|
Бүгүн 29 июль 2010 ж. |
|
Р.Отунбаева Баткен облусунун калкы менен жолугууда
Бишкек, Zpress.kg.Президент Роза Отунбаева Баткен облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө аймактын калкы менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине Баткен облустук мамадминистрациясынын басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирет. Анын айтымында, жолугушууда министрлик, ведомство жана айыл округдарынын жетекчилери, акимдер, коомдук жана өкмөттүк эмес… подробнее |
|
Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери Т.Тургуналиевди сотко берет
Бишкек, Zpress.kg. Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, президент Роза Отунбаеванын чечими менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин тегерегиндеги ызы-чууну иликтей турган комиссия түзүлдү. Комиссияны көз карандысыз адис, эколог Эмил Шүкүров жетектеп, 2-августка дейре чечим чыгарары күтүлүүдө. Топчубек Тургуналиевдин аталган агенттикти жетектешине… подробнее |
|
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
Бишкек, Zpress.kg. “АКШ Кыргызстандын элине жана өкмөтүнө 48,6 миллион долларды жардам катары берет. Бул тууралуу 27-июнда болгон донорлордун эл аралык жыйынында айтылды”,-деп кабарлайт АКШнын элчилиги. “Донорлордун конференциясынын учурунда жана Ош областына барган иш сапардын жыйынтыгында АКШнын расмий өкүлдөрү бийлик органдарын этникалык өзгөчөлүгүнө карабай баардык атуулдарга адилет мамиле… подробнее |
|
Ош шаарында жана Ош областында өткөн суткаларда 51 кылмыш иши катталды
Бишкек, Zpress.kg.Өткөн суткаларда Ош областында жана Ош шаарында 51 кылмыш иши катталса, анын 23ү түштүк борбордо, ал эми 28и областын аймагында болгон. Бул тууралуу Ош областынын комендантынын басма сөз кызматы кабарлады. Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен 24 кылмыш ишинин бети ачылды. Учурда ички иштер органдары калк арасында түшүндүрүү… подробнее |
|
CNN: Рекорддук көлөмдөгү гигант жылдыз табылды
Илимпоздор монстр -жылдызды табышты Эгерде жакын болсо Жерди күйгүзүп жибере турган Күн Айды тутулткандай биздин Күндү толук тутулта турган жарык жылдызды элестетип көрүңүз. Бул монстр мейкиндиктин тээ тереңинде жайгашса дагы. Бул жылдыз- кээ бир илимпоздордун астрономиялык кыялы эмес. Астрономдор аябай массивдүү жылдызды… подробнее |
|
Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти
Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат. Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек… подробнее |
|
Башкы окуялар
29.07.10 16:14
Күрпсай ГЭСинде электр параметрлери начарлаган
29.07.10 12:20
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
29.07.10 12:13
Ө.Текебаев О.Малеваная менен маалыматтык колдоо жана пиар боюнча келишим түздү деген кептер айтылууда
InoZpress
Добуш берүү
Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полициянын кирүүсү тууралуу чечимге кандай карайсыз?
|
02.02.10 16:43
“Foreign Policy”: АКШнын мамлекеттик катчысынын кызматына талапкерлер
Кийинки мамлекеттик катчы ким болот? Мамлекеттик катчынын иши оор: сиз аптанын көпчүлүк күндөрү жолдо болосуз жана көбүнчө өз өлкөңүздүн тышкы саясаты тууралуу каалаганыздан да азыраак айтасыз. Кадыресе алганда Мамлекеттик департаментте парадга командачылык кылуу төрт жылга созулаары таң калаарлык деле эмес. Мындай жол менен мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон 2012-жылы дагы келе жаткан төрт жыл үчүн өзүн мамлекеттик катчы катары элестете албасын айткандан кийин, анын ордун ким алмаштырат? деген кадимки суроо туулат.Тышкы саясат боюнча кеңешчилер бул тандоо президент Обаманын кайсы имиджи тандап алаарынан жана дүйнөдө ошол учурда эмне болоорунан көз каранды болот деп эсептешет. “Азыр Американын тышкы саясат боюнча жагдайы жана абалы абдан өзгөрүлмө болуп турат”,-дейт эл аралык мамилелер боюнча кеңешчи Уолтер Рассел Мид.”Анын тандоосу ал дүйнөнү эмне менен көңүл бурдураарына: аларды жакшылык менен көмүп же көбүрөөк агрессивдүү жүрүштү каалоосунан түздөн-түз көз каранды болот” Төмөндө «Cable» окурмандарынын жардамы жана эксперттер тарабынан чогултулган алгачкы тизме сунушталмакчы. Көбүрөөк шайланып калышы мүмкүн делген талапкер: Джон Керри Керри бул кызматка келүү үчүн Обама шайланганга чейин эле кампания жүргүзүп келген. Ал афган президенти Хамид Карзайды жаңы шайлоолорду өткөрүүгө ынандыруу учурунда абдан эле дипломат катары көрүндү. Ал жетектеген тышкы иштер боюнча сенаттык комиссия болжолу бул сүйлөшүүдөн соң анын уюмду жетектей турган мүмкүнчүлүктөрүнөн шектенүүлөрүн биротоло өчүрдү окшойт. Анын эл аралык кадыр-баркы бар жана Массачусетте бекем (салыштырмалуу) креслосу бар. Көмүскөдөгү кардинал: Ричард Лугар Лугарды өйүз-бүйүзү менен урматташат. Ал таркатылбай турган өзөктүк курал маселелери боюнча абдан чоң кызматтык тизмени билет, эл аралык маселелерде бай тажрыйбага ээ, ошондой эле Мамлекеттик департаменттеги бюрократияны коргоо боюнча ишенимдүү коргоочу болуп келген. Анын бул кызматка дайындалуусу Обаманын эки партиялык кабинетке ээ болуусу тууралуу милдеттенмелерин уланып жаткандыгынын белгилери болушу да мүмкүн. Бирок кийинки маселеде суроо келип чыгат: 2012-жылы 80 жашка чыга турган Лугар бул кызмат үчүн жетишээрлик кубаттуу боло алабы? Өз саатын күтүп жүргөн: Джим Штейнберг Штейнберг Обаманын дайындоолорунун биринчи раундунда чоңураак кызмат албай калганына нааразы болуп жүрөт деп айтышат, бирок ал мамлекеттик катчынын орун басары катары баардык маселелерге катышуусу жана Азияны жеке өзүнүн башкаруу укугуна алуусу менен таңкалаарлыктай активдүүлүгүн көрсөттү. Ал жумшак өтүп кетүүдө пайдаланууга мүмкүн болгон иштерди билет. Болгону анын ички жана ведомостволор аралык конфликти жалгыз жетишпеген жагы болуп калуусу мүмкүн. Кабинет курамына кирип калды делген: Сьюзэн Райс Райс Бириккен Улуттар Уюмунун буга чейинки иштеп келген элчилеринен айырмаланып Вашингтондо көп убактысын өткөрөт. Кабинет мүчөсүнүн рангында болуп туруп, ал буга чейин тышкы саясатта роль ойногондон тартынган жок жана ал Обама менен жакын жана тыгыз мамиледе болуудан пайда таап келет. Анын дайындалышы эл аралык дипломатияда жана милдетмелерде күчтөрдүн эки эселенишинин күбөсү болуп калат. Бирок катаал мезгилдер келип жана согуштар алоолонуп кетсе, бул айымдын мүмкүнчүлүктөрү азаят. Абдан эле алыс: Ричард Холбрук/Джордж Митчелл Бир жыл мурда бул эки атайын аткаруучу Клинтондун татыктуу мураскери катары каралышы күмөн болчу. Бул экөө тең тышкы саясий истеблишментте маанилүү персоналар болуп эсептелет: бирок ушуга чейин алардын эл аралык маселелерди чечүү боюнча кылган аракеттери оозго алаарлыктай ийгилик жарата алган жок. Ошентсе да Афганистандагы же Жакынкы Чыгыштагы жагдай алдыңкы эки жылда жакшырса алардын позициясы дагы жогорулайт. Колуктунун түбөлүк дос кызы: Чак Хэйгел ММКнын сүйүктүүсү Хэйгел кандай гана учурда болбосун дайыма эки тизгин, бир чылбырды колунан түшүрбөй келет. Анын жаалы кайнаган эркин жана кескин стили Обаманын академиялык интеллектуализми менен дал келбейт. Анысы аз келгенсип ал саякаттап жүрүүнү сүйбөгөндүктөн жогорку даражалуу элчилик кызматтан баш тартты деп айтып жүрүшөт, бул жагынан анын мамлекет катчысына талапкерлиги олуттуу карап көрүүгө туш келиши мүмкүн. Жашыруун аргымак: Дэвид Петрэус Петрэустун Борбордук командачылыктын башчысы катары мөөнөтү аяктаса, анын кийинки ролу тууралуу жалпы улуттук божомол башталышы күтүлөт. Эгерде эл аралык кырдаал коопсуз эмес жана аныкталбаган бойдон калуусун улантса Петрэустун статусу ага аскер адамы американын тышкы саясатынын жүзү болуп калат деген тынчсыздануусун жоюуга жардам бермекчи. Обама президенттик орунга потенциалдуу атаандаштарды дайыма “жутууга” даяр экендигин демонстрациялады, ал эми генерал кайсыл бир саясий кызыкчылыкты көздөбөгөнүн чечкиндүү турдө четке кагып келсе да, республикачылардын атынан 2012-жылы президентикке талапкер катары дайыма талкууга алынып келет. Джош Роджин «Foreign Policy», 29 –январь, 2010-жыл Котормо – «Zpress.kg»
Дата обновления: 02.02.10 16:48
Комментариялар(0)
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



“Foreign Policy”: АКШнын мамлекеттик катчысынын кызматына талапкерлер

