|
Бүгүн 09 сентябрь 2010 ж. |
|
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү. подробнее |
|
Бишкек мэриясы жаңы троллейбустарды алуу үчүн Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат
Бишкек, Zpress.kg. Бишкек мэриясынын маалымат жана жарнак департаменти кабарлагандай, Дүйнөлүк банк менен 60 троллейбус алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат. “Сүйлөшүүгө ылайык кредит берүү каралат жана анын 30 пайызы гранттык негизде болмокчу. Кредитти кайтаруу мөөнөтү 10 жыл”,-деп белгилейт мэрия. Учурда Бишкектин троллейбус башкармалыгында 107 троллейбус иштеп жатат, анын… подробнее |
|
“Түндүк электр” ААКына абоненттер 314 млн. сомдон ашык карыз болушкан
Бишкек, Zpress.kg. Бүгүнкү күндө “Түндүк электр” ачык акционердик коомуна болгон абоненттердин карызы 314 млн. 237 миң сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Муну менен катар компания белгилегендей дебитордук карыздын азайыш тенденциясы байкалууда.Өткөн айдын башына салыштырганда колдонуучулардын дебитордук карызы 10 млн. 185 миң сомго азайган. подробнее |
|
"Азаттык”: “Андаш” кени: пайдасы бар, зыянын ким айтат?
Таластагы “Андаш” кенин ишетүүгө жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мурдагыдай эле каршы болушууда. Алар муну экологиялык коопсуздук маселелери менен байланыштырууда. Бирок кенди иштеткени келген жаңы компания экологиялык коопсуздук тууралуу сөз кылуу азырынча эрте деген ишенимде. “Андаш” кени Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын аймагында жайгашкан. Сүйөркул Сманкулов “Андаш” кенинин… подробнее |
|
Баткенде Пүлгөн-Көк-Талаа жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды
Бишкек, Zpress.kg. Кечээ Баткен областындагы узундугу 14 чакырым болгон Пүлгөн-Көк-Талаа жана Бүргөндү-Баткен айланма жолдорунун ремонттук иштери башталды. Бул тууралуу Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Жаныбек Исаков билдирди. Ж.Исаков белгилегендей, өзбек аклавдарынан өтүүдө жергиликтүү жашоочулардын тартип бузуу учурлары дайыма болуп турат. Ушул кезге чейин… подробнее |
|
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
“Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты. “Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее |
|
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее |
|
Башкы окуялар
09.09.10 12:54
“Азаттык”: Ош окуясынын катышуучусу 23 жылга кесилди
09.09.10 12:37
Россияда Кыргызстандын 385 миң атуулу бар
InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
|
28.07.10 16:56
Жантөрө Сатыбалдиев: "Кышка чейин үйлөрдү бүткөрөбүз"
“Кыргыз Туусу" гезитинин суроолоруна Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы, вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жооп берет.
- Жантөрө Жолдошевич, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча кандай иш чаралар башталды? - Бул абдан оор жана чоң маселе. Мына бүгүнкү бизге келген маалыматтар боюнча 2400дөн ашык турак-жайлар жапа чекти. Анын 1900ү турак үйлөр. Бул сан дагы көбөйүшү мүмкүн. Ошолордун бардыгын изилдеп чыктык. Азыр Ош окуясы боюнча түзүлгөн комиссия иштерин бүтүп жатат. Жанагы күйүп кеткен үйлөрдүн жер пайлары сейсмикалык талаптарга жооп береби, эски үйлөрдү калыбына келтирсек болобу, же жаңы үй куруу керекпи, ушулардын бардыгын комиссия тактоодо. Кудай буюрса, биз ишти Базар-Коргондон баштаганы турабыз. Себеби, алар эртерээк ынтымакка келип, үйлөрүбүздү өзүбүз калыбына келтиребиз, мамлекет жардам берсе эле болду, - деп демилге көтөрүшүүдө. Ошонун негизинде биз Базар-Коргон, Сузак, Ала-Бука, Жалал-Абадда эртерээк жумуш баштайбыз. Ош облусунун Мады айыл өкмөтү менен сүйлөшүүлөр болууда. Ал жерде кийинки жумадан иш баштайбыз. Кызыл-Кыштак, Шарк айыл өкмөттөрү, Нариман айылында күйгөн турак-жайлар бар. Ошолордун бардыгы боюнча жергиликтүү бийликтер иштеп жатат. Эл ынтымакка келсе, комиссия жыйынтык чыгарса эле биз ишти баштайбыз. - Буга чейин бир короодо үч-төрт үй-бүлө жашап келген учурлар болгон. Азыр эми ошол үй-бүлөлөрдүн ар бирине үй курулабы? - Жок, күйгөнгө чейин бир короодо канча үй, канча бөлмө болгон, ошого жараша мамлекет тарабынан, мурунку өкмөт тарабынан кабыл алынган токтомдун негизинде гана жардам беребиз. Баарына үй курабыз десек анда Кыргызстандын эч нерсеси жетпейт. Жакын арада бүткөрө албайбыз. Ошон үчүн эмне күйсө ошону гана калыбына келтиребиз. Азыр бардыгына расчеттук эсептерди ачтырып жатабыз, акчаларын жакын арада түшүрөбүз. Андан тышкары биз мурунку жер титирөөдөн, көчкүдөн, суу алгандан жабыр тарткандарга жардам берүүдөбүз. Өткөн жумада эле биз аларга 48 млн. сом тараттык. Бардыгынын колдорунда сертификаттары бар, кийинкилери жаңыдан алышууда. Эмки жумада буюрса, Ошто да иштер башталат деп турабыз. Өткөн жумада Ош шаардык мэриясында шаардын башкы планын карадык. Баягы эски башкы планды оңдоп, түзөп, шаарды оңдоп алалы деген максатта бир аз өзгөртүүлөрдү сунуш кылдык. Эми качанкыга чейин эле Ош шаарында таза суу жетишсиз болот, канализация жок болот? Өткөндө кагылышуу учурунда базарларга, үйлөрдүн арасына тез жардам автомашиналары кире албай калган учурлар болду. Ошол көчөлөрдү ирээтке келтирүүбүз зарыл. Мамлекет тарабынан 100 млн. доллар каражат бөлүндү. Азыр мурдагы жапа чеккендерге компенсация берилүүдө. Ошентип биздин дирекция жаңыдан эле иш баштады. Кадр маселеси толук чечилип бүтө элек. Мен 10-августка чейин толук кандуу иштеп кетебиз деп ишенем. Жакын арада бардык жерде жумуш башталат деп айтууга негиз да бар. Бүгүнкү күндө донорлор менен иштешип жатабыз. Донорлор дагы биздин сунуштарыбызды колдошту, үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча биздин негизги өнөктөш болгон качкындар маселеси боюнча Жогорку Комиссариат менен иш баштаганы турабыз. Биздин алдыга койгон максатыбыз - кышка чейин бардык үйлөрдү калыбына келтирүү. Бирок Ош шаарында проблема көбүрөөк болот, себеби шаарда эл көп, жер маселеси оор маселелерден. Ошого карабастан улуттар аралык ынтымакка жетишип алсак, калган маселелер чечиле берет. Азыр көрүп турасыз, ар бир үйгө өз алдынча мамиле кылуу керек. Элдин арасында ушак-айың көп. Эски үйлөрдүн баарын талкалап, тегиздеп таштайт экен, - деген сыяктуу элдин тынчын ала турган сөздөр тароодо. Андай болбойт. Жеке менчик көздүн карегиндей, мыйзам чегинде сакталат. Бир гана маселе-кокустан айрым үй, турак-жай жолго түшүп калса, же суу түтүктөрүнүн же канализациянын линиясына туш келип калса, анда ал үйдүн ээлерине компенсация берилет, же башка жерден үй же жер берилет. Ар бир жаран өз менчигин коргогонго укуктуу. Анан шаарды билесиз, 70-жылдардан бери кеңейип, элдин саны жылдан-жылга өсүүдө. Анар, Төлөйкөн кичи райондору ошондо башталып, аягына жетпей калган. Ошол мезгилдеги башкы планды бир аз өзгөртүүлөрү менен азыр ишке ашырабыз. 20-30 жылдан бери шаар болуп көрбөгөндөй тез өсүп, 1990-жылдан бери курулуштар башкы планга карабай эле туш келди курула баштаган. Жер табылган жерден эле участок берилип, курулуш туш келди салынып келген. - Көп кабаттуу үйлөр курулат дебедиңизби, ошол үйлөрдү кайсыл жерге курууну пландаштырып жатасыздар? - Шаардын Текстиль, Анар кичи райондорунда бош жерлер бар экен. Бир кезде башталып, бүтпөй калган курулуштар турат. Ошол жерлерге көп кабаттуу со-циалдык турак үйлөр курулат. Ал үйлөр шаардын турак-жайга муктаж жарандарына, өзгөчө мугалимдерге, медицина кызматкерлерине, социалдык жактан корголбогон, багар-көрөрү жок атуулдарына берилмекчи. - Күйүп кеткен үйлөр качан бүтөт деп ойлойсуз? - Мына Базар-Коргондо курулушту кудай буюрса эмки жумадан баштайбыз. Биринчи курула турган 30 үйдү комиссия тактады, ошол үйлөрдүн курулушу башталат. - Күзгө чейин үйсүздөр үйлөрүнө кире алышабы? - Күз деген келип калбадыбы. Ноябрь айынын орто ченинде, суук түшкөнгө чейин, декабрь айынын башында бүтүп калабыз деген пландарыбыз бар. Албетте, анын баарына каражат керек. Курулуш материалдары керек. Азырынча уюштуруу иштери гана башталууда. Иш башталганда кыйынчылыктар сөзсүз болот, тактай, шифер жетпейт, цемент жетпейт, тигил, бул жетпейт. Бирок эл аралык уюмдар жакшы жардам берип жатышат. Коңшу мамлекеттер жардам беребиз дешүүдө. Ошолордун баары келип калса бир топ проблемалар чечилип калмакчы. Анан өзүбүздө кыш бар, цемент бар дегендей. - Буга чейин курулган кичи райондордун чечилбеген маселелери кандай болоор экен. Мисалы, Ак-Тилек, Амир Темур кичи райондорунда көп маселелер чечиле элек эмеспи… - Жок, биз кичи райондордун маселелерин башка проблемалар менен бирдикте чечүүгө аракет кылабыз. Бул шаардын өнүгүшү боюнча бүгүн, эртең дагы биздин негизги донорлорубуз: Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүктүрүү Банкы, Европалык банктар биз менен иштеп жатышат. Кудай буюрса жылдын аягына чейин Ош, Жалал-Абад шаарларында таза суу, канализация боюнча долбоорду жүргүзөбүз. Бул негизги маселелерден. Болбосо эсиңиздерде болсо керек, 1998-жылы чоң эпидемия болуп, ич келте (брюшной тиф) жайылып кеткен. Азыр кээ бир райондорубузда таза суу жок, канализация жок. Кудай өзү гана сактап жүрөт. Ошолордун бардыгын чечүүгө аракет кылабыз. - Жаңы иш баштадыңыздар, проблема көппү? - Жаңы иш баштадык, бир жумадай мен өзүм жалгыз жүрдүм. Азыр кызматкерлерди алып, Ошто, Жалал-Абадда кеңсе түзүп, 15-20дай болуп калдык. Аркы жумадан толук кандуу иштей баштайбыз деп турабыз. Азыр жаңы төрөлгөн баладайбыз. Эч нерсебиз жок. Жада калса стол, стулдарыбыз да жок. Буюрса, бардыгы болот. - Көп жылдар бою Ош шаарын, Ош облусун жетектеп, ушул шаарда жашаган атуул катары бүгүнкү кырдаалда шаардыктарга айтаар сөзүңүз барбы? - Мен Түштүк элин сабырдуулукка чакыраар элем. Албетте, бул окуя болбой калса жакшы болмок. Бири-биринен ажыратып карабай турган бир туугандай эки элдин ортосуна жик түшүп, эки бир туугандын көңүлүнө жарака кетип отурат. Карапайым элге араздашуунун кереги жок эле. Кандай болсо да бул урушту уюштургандарды таап, алар мыйзам чегинде жоопко тартылыш керек деп ойлойм. - Сиз Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорлугунан сырткары вице-премьер-министрсиз. Эми мындан ары дайыма Ошто болосузбу? - Дайыма Ошто болом.Бишкекке каржы боюнча, саясат, башка маселелерди чечишке гана барам. Бирок биздин башкы кеңсебиз ушул жерде болот. - Алдыда кандай максаттарыңыздар бар? - Максатыбыз эле ушул кышка чейин элди турак-жай менен камсыз кылсак. Бул биздин башкы милдетибиз. Анан мектептерибиз күйүп кетти, ошолорду калыбына келтирсек дейбиз. Жаңы окуу жылына бүткөрөбүз десек жалганчы болуп калабыз, бирок мектептердин курулушун эртелетпесек болбойт. Мына ушундай пландарыбыз бар. Жыпара Акунова, "Кыргыз Туусу" гезити, (Кыргыз гезиттеринин айылы), 27-июль, 2010-жыл
Дата обновления: 30.07.10 17:25
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



Жантөрө Сатыбалдиев: "Кышка чейин үйлөрдү бүткөрөбүз"

