|
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж. |
|
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты. “Аталаган… подробнее |
|
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү. подробнее |
|
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери тарабынан үч күндүн ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында жазылган. 3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг. баңгизаты менен кармалган. 4-сентябрда Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее |
|
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды. КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее |
|
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее |
|
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо. Эгемендүүлүк... 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү. Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее |
|
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее |
|
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
“Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты. “Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее |
|
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее |
|
Башкы окуялар
07.09.10 14:30
Кыргызстандын президенти саясий партиялардын лидерлерин элди өз максаттары үчүн кагылыштырбоого чакырды
07.09.10 13:38
БШК “Замандаш” жана “Афганистандагы согуштун жана башка локалдык конфликтердин ардагерлери” партияларынын тизмесин каттады
07.09.10 11:47
Азимбек Бекназаров ууланып ооруканага жеткирилди
InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
|
09.07.10 15:51
Кыргызстанда ким иштейт?
Келерки жумада мурдагы бийлик тушунда мамлекет, эл кызыкчылыгына каршы иштеген саясий кызмат жетекчилерин жооптуу ишке жолотпоо жөнүндө декрет долбоору Убактылуу өкмөттө талкууланмакчы. Анткен менен жаңы мыйзам демилгеси алдыдагы парламенттик шайлоодо ошол эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айрым атаандаштарынын жолун тосуу амалы экени да айтылууда.
Кезек бийликке келди 90-жылдары коммунисттик режим кулаган соң Чыгыш Европаданы мурдагы социалисттик, постсоветтик республикалардан Балтика боюндагы үч республика, ошондой эле Украина жооптуу кызматтарды ээлеп келгендерди андай ишке экинчи жолоткус кылып атайын мыйзамдар кабыл алышкан. Орусияда да ошондой демилге көтөрүлүп, бирок ал кийин токтолуп калган. Эки ирет президенттик бийликти күч менен алмаштырган Кыргызстанда мурдагы бийликте жооптуу саясий кызматтарды ээлеп отургандарды андай орунга эми отургузбаш үчүн жаңы декрет долбоору даярдалып жатканын Убактылуу өкмөт мүчөсү Топчубек Тургуналиев маалымдап, андай чектөөгө кандай жетекчилер кире турганын момундайча чечмеледи. - Бир топтору мамлекеттик бийликке эч качан алынбасын! Мамлекеттик бийлик деген үч тараптуу болот. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги. Ошолорго алынбасын, шайланбасын деген жобо болот. Бир беренеси. Экинчиси. Мына ошолорго түздөн-түз көмөк кылып жүргөн адамдар. Алар беш жылдан он жылга чейин ошондой укугунан ажыратылсын деген болот. Чектөө кем болбой, баарына тең болсун Эмнеликтен андай чектөө жуп парламенттик шайлоо камылгасы башталганда чыгып калганы артынан биртоп түкшүмөл ойлорду жаратууда. Аны ушу тапта өзгөчө ур-тепкиге алынып жаткан мурунку бийликте өкмөт башчынын экономикалык, эларалык кызматташтык маселелерине жоопкер экс 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров белгилейт. - Бул мыйзамды кабыл алуу шайлоого айрым бир күчтөрдү, айрым бир адамдарды, айрым бир кишилерди катыштырбай коелу деген ниет болсо керек. Бирок бул 7-апрелдеги окуяларга катышы бар деп, сот өзү аныктай турган болсо алар өздөрү жооп бериши керек. Андан кийинки дагы күнөөлүү кишилер бар да. Андан кийин бийликте отуруп, ошол жерде маалыматтын баарын алып туруп, тилекке каршы, каргашалуу Ош менен Жалал-Абаддагы окуялардын болуп кетишине түздөн-түз өздөрү кийлигишпесе да себепкер болгон кишилердин бардыгы ушундай мыйзамдар менен чектелиши керек. Анда Кыргызстанда ким иштейт? “Арнамыс” партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиевдин пикиринде, ушу тапта жаңы декрет долбоорунун кабыл алынышына кызыкдар Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көбү А.Акаев, К.Бакиев ушунда жооптуу кызматтарды ээлеп турушкан. - Азыркы убактылуу бийликте тургандар деле ошол кезде иштешкен. Алар деле көп иштерге аралашкан. Ким ошону объективдүү, мыйзам чегинде карай алат? Бизде калыс боло турган кишилерди мен көрбөй жатам. Анан бул саясий бир өч алуу эле болуп калат. Ушу азыр саясий чектөөнү көтөргөн кишилер өздөрү А.Акаев кезинде иштеген. А.Акаевге калпак кийгизип кандыкка отургузган. Кийин К.Бакиевге деле кийгизген. Чектөөнү биринчи ошолордон башташ керек. Т.Тургуналиев өзү негиздеген “Эркиндик” партиясынын атынан мурунку бийликтин камчысын чаап беришкен айтылуу “Алга Кыргызстан”, “Акжол” партияларын мыйзамдан тыш деп жарыялоо тууралуу сотко кайрылыша тургандыгын да кошумчалады. Мурдагы бийлик тушунда жооптуу кызматтарды ээлеп, мамлекет кызыкчылыгына каршы иш кылгандарга колкабыш кылган, болбосо андайлардын аракетине кайдыгер карап тургандардын укугун чектөө кандай мыйзамдык чен-өлчөмдөрдүн негизинде жүрө тургандыгы да азырынча белгисиз. Т.Тургуналиев жаңы декрет долбоору Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн эки жолку жыйынында козголуп, аны кесиптештеринин дээрлик баарысы колдоого алышканын айтып, козголуп жаткан маселе эл арасында кыйла кызуу талаш-тартыштарды жаратарын эскертти. Бекташ Шамшиев, “Азаттык” радиосу, 8-июнь, 2010-жыл
Дата обновления: 09.07.10 15:51
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



Кыргызстанда ким иштейт?

