнүндө “Журналист” бирикмесинин төрагасы Марат Токоев билдирди. -Марат мырза, азыркы мезгилге карай канча журналист Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болду? - Бизге маалым болгон алты факт бар, бул Кайрат Биримкулов, Турат Бектенов, Чолпон Орозобекова жолдошу менен, Кабира Маджиева. -Алардын кандай жайгашканы боюнча маалымат барбы? Сиздер кабарлашып турасыздарбы? - Бизге жеткен маалыматтар боюнча Кабира Маджиева Швециядан баш калкалоо сурады эле, калгандары Швейцарияда. Бирок Турат, Чолпондор боюнча маалыматыбыз жок, алар дагы бизге байланышка чыккан жок, аракет кылып көрсөк дагы байланыша албадык. -Журналисттердин чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө мыйзамдык кемчиликтер салымын кошуп жатабы? - Чынын айтканда биздин мыйзам КМШ чөлкөмүндө эң жакшы мыйзамдардын бири деп эсептелет. Эгерде ошол мыйзамдар бизде аткарылса, мен ойлойм, мындай көп көрүнүштөр байкалбайт эле. Кеп ошол мыйзамдардын ишке ашырылбай жатканында болуп атат. -Бийлик тараптан бул тенеденцияга көңүл буруу байкалбайт. Эмне кылуу керек? - Мамлекет башчыларынан журналисттер сабала баштаганда эле сурандык эле, көңүл буруп койсоңор, өзүңөр да айтып койсоңор деп. Эгерде мамлекет, өкмөт башчылар чыгып бул иштерди өзүбүз көзөмөлгө алабыз деп койсо, башкаларга бул кандайдыр бир белги болот эле. Демек журналисттердин коопсуздугу алардын көзөмөлүндө экен деп. Тилекке каршы мындай иш аракеттерди байкаган жокпуз. Бийлик тараптан кандайдыр бир кайдыгерлик мамилени байкап калдык журналисттерге. -Журналисттердин өздөрүнүн тилектештиги барбы азыркы мезгилде? - Журналисттердин арасында тилектештик жок деп да айтууга болбойт. Бирок ал чоң күчкө азырынча айлана элек, журналисттер биригип чыга калганда эле алардын талаптары аткарылып кала тургандай. Бирок ошондой болсо дагы акыркы убактарда тилектештиктин өсүп атканы байкалып атат. Журналисттер сабалган фактылар көбойө баштабадыбы. Ошондой болсо дагы тилектештик мамиле негизинен мурдатан бери, журналистикада сөз эркиндиги мурда кандай болгонун көргөн, билген журналисттердин арасында болуп атат, бирок жаш журналисттердин арасында тилектештик мамилелерди биз көп деле байкабай жатабыз. - Бул тенденция кандай өнүгөт деп ойлойсуз? - Эгерде абал ушул бойдон уланып кете берсе, менин оюмча тилектештик өсүшү мүмкүн, бирок өтө деле чоң деңгээлге чейин эмес. Себеби журналисттер азыр майдаланган, бөлүнгөн. Мурдагы тилектештик сезимдеги журналисттер азыр акырындап кете баштады. Алардын ордуна жаңы муундагы журналисттер келип атат. Аларда тилектештик сезими жок. - Аларда корпоративдик кызыкчылык көбүрөөк деңиз? - Ооба, корпоративдик кызыкчылык жана жеке кызыкчылыктары көп. Айданбек Акмат уулу, “Азаттык” радиосу
Дата обновления: 08.09.09 16:34
Материалы по теме
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|




