FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж.
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты.
“Аталаган… подробнее
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан  Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү.
 


 подробнее
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери  тарабынан  үч күндүн  ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин  расмий сайтында  жазылган.
3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг.  баңгизаты менен кармалган.  
 4-сентябрда  Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин  жана кредиттердин көлөмү кыскарды.
КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы  Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар  арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо.

Эгемендүүлүк...


31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү.
Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды  текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
 “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал

АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери  кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты.
“Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана  маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
мурдагыдай эле колдонулат
колдонулбайт деп ойлойм
анча пайдаланылбайт
айта албай турам
   
12.05.10 14:18
Кыргызстан: Көк бөрү майданына айланган өлкө

Кыргызстанда майдын он жетисине чейин тополоң болуп кетиши мүмкүндүгү тууралуу кеп-сөздөр эл арасын аралап, айрым саясий ишмерлер өлкөдө кайрадан бийлик алмашып кетүү коркунучу бар экенин айта башташты. Кыргызстанда абалдын дагы да курчушуна, кайрадан бийликтин кулатылышына негиздер барбы? Мындай маалыматтар атайын чагым чыгаруу максатында жасалып аткан жокпу? Бул жерде тышкы күчтөрдүн тиешеси барбы?

7-апрелдеги кандуу бийлик алмашуудан кийин Орусия биротоло Кыргызстандагы таасирин бекемдөө планын ишке ашыра баштады. Мындай пикирин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып саясий серепчи Табылды Акеров билдирди. Анын айтымында, өзү кыргыз орусиялык жаран генерал Бахтияр Аливдин билдирүүсү, Убактылуу өкмөттөгү экинчи адам Алмазбек Атамбаевдин орусиячыл саясатчы экендиги тууралуу сөздөрү, Орусия кошулуу демилгелери, ж.б. ушул сыяктуу процесстер ушундай ойго түртөт.

Орусиянын коопсуздук кызматында иштеген генерал Б.Алиев 11-май күнү кайрылуу жасап, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевди сүрөп чыкты. Анын айтымында Кыргызстан ушул тапта күчтүү бийлик, күчтүү кризис менеджерге муктаж болуп турат. Ушундан улам Н.Түлеевди Орусия көкүтүп аткан жокпу деген шектенүүлөр пайда болду.

 


Т.АкеровТ.Акеровдун пикиринде, Орусиянын коопсуздук кызматында иштеген адам мындай билдирүүлөрдү уруксатсыз же көрсөтмөсүз жасабайт эле. Ошондуктан бул жерде “Кыргызстан батышка ыктап кетет” деп чочулаган Орусия - саясат жасап атат:

- Азыркы өкмөтүн мүчөлөрү арасында Роза Отунбаева, Эдил Байсалов сыяктуу адамдар эл аралык коомчулукта таанылып калган да. Алмазбек Атамбаевди Түркияда жакшы таанышат. Ошондуктан Орусиядагы саясатчылар сереп салып, баамдап, чочулап турушат. “Булар өлкөнү кайсы багытта алып кетишет...” деп. Ошого жараша иш жүрүп атат.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов, Убактылуу өкмөт өтө чоң каталарды жасап атканын, өлкөдө үчүнчү ыңкылап болуп кетиши мүмкүн экенин айтууда. Ал да Б.Алиев сыңары Кыргызстанды күчтүү бийлик гана сактап каларын айтууда:



Убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалды жөнгө сала албай калды деген башка түрдүү күчтөр да чыга баштады. “Бүтүн Кыргызстан” партиясын түзгөн Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров да ушундай кайрылуу жасады. “Ар-намыс” партиясынын жетекчиси жана мурдагы премьер-министр Феликс Кулов болсо өздөрүн “Коомдук коопсуздук кеңеши” деп атаган топту жетектеп, кырдаал чыңалып кетиши мүмкүндүгүн, андыктан көптөгөн ыктыярчыларды бириктирип, жарандарды коргоо керектигин айтышууда. Т.Акеровдун баамында, мындай пикирлерди 7-апрелден кийин бийлик тийбей калган күчтөр, радикалдык уюмдар жайылтып атышат.

Ошентсе да Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн талашып-тартышканы, алардын ар кыл күчтөрдөн куралганы тескерисинче жакшы экенин айткандар бар. Профессор Орозбек Молдалиевдин пикиринде, азыркы парламенттик багытты колдоо керек. Анын үстүнө учурда күздө өтчү шайлоолордун таза өтүүсүнө чоң ишеним пайда болду.

Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин аппарат башчысы Эдил Байсаловдун айтымында, тышкы күчтөр Кыргызстанды талашып атат дегенге негиз жок. Убактылуу өкмөт да бардык тышкы күчтөр менен мамиле бузбай, Кыргызстандын кызыкчылыгына таянган саясат жүргүзүүдө:
 


М.Ниязов - Жакында үчүнчү жолу дагы бир жолу бийлик алмашуу болуп кетсе, ал дагы объективдүү болот. Анткени убактылуу өкмөт ишин туура жүргүзө албай атат. Маселен, кадрдык маселеде. Андан тышкары бүгүн бизге конституция маселесинин бизге кажети жок. Кыргызстанды оор кырдаалдан конституция чыгарып кете албайт. Булар конституция менен элди алаксытабыз деп атышат. Ушундай оор кырдаалда референдум, андан кийин шайлоолор да да өтпөй калышы мүмкүн. Себеби буларды өткөрүү үчүн саясий стабилдүүлүк болушу керек, баары мыйзам чегинде болушу керек.

Э.Байсалов
- Кыргызстанды талашкан күчтөр жок. Орусия, Кытай же Акш болобу бизди эч ким талашкан жок. Булардын баары бизге ийгилик тилеп, колдон келишинче жардам кылып атышат.

Анткен менен Кыргызстанда кокус кайрадан баш аламандыктар пайда болсо Орусия аскер киргизиши мүмкүн деген чочулоолор кала берүүдө. 7-апрелден кийин Орусия президенти Дмитрий Медведев Кыргызстан экинчи Ооганстанга айланып кетиши мүмкүндүгүн, абал курч экенин айтып, Коргоо министрине Кыргызстандагы Орусиянын жарандарын жана объектилерин коргоого тапшырма берген болчу. Ага куйрук улаш АКШ, Европадан делегациялар келип, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүштү.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ири атаандаш державалар болгон АКШ менен Орусиянын аба базалары жайгашкан.

Чоң оюндун очогунда

19-кылымда Борбор Азияны каратуу максатында Улуу Британия менен Орусия империясынын ортосунда ири атаандаштык жүрүп, тарыхта ал Чоң оюн (The Great Game) деп аталып калды. Анын жыйынтыгында түндүктөн келген орус армиясы Борбор Азиядагы көчмөндөрдү басып алса, Индия тараптан чыккан британ армиясы Ооганстанга чейин келип калган эле. Бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү ошол 19-кылымдын экинчи жарымынан баштап ушул күндөргө чейин эле Москванын таасири алдында келатат. 1917-жылы Орусия империясынын кулашы, 1991-жылы СССРдин ыдырашы да көчмөндөрдү орус таасиринен куткара албады.

Азыр да Кыргызстанда болуп аткан окуяларда Орусиянын колу олчоюп көрүнүп турат. Илгертен экономикасы, саясаты көп жагынан Москвага көз каранды болуп келген Кыргызстан жыйырма жылдай убактан бери баалуулуктарын, багытын алмаштыра албай келатат.

19-кылымдагы Чоң оюндан айырмасы, Улуу Британиянын ордунда азыр АКШ турат. АКШ 2001-жылдан кийин Ооганстанга аскерин киргизип, Кыргызстанга аба базасын жайгаштырууга жетишкен. Ошентсе да АКШ баштаган күчтөр көбүнэсе демократиялык баалуулуктарды пропагандалоо менен чектелип, ушул күнгө чейин чөлкөмдү Орусиянын таасиринен чыгара алышпады. Ал эми Орусия түркүн түстүү саясат кылып, чөлкөмдөгү таасирин колдон чыгарбады.

Илим Жанузаков, “Азаттык” радиосу, 11- май, 2010-жыл
 


Дата обновления: 12.05.10 14:18

Материалы по теме
17.06.10 12:10 Кыргыз-тажик чегарасында Тажикстандын атуулдары Кыргызстандын аймагындагы участокту басып алууга аракет кылышты
25.05.10 11:51 Кыргызстанда банктар аралык төлөмдөрдүн көлөмү өткөн аптада 7,7%га азайган
25.05.10 11:22 Кыргызстанда бир аптанын ичинде акча базасы 559,4 млн. сомго азайган
18.05.10 13:54 Эртеңки күндөн үмүт үзбөйлү
17.05.10 12:45 “Кыргызстан- кыска метраждуу тасмалардын мекени” деген долбоор өз ишин баштайт
12.05.10 13:48 Кыргызстанга Европарламенттин делегациясы келет
27.04.10 10:44 Оттун ортосунда калганда…
27.04.10 13:33 Кимдин көзү кызарат?
22.04.10 16:54 Кыргызстандын курама командасы дзюдо боюнча Азия чемпионатына катышат
13.04.10 09:28 Кыргызстан менен Казакстандын чегарасы мурдагыдай эле жабык
12.04.10 16:23 Кениялыктарга кенедей окшоштугубуз барбы деги?
08.04.10 11:24 Медведев: Кыргызстандын эли бийликке абдан нааразы болушкан
02.04.10 15:58 «Guardian»: Азыркы Кыргызстандын байыркы уяты
30.03.10 12:44 Кыргызстанга Словакиянын президенти Иван Гашпарович расмий сапар менен келет
29.03.10 16:40 Кыргызстанда 28 миң адам диабет оорусу менен жабыркайт
19.03.10 12:35 Кыргызстанда Чүй областынын жашоочусу ок атуучу куралды өз эрки менен милицияга тапшырды
17.03.10 14:32 «Ак Жол» фракциясы Кыргызстандын өкмөтүнүн 2009-жылдагы ишин канааттандыраарлык деп тапты
16.03.10 17:36 Кыргызстанга келген түз инвестициялардын көлөмү 2009-жылы 34%га төмөндөгөн
16.03.10 17:24 Кыргызстанда тышкы соода айлануу 2009-жылы 24%га төмөндөдү
16.03.10 17:15 Кыргызстанда 2009-жылы турак жайдын курулушу үчүн 9,5 млрд. сом бөлүнгөн
16.03.10 16:52 Кыргызстанда азиз адамдар үчүн компьютердик курстар ачылды
16.03.10 14:16 Кыргызстанда 16-марттан 17-апрелге чейин жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүргүзүлөт
15.03.10 16:57 Кыргызстандын Каржы министрлиги россиялык кредиттин кезектеги пайыздык төлөмүн берди
12.03.10 12:33 Кыргызстандагы жана Тажикстандагы дарыялардын агымы азаят
11.03.10 14:50 2010-жылдын алгачкы айылында Кыргызстандагы калк 52 миң адамга өстү
26.02.10 18:06 Кыргызстандын түштүгүндө диний каршылыкты тутандырууга шектүү делген адамдар кармалды
13.01.10 11:19 Өткөн жылы 41 миңден ашуун кыргызстандык Россия жарандыгын алган
09.12.09 11:07 Кыргызстандын тышкы соода айлануусу январь-октябрь айларында 24 %га кыскарган
06.08.09 19:27 Ташкендин каршылыгы - Москванын баш оорусубу?
14.07.09 12:48 Бул жылы Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн каражат 15 эсе аз бөлүнгөн
10.07.09 11:49 Кыргызстан жыл сайын 2000 тонна кремний продукциясын өндүрүүгө ниеттенүүдө
10.07.09 11:20 Анжианда Кыргызстан менен Өзбекстандын чегара ведомостволорунун башчылары жолугушту
10.07.09 10:53 Кыргызстан өзүнүн атуулдарын Үрүмчүдөн алып чыгат
10.07.09 10:41 Германия Кыргызстандагы гендердик теңдик жана пенсиялык камсыздоо маселелерине кызыкдар
   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).