|
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж. |
|
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты. “Аталаган… подробнее |
|
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү. подробнее |
|
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери тарабынан үч күндүн ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында жазылган. 3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг. баңгизаты менен кармалган. 4-сентябрда Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее |
|
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды. КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее |
|
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее |
|
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо. Эгемендүүлүк... 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү. Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее |
|
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее |
|
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
“Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты. “Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее |
|
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее |
|
Башкы окуялар
07.09.10 14:30
Кыргызстандын президенти саясий партиялардын лидерлерин элди өз максаттары үчүн кагылыштырбоого чакырды
07.09.10 13:38
БШК “Замандаш” жана “Афганистандагы согуштун жана башка локалдык конфликтердин ардагерлери” партияларынын тизмесин каттады
07.09.10 11:47
Азимбек Бекназаров ууланып ооруканага жеткирилди
InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
|
26.07.10 15:05
“ Алиби”: Өкүт. Учур. Үмүт.
Өңгөнү билбейм, өкүт жаман. Кээде ындыныңды өчүрүп, көкүрөктү тээп чыккан ыза менен коштолгон өкүт, буга чейин кылган эткениңдин бардыгын алеки заматта жокко чыгарып салат. Башканы коюп Манасты айт, дегендей, бирөөгө айтылган жаман сөзүң үчүн да өзүңдү-өзүң жемелеп, бир топко бушайман болуп өкүнүп каласың.
Албетте бул абийири, уяты бар адамга таандык касиет чыгаар. Ал эми мындай сапаттардан айрылган адамдарды кайран жер эне кантип гана көтөрүп турду экен? Айрыкча эл башы, журт атасы деген улуу наам тагдырына жазылган адамдар үчүн өкүттө калуу өлүмгө тете го дейм. Анткени артыңда калдайган калың журтуң калып, өзүң бөтөн эл, бөтөн жерде сыздап-боздоп отурсаң, мындан өткөн тозок жоктур. Сиз туура баамдагандай, качкын президенттерибизди айтып жатам. Алар өкүтүн өзүлөрү менен эле кошо ала кетпей, бүтүндөй жумурай журтун өкүттүн чогуна салып кете беришпедиби. Кыргыздын өкүнүчү дагы бир нече кылымдардын тереңине сиңип кетмей болду. Өмүрдүн күзү келгенде, адам баласы артына кылчайып, мен эмнени аткардым, эмне жасалбай калды деп, өзүнөн өзү отчет сурайт го. Ошондо кайран өмүр кайра бир колго тийсе, бардыгын башкача кылмакмын деп баш чайкап, өкүттө калбаган адам жоктур. А бирок айрым Сексенбай, Токсонбайлардын тойлоруна барганда "мен эч нерсеге өкүнбөйм, мен бактылуумун" деген аксакалдар менен байбичелерди да кезиктирип жүрөм. Анан ойго кетет экенсиң, эмне үчүн кудай таала биздин президенттерге өкүнбөгөн, бакты-таалайлуу тагдыр тартуулаган эмес экен деп. Өкүткө калтырмак тургай, очогубузду оодарып, жергебизди канга боёп, алакандай элибизди түндүк-түштүккө бөлүп кете беришти. Адилеттик үчүн айтып коюш керек, кандай болгон күндө да бир тал чачтай үлдүрөп үзүлгөнү турган түндүк-түштүк маселесине президент Акаев аяр мамиле жасачу эле. Бакиев дегениң келип алып, аны үзмөк тургай быт-чытын чыгарды. Ал гана эмес өздөрү айта жүргөн куштун эки канатын бири-бирине тукуруп, душман көрсөтүп кетти. Бир теше жерди термелебей тиги Чүйгө барбайсыңарбы, ал жакта жерлер кароосуз жатат деген Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү Баткен менен Оштун чек ара чөлкөмдөрүндө жашаган калктын Чүйгө жана башка түндүк райондоруна агылышын шарттап, тажик жана өзбек жарандарынын кыргыз жерлерин ээликтеп калуусуна өбөлгө түздү. Мунун артында өкүнүч жаткан жокпу? Албетте жатат. Өткөндө түштүктүк жолдош-жоролор менен (атын атабай эле коёюн) Оштун бир районунда болуп кайттык. Бишкекте жүргөндө нукура эле кыргыз тилинде сүйлөп жүргөн достор кичи мекенине барышканда же өзбекче эмес, же кыргызча эмес, ортодон пайда болгон бир арабөк тилде тим эле буулугуп калгандай, чер жаза сүйлөп киришсе, айран таң калганымды айт. Ошко келгенде эне тилин жерип, жалпак тилге салып өзбекче аралаштырып сүйлөгөндө өзүнчө бир канагат алабы деп калдым. Мына Бакиевдин тың чыкма идеологу, экс мамкатчы Мадумаровдун улуттук идеологиясынын жемишинин бир эле мөмөсү. Башканы коюп, мамлекеттик катчы, мамлекеттик тил маселесин кабыргадан койбойт беле. Жылдардын аралыгында атадан балага өтүп калыптанып калган кодура тил, эми кайра кайтып өз ордуна келбей калды. Ошол түштүк регионду мекендеген өзбек улутундагы биздин жарандар өз тилинде эмес, кыргыз тилинде сайрап турса жарашпайт беле? Дүйнөнүн булуң-бурчтарында титулдук улут жалпы элдин 20 гана пайызын түзсө да, ошол жергиликтүү элдин ырын ырдап, чоорун тартып жүргөн өлкөлөр чекеден чыгат. Ал эми бизде баары тескерисинче. Анын натыйжасы кечээ жакындагы түштүк жаңжалы менен аякталды. Айта берсе арман көп дегендей, мындай өкүт иштердин тамыры тээ тереңге кетет. Алыс барбай эле ушул "Алиби" гезитинин тагдырына көз кырын салсаңыз, тил кесмейге барабар жорук болду го! "Бөрк ал десе баш алган" алабармандык, эртеңки күндүн жоопкерчилигин ойлобогон тар түшүнүк, осолдук жана опасыздык, кытмырдык жана кыйкымчылдык укук-коргоо системасынын ишмердүүлүгүнүн өзөгүн ээлеп калган. Укук коргоо органдары укук кордоочу мамлекеттик машинага айланган. Гезиттин түптөөчүсү, мурдагы Баш редактору Бабырбек Жээнбековдун духун түшүрүүнүн аракетинде кызыл шапкечендердин кылганы бир эсе болсо, шодокондун бүркүтүндөй жулунган сот аткаруучулар менен соттордун кылганы эки эсе болду. Гезитти кекиртектен алганы менен элдин үнүн басууга бакиевчилердин чамасы жеткен жок. "Алиби" өзүнүн экинчи өмүрүн өткөрө баштады. Кордолгон, тебеленген, ыза көргөн басылма кайраттуу болуп калабы, элдин үнүн жалпы коомчулукка жеткирүү вазыйпасын "Алиби" бүгүнкү күндө мурдагыдан да белсемдүү жана чечкиндүү аткарууга бел байлап турган учуру. Мезгил учкан куштай ыкчам. Ар нерсени өз учурунда кармап калбасаң, куру жалак каларың бышык. Бүгүн окурмандардын алдына чыгып, эмнени унут калтырып жатабыз, көз жаздымда калган көйгөйлөр барбы деп собол салып турган жерим. Эгер болсо сиздерден кат кабар, же телефон шыңгырагы деле жарай берет. Чогуу чараан иш алып барсак, балким аз болсо да элдин керегине жарап калабызбы деген тилек. Эгерде элибиз бай жашаса, өлкөбүз бай болмок. Бакыбат жашаган калк саясат менен иши болмок эмес. Азыр журтубуз саясатташып турганда гезит бетин да саясат көбүрөөк ээлеп турганын жашырбайбыз. Баса, саясат демекчи, өлкө чоң саясый иш-чаранын-шайлоо кампаниясынын алдында турат. Тагдыр чечер бул парламенттик шайлоо ар бир кыргыз атуулун кайдыгерлик капканынан бошотту. Мындай кайдыгерликтин азабын эл өзү тартып, пайдасын качкын ажолорубуз көрүп, "чөнтөк парламент" деген жаңы термин жаралган эле. Эми жаңы заман жаралды деп делбиреп турган элибиз, парламенттик өлкөгө айланаар алдында эки жагыбызды элеңдеп карабай, сабырдуу, токтоо, салмактуу карап, партиялар парадына үңүлүп тиктебесек оңбой калчудайбыз. Айранды үйлөп ичкенге аргасыз болуп калбадыкпы. Ушундай шартта "Алиби" гезити да ар бир саясый партиянын программалык максатын сиздерге толук жеткирүүгө даяр. Биз партияларды "ак-кара" кылып бөлүүдөн оолакпыз. Ырас, учурда партиялардын тизмеси бир кулачтан ашты. Мунун баары шайлоо алдында бирине-бири куда түшүп, мүдөөлөрү дал келип калса никелешип бир бүтүн үй-бүлөгө айланары, ал болбосо, азыркылардын модасы болуп бараткан "брак по расчету", "гражданский брак" кыргызча айтканда "тоок сүйүү" деген утурумдук үй-бүлөлөр пайда болору аштан бышык. Кандай болгон күндө да гезит партиялардын расалык, тилдик, дилдик, диндик өзгөчөлүктөрүнө карабастан, бирдей мамиле жасоону көздөп олтурат. Кайсы бир партияны мокочо көрсөтүп, дагы бирин көкөлөтө мактоо биздин принципке туура келбейт. Эгерде сиздер, урматтуу "Алибинин" окурмандары туура көрсөңүздөр бизге кол кабыш кылып, көргөн - билгендериңиздерди, омоктуу ойлорду, салмактуу сунуштарды жөнөтүп турсаңыздар дурус болор эле. Кандай болгон күндө да учурдан артта калбайлы дегим бар деп. Үмүтсүз-шайтан деп койчу беле? Үмүт менен жашап, жакшылыктан күдөр үзбөй келебиз. Балким, бүгүнкү Убактылуу өкмөт тандаган багыт көптүн тилегин берип, үмүтүн актап калгысы бардыр. Элибиздин турмушу оңолуп, бейпилчилик менен бейкуттук орноп берсе кимиси президент, кимиси министр болсун жумурай журт үчүн ысык-суугу жок. "А" десең алкымдан алган Акаевдин, "Б" десең башыңды жарган Бакиевдин заманы бүтүп, "О" десең оомат келген Отунбаеванын заманы орноп калса кана атаганат! Андыктан ушундай илгери үмүт менен жашап туралы замандаштар. Асан ШЫГАЕВ, “Алиби” гезити, (Кыргыз гезиттеринин айылы),23-июль, 2010-жыл
Дата обновления: 30.07.10 17:29
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



“ Алиби”: Өкүт. Учур. Үмүт.

