FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 29 июль 2010 ж.
Р.Отунбаева Баткен облусунун калкы менен жолугууда
 Бишкек, Zpress.kg.Президент Роза Отунбаева Баткен облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө аймактын калкы менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине Баткен облустук мамадминистрациясынын басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирет.

Анын айтымында, жолугушууда министрлик, ведомство жана айыл округдарынын жетекчилери, акимдер, коомдук жана өкмөттүк эмес… подробнее
Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери Т.Тургуналиевди сотко берет
 Бишкек, Zpress.kg. Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, президент Роза Отунбаеванын чечими менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин тегерегиндеги ызы-чууну иликтей турган комиссия түзүлдү. Комиссияны көз карандысыз адис, эколог Эмил Шүкүров жетектеп, 2-августка дейре чечим чыгарары күтүлүүдө. Топчубек Тургуналиевдин аталган агенттикти жетектешине… подробнее
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
Бишкек, Zpress.kg.  “АКШ Кыргызстандын элине жана өкмөтүнө  48,6 миллион долларды жардам катары  берет. Бул тууралуу  27-июнда болгон донорлордун эл аралык жыйынында айтылды”,-деп кабарлайт АКШнын элчилиги.
 “Донорлордун конференциясынын учурунда жана Ош областына барган иш сапардын жыйынтыгында АКШнын расмий өкүлдөрү бийлик органдарын этникалык  өзгөчөлүгүнө карабай баардык атуулдарга адилет мамиле… подробнее
Ош шаарында жана Ош областында өткөн суткаларда 51 кылмыш иши катталды
Бишкек, Zpress.kg.Өткөн суткаларда Ош областында жана Ош шаарында 51 кылмыш иши катталса, анын 23ү түштүк борбордо, ал эми 28и областын аймагында  болгон. Бул тууралуу Ош областынын комендантынын басма сөз кызматы кабарлады.
 Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен 24 кылмыш ишинин бети ачылды. Учурда  ички иштер органдары калк арасында түшүндүрүү… подробнее
CNN: Рекорддук көлөмдөгү гигант жылдыз табылды
Илимпоздор монстр -жылдызды табышты

Эгерде жакын болсо Жерди  күйгүзүп  жибере турган  Күн Айды тутулткандай биздин Күндү толук  тутулта турган жарык жылдызды элестетип көрүңүз. Бул монстр мейкиндиктин тээ тереңинде жайгашса дагы.
 
Бул жылдыз- кээ бир илимпоздордун астрономиялык кыялы эмес. Астрономдор аябай массивдүү жылдызды… подробнее
Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти
Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат.

Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полициянын кирүүсү тууралуу чечимге кандай карайсыз?
каршымын
колдойм
эч нерсе деп айта албай турам
   
11.02.10 16:26
ВВС: Буйрутма өлтүрүүлөр кыргыз журналистикасынын табытына мык кагып жатат

Жырткычтык менен кол салуулар  кыргыз журналистерин шок кылууда

ВВСнин кабарчысы Райхан Демитри журналист  Геннадий Павлюктун өлүмү жана башка  журналисттерге  карата кол салуулар Кыргызстан боюнча массалык маалымат каражаттарын шок кылып жаткандыгы тууралуу айтат.

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы кофе иччү жайдын бурчунда  Ольга Колосова көз жашын карманып олтурду.”Мен болуп өткөн окуяга аны ооруканада көргөнгө чейин ишенген жокмун”,-дейт ал.”Мен акыркы мүнөттөргө чейин бул ката экендигине ынангым келди”. Бирок бул ката эмес эле.

Геннадий Павлюк - анын сегиз жыл бирге түтүн булаткан күйөөсү акыл эсинен танып коңшулаш Казакстандагы ооруканада жатты. Журналистти алтынчы  кабаттан колу-бутун байлап туруп ыргытып жиберишкен. Ал комадан чыкпай жатып бир нече күндөн кийин көз жумду.

Геннадий Павлюктун өлүмү Кыргызстандын коомчулугу жана массалык маалымат каражаттары үчүн абдан үрөй учурган окуя болду. Бул жердин адамдары журналисттердин коркутуп -үркүтүү жана аларга кол салуу тууралуу  дайыма угушат. Бирок эч ким мынчалык жырткычтык менен кол салуу тууралуу күткөн эмес.

Павлюк  көбүнчө өкмөткө карата сын пикирин жашырбаган белгилүү корреспондент эле. Өлөөрүнө бир нече күн калганда ал оппозициянын лидери менен сүйлөшүп жана жаңы гезитти чыгарууга даярданып жаткан.

Коркутуулар жана кол салуулар


Кыргыз оппозициясы 2006-жылдан баштап 60 журналист кол салууга, коркутууга жана өлүмгө дуушар болгонун ырастайт. Бирок өкмөт бул фактыны четке кагып, журналисттерге болгон кол салуулардын көбү алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес деп билдирет.

Бир аз мурда өз сөзүндө Кыргызстандын Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев парламент комитетинин алдында сүйлөгөн сөзүндө өткөн беш жыл аралыгында  31 кол салуу катталганын, анын көпчүлүгү майда талап-тоноо жана бейбаштык окуялары экендигин айтты.

Буга чейин болгон он бир окуяны полиция карабай калган. Алардын арасында 2009-жылы мартта  «Репортер-Бишкек»  көз карандысыз гезитинде  иштеген журналист Сыргак  Абдылдаевга болгон кол салуу бар. Ал белгисиз адамдар эки колун сындырып жана жыйырмадан ашык бычак ургандан кийин Кудайдын керемети  менен аман калган. Айыгып  чыккан  соң  журналист дагы деле болсо өлүм тууралуу  коркутуу уга берип натыйжада өлкөнү таштоого аргасыз болгон.”Биз бул кол салуу ким тарабынан уюшулганын билбейбиз жана болжолу жакын арада да билбейт болушубуз керек, бирок  буга өкмөттүн структуралары же саясатчылар аралашкан деп божомолдоого  ыңгайлуу болуп олтурабыз”,-дейт газетанын ээлеринин бири Султан Каназаров.

Азыр газета каржылык кыйынчылыктан улам тиражын көбөйтпөй турат.”Биздин гезиттин биринчи саны чыккан күндөн баштап эле потенциалдуу бир нерсе болоорун билгенбиз. Биз соттук иштерге же салык инспекциясына даяр болчубуз. Бирок Сыргак менен болгон окуядан кийин баарбыз шок абалында калдык”,-дейт Каназаров.

Өкмөт журналисттерге болгон кайсыл гана кол салуу болбосун  танып келген болсо, башкалар башка себеп болушу мүмкүн эмес деп эсептешет. ”Өкмөттү сындап келген  журналисттер кол салууларга жана коркутууларга кабылып келишет”,-дейт Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын биринин жетекчиси Асия Сасыкбаева. “”Президенттин туугандары тууралуу жазган бир журналист айым өлкөдөн кетүүгө аргасыз болду, себеби өмүрүм коркунучта деп эсептеди”.

Сабалган жана тонолгон

Саясат таануучу Александр Князев 2009-жылдын декабрь айында Бишкекте сабалды жана тонолду. Инцидент журналист Москвада Кыргызстандын  мурдагы президенти Аскар Акаев менен жолугушкандан кийин бир нече күндөн соң болуп олтурат.”Алар менин документтери бар сумкамды жана ноутбукумду уурдап кетишти”,-дейт Князев. “Аларды менин чөнтөк дептерим же уюлдук телефонум кызыктырган жок. Болжолу “ууралар” мен кийинки революция үчүн акча алып келдим деп ойлошту окшойт”,-деп тамашалайт ал.

Журналисттерге кол салуулардын көбөйүп жатышы, айрыкча Геннадий Павлюк менен болгон окуя Кыргызстандагы басма сөз жагдайынын эркиндиги тууралуу маселеге эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдурду. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму,Европа биримдиги жана АКШ Кыргызстандагы журналисттерге жана саясий оппозициячыларга кол салуулардын уланып жатышына тынчсыздангандыктарын билдиришти.
 
Бирок президенттин Катчылыгынан Илим Карыпбеков өкмөт ар бир ишти изилдөөдө дыканттык менен иш алып барып жатканын айтат.”Биз Геннадий Павлюк менен болгон окуяга терең кайгырабыз”,-дейт ал.”Биз  бул ишти иликтеп жаткан Казакстандын полициясы менен кызматташып жатабыз. Бул биздин кызыкчылыгыбыз, себеби мындай кабарлар  өлкө үчүн тескери таасир берээрин билебиз”.

Табыттагы мык”

Бир кезде Борбордук  Азиядагы  “демократиянын аралчасы” деп аталгант өлкө бир аз мурда “Freedom House” укук коргоо уюмунун рейтинги боюнча “эркин эмес” өлкөнүн катарына кирди.

Курманбек Бакиев  бийликке 2005-жылы  өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаевди кууп жиберген массалык  каршылык акцияларынан- айтыла жүргөн кадимки “жоогазын революциясынан” кийин келген. Бакиев демократиялык реформаларды жүргүзүүгө жана кеңири кулач жайган коррупцияны жоюуга убада берген. Бирок, сынчылардын пикиринде демократиялаштыруунун ордуна президент Бакиевдин өкмөтү сөз эркиндигин чектеп жана  репрессияны күчөткөн.

Өлкөдө дагы деле болсо бир нече оппозициялык маанайдагы газеталар бар, бирок кээ бир газеталар акыркы жылдары  жалган жалаа тууралуу мыйзам менен  бет келишип жана жабылууга аргасыз болушту. Азаттык”  радиосу жана ВВСнин кыргыз кызматы сыяктуу чет элдик  ММКларга  иштөөгө уруксат берилген, бирок көпчүлүк жергиликтүү ТВ жана радиостанциялар президентти  же болбосо анын администрациясын сынга алышпайт.

Султан Каназаровдун айтымында, азыркы учурда Кыргызстанда  социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүп чыкканга караганда, шоу-бизнестин өкүлдөрү тууралуу жазуу көбүрөөк коркунучтуу эмес. ”Бардык инциденттер сөз эркиндигине таасир берет  жана журналисттердин  арасында өзүн-өзү цензурага алууну көбөйтөт”, -дейт ал. “Геннадий Павлюктун өлүмү Кыргызстандын журналистикасына кагылган акыркы мык болду”

ВВС, 6-февраль, 2010 -жыл
Котормо – «Zpress.kg»


 
 


Дата обновления: 11.02.10 16:36
Комментариялар(0)
Авторизация
Логин  
Сыр сөз
Комментарияларды калтырыш үчүн, Сиз авторизациядан өтүңүз керек.

Материалы по теме
06.01.10 13:52 Софияда белгилүү радиожурналист өлтүрүлдү
28.12.09 10:55 Нарында жергиликтүү журналистке С.Мамбеталиев атындагы сыйлык тапшырылды
16.12.09 10:19 Журналистин эмгек укуктары боюнча окуу өттү
18.11.09 10:29 Баткенде журналисттер үчүн медиа тур өткөрүлүп жатат
04.11.09 10:06 Журналисттерди токмоктоо күч алды
08.09.09 16:32 Марат Токоев: Бийлик журналисттерге кайдыгер
14.08.09 12:15 Журналист Сыргак Абдылдаев Кыргызстандан чыгып кетти
11.08.09 14:49 Эки журналист соттошуп жатат
24.07.09 14:22 Кыргызстан журналисттер үчүн өтө кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине кирди
21.07.09 11:24 А.Ташиевдин өлүмүнө себепкер делген бир катар милиционерлер кызматынан бошотулушту
14.07.09 16:51 Журналист А.Ташиевди урган милиционер айыбын мойнуна алды
13.07.09 19:04 Журналист Ташиевдин сабалышына байланыштуу жазылган түшүнүк кат экспертизадан өткөрүлөт
13.07.09 11:25 Бүгүн ур-токмоктон улам каза болгон журналист Алмаз Ташиевдин сөөгү жерге берилет
   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).