|
Бүгүн 29 июль 2010 ж. |
|
Р.Отунбаева Баткен облусунун калкы менен жолугууда
Бишкек, Zpress.kg.Президент Роза Отунбаева Баткен облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө аймактын калкы менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине Баткен облустук мамадминистрациясынын басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирет. Анын айтымында, жолугушууда министрлик, ведомство жана айыл округдарынын жетекчилери, акимдер, коомдук жана өкмөттүк эмес… подробнее |
|
Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери Т.Тургуналиевди сотко берет
Бишкек, Zpress.kg. Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, президент Роза Отунбаеванын чечими менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин тегерегиндеги ызы-чууну иликтей турган комиссия түзүлдү. Комиссияны көз карандысыз адис, эколог Эмил Шүкүров жетектеп, 2-августка дейре чечим чыгарары күтүлүүдө. Топчубек Тургуналиевдин аталган агенттикти жетектешине… подробнее |
|
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
Бишкек, Zpress.kg. “АКШ Кыргызстандын элине жана өкмөтүнө 48,6 миллион долларды жардам катары берет. Бул тууралуу 27-июнда болгон донорлордун эл аралык жыйынында айтылды”,-деп кабарлайт АКШнын элчилиги. “Донорлордун конференциясынын учурунда жана Ош областына барган иш сапардын жыйынтыгында АКШнын расмий өкүлдөрү бийлик органдарын этникалык өзгөчөлүгүнө карабай баардык атуулдарга адилет мамиле… подробнее |
|
Ош шаарында жана Ош областында өткөн суткаларда 51 кылмыш иши катталды
Бишкек, Zpress.kg.Өткөн суткаларда Ош областында жана Ош шаарында 51 кылмыш иши катталса, анын 23ү түштүк борбордо, ал эми 28и областын аймагында болгон. Бул тууралуу Ош областынын комендантынын басма сөз кызматы кабарлады. Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен 24 кылмыш ишинин бети ачылды. Учурда ички иштер органдары калк арасында түшүндүрүү… подробнее |
|
CNN: Рекорддук көлөмдөгү гигант жылдыз табылды
Илимпоздор монстр -жылдызды табышты Эгерде жакын болсо Жерди күйгүзүп жибере турган Күн Айды тутулткандай биздин Күндү толук тутулта турган жарык жылдызды элестетип көрүңүз. Бул монстр мейкиндиктин тээ тереңинде жайгашса дагы. Бул жылдыз- кээ бир илимпоздордун астрономиялык кыялы эмес. Астрономдор аябай массивдүү жылдызды… подробнее |
|
Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти
Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат. Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек… подробнее |
|
Башкы окуялар
29.07.10 16:14
Күрпсай ГЭСинде электр параметрлери начарлаган
29.07.10 12:20
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
29.07.10 12:13
Ө.Текебаев О.Малеваная менен маалыматтык колдоо жана пиар боюнча келишим түздү деген кептер айтылууда
InoZpress
Добуш берүү
Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полициянын кирүүсү тууралуу чечимге кандай карайсыз?
|
09.03.10 09:02
"Оскар" сыйлыгы өз ээлерин тапты
АКШнын киноакадемиясынын 82-жолку "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 7-мартта Лос-Анжелес шаарындагы "Кодак" театрында өттү. Дүйнөлүк кино жылдыздарды бир учурда, бир жерде топтогон бул азем “Буга чейин мындай "Оскарды" көргөн эмессиңер!” деген ураан алдында өтүп, кино жаатындагы 24 багыт боюнча "Оскар" сыйлыгы тапшырылды.
Эң көп сыйлык топтогон тасма - алты багытта "Оскар" сыйлыгын алган Кетрин Бигилоунун “Бороондун эгелери” (“Повелитель бури”) аттуу тасма табылды. Американын кино академиясынын эң мыктыларга берилчү бул сыйлыгында “Жылдын тасмасы” деген башкы номинация үчүн быйыл адаттагыдай 5 эмес, 10 фильм ат салышты. Сыйлыкка татыктуу көп тасмалардын болгону үчүн бул багытта ат салыша турган фильмдердин саны мурдакы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп болуп, он тасманын ичинен “Эң мыкты тасма” деп Кетрин Бигилоунун Ирактагы согушту баяндаган “Бороондун эгелери” аттуу фильми табылды. "Атаксыз бейбаштар" тасмасында ойногон Кристофер Вальц Азем башталганга чейин айыгышкан күрөш так ушул тасма менен Кетрин Бигилоунун мурдакы күйөөсү Жеймс Кэмерондун “Аватар” тасмасынын ортосунда болоорун сынчылар айтып келишкен. Натыйжада “Бороондун эгелери” - “эң мыкты тасма”, “эң мыкты режиссер”, “эң мыкты сценарий”, “эң мыкты үн жана үн кошуу”, “эң мыкты монтаж” өңдүү алты багыт боюнча "Оскар" сыйлыгына ээ болду. “Эң мыкты режиссер” наамы тапшырылып жатканда, Кетрин Бигилоу айым буларды айтты: - Мен бул нерсени түшүндүрө албайм. Жашоодо мындай учур эч качан кайра кайталанбайт. Бул өзгөчө сезим. Эгер бул тасманын сценарийинин жазуучусу Марк Боал болбогондо мен бул жерде сыйлык алмак эмесмин. Анткени ал өзүнүн жашоосун тобокелге салып, бул тасманын сценарийин жазды. Кетрин Бигилоу "Оскардын" тарыхында “эң мыкты режиссер” сыйлыгын алган алгачкы айым болуп калды. “Аватар” тасмасы “эң мыкты жасалгалоо”, “эң мыкты атайын эффекттер”, “эң мыкты оператордук иш” багыттары боюнча "Оскар" сыйлыгына татыктуу болуп, эң көп сыйлык алган тасмалардын ичинен экинчи орунду ээледи. “Чарчаган жүрөк” (“Сумасшедшее сердце”), “Толгот” (“Тужься”) тасмалары жана “Жогору жакка” (“Вверх”) аттуу анимациялык тасмалар экиден "Оскар" алып, үчүнчү орунга чыгышты. Мындан сырткары “эң мыкты эркек ролу” үчүн Жеф Брижес («Чарчаган жүрөк»), Жорж Клуни («Асманга көтөрүлсөм»), Колин Ферт («Жалгыз эркек»), Морган Фриман («Жеңилбеген»), Жереми Реннер («Бороондун эгелери») ат салышты. Жыйынтыгында бул сыйлыкка «Чарчаган жүрөк» тасмасындагы ролу үчүн Жеф Брижес ээ болду. "Оскарга" татыктуу болгон Сандра Баллок“Эң мыкты аял ролу” багытында негизги жарыш «Көрүнбөс тарап» тасмасындагы ролу үчүн актриса Сандра Баллок менен «Джули жана Джулия» фильминде рол аткарган Мэрил Стрип ортосунда болду. Мындан сырткары бул сыйлык үчүн Кэрри Маллиган («Билим»), Хэлен Мирен («Акыркы жекшемби»), Габури Сидибе («Толгот») да ат салышты. Көпчүлүк сынчылар Мэрил Стрип жеңүүчү болот дегени менен “Эң мыкты аял ролу” сыйлыгына Сандра Баллок татыктуу болду. Сандра Баллок кубанычтан улам жашып да жиберди: - Мен бул тасмада үй-бүлөсүнө дагы бир баланы алып келип, ага жашоонун багытын үйрөткөн айымдын ролун аткаргандыгым үчүн бактылуумун. Эгер мүмкүн болсо ыраазычылыгымды мага ушул жашоону тандашыма себепкер болгон апама билдирем. “Эң мыкты чет элдик тасма” багытында "Оскар" сыйлыгына Аргентина, Израил, Германия, Франция жана Перунун фильмдери талапкер болуп, алардын ичинен аргентиналык режиссер тарткан “Көздөрүңдөгү сыр” аттуу тасма жеңүүчү деп табылды. "Экинчи пландагы актер" номинациясы боюнча Квентин Тарантинонун "Атаксыз бейбаштар" тасмасында ойногон Кристофер Вальц "Оскарды" утту. "Жылдын мыкты анимациялык тасмасы" деп "Жогору жакка" деген тасма аталды. Ал эми "Чарчаган жүрөк" тасмасы үчүн жазылган музыка "эң мыкты" деп табылды. Кубат Касымбеков, “Азаттык” радиосу, 8-март, 2010-жыл
Дата обновления: 09.03.10 09:02
Материалы по теме
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



"Оскар" сыйлыгы өз ээлерин тапты

