|
Бүгүн 29 июль 2010 ж. |
|
Р.Отунбаева Баткен облусунун калкы менен жолугууда
Бишкек, Zpress.kg.Президент Роза Отунбаева Баткен облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө аймактын калкы менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине Баткен облустук мамадминистрациясынын басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирет. Анын айтымында, жолугушууда министрлик, ведомство жана айыл округдарынын жетекчилери, акимдер, коомдук жана өкмөттүк эмес… подробнее |
|
Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери Т.Тургуналиевди сотко берет
Бишкек, Zpress.kg. Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, президент Роза Отунбаеванын чечими менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин тегерегиндеги ызы-чууну иликтей турган комиссия түзүлдү. Комиссияны көз карандысыз адис, эколог Эмил Шүкүров жетектеп, 2-августка дейре чечим чыгарары күтүлүүдө. Топчубек Тургуналиевдин аталган агенттикти жетектешине… подробнее |
|
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
Бишкек, Zpress.kg. “АКШ Кыргызстандын элине жана өкмөтүнө 48,6 миллион долларды жардам катары берет. Бул тууралуу 27-июнда болгон донорлордун эл аралык жыйынында айтылды”,-деп кабарлайт АКШнын элчилиги. “Донорлордун конференциясынын учурунда жана Ош областына барган иш сапардын жыйынтыгында АКШнын расмий өкүлдөрү бийлик органдарын этникалык өзгөчөлүгүнө карабай баардык атуулдарга адилет мамиле… подробнее |
|
Ош шаарында жана Ош областында өткөн суткаларда 51 кылмыш иши катталды
Бишкек, Zpress.kg.Өткөн суткаларда Ош областында жана Ош шаарында 51 кылмыш иши катталса, анын 23ү түштүк борбордо, ал эми 28и областын аймагында болгон. Бул тууралуу Ош областынын комендантынын басма сөз кызматы кабарлады. Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен 24 кылмыш ишинин бети ачылды. Учурда ички иштер органдары калк арасында түшүндүрүү… подробнее |
|
CNN: Рекорддук көлөмдөгү гигант жылдыз табылды
Илимпоздор монстр -жылдызды табышты Эгерде жакын болсо Жерди күйгүзүп жибере турган Күн Айды тутулткандай биздин Күндү толук тутулта турган жарык жылдызды элестетип көрүңүз. Бул монстр мейкиндиктин тээ тереңинде жайгашса дагы. Бул жылдыз- кээ бир илимпоздордун астрономиялык кыялы эмес. Астрономдор аябай массивдүү жылдызды… подробнее |
|
Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти
Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат. Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек… подробнее |
|
Башкы окуялар
29.07.10 16:14
Күрпсай ГЭСинде электр параметрлери начарлаган
29.07.10 12:20
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
29.07.10 12:13
Ө.Текебаев О.Малеваная менен маалыматтык колдоо жана пиар боюнча келишим түздү деген кептер айтылууда
InoZpress
Добуш берүү
Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полициянын кирүүсү тууралуу чечимге кандай карайсыз?
|
16.02.10 16:59
“Telegraph”: Чөгүп кеткен советтик субмаринанын кичинекей сыры ачылды
АКШ чөгүп кеткен советтик суу астында жүрчү кайыкты утилизация кылганын мойнуна алды Американын өкмөтү акыры чөгүп кеткен советтик суу астында жүрчү кайыкты алып чыгуу тууралуу жашыруун миссиянын майда-бараты тууралуу жаңы маалымат таратты. Отуз жылдан ашык убакытка созулган “Муздак согуштун” кымбатка турган жана көбүрөөк татаал болгон долбоорлорунун бири тууралуу унчукпастык акыры аягы моюнга алуу менен бүттү. ЦРУ дайыма бүгүнкү акча менен алганда 1 миллиард фунт стрерлинг турган жана Говард Хьюз өнөр жайчылары тарабынан колдоого алынган, 1974-жылы машыгууга чакырылган «Azorian» долбоорунун эң эле арзыбаган деталдары тууралуу да ырастоодон баш тартып келген. Бирок маалымат эркиндигинде жашыруун маалыматты айтуу тууралуу АКШнын билдирүүсүнөн кийин, ЦРУ көп жылдар бою жоопсуз калып келген, балким кээ бирөөлөр үчүн чоң сырды- миссиянын ички максаты тууралуу доклад жарыялады. 1985 -жылы жарыяланган ЦРУнун ички журналында 50 беттен турган макалада ЦРУ президент Никсон өзүнүн жогорку даражалуу аскер начальниктеринин кеңештерине кулак салбай, суу кайыгындагы өзөктүк курал тууралуу маалымат алууга үмүт кылгандыг тууралуу баяндалат. «Гольф II» же болбосо К-129 деп аталган Советтик суу астында жүрүүчү кайык 1968-жылы Гавай аралдарынан түндүк-батышта эч ким эч качан түшүндүрө албаган жагдайда Тынч океанга чөгүп кеткен. Ал өзөктүк куралы бар үч баллисттик ракетаны алып бара жаткан болчу.Бир аз мурда жарыяланган докладга ылайык болжолдуу алганда океандын түбүндө үч миля тереңдикте жаткан суднаны көтөрүп чыгуудагы кыйынчылыктарга карабай Ричард Никсон аны алып чыгуу үчүн максаттуу топ түзүү тууралуу буйрук берген. Бул долбоор абдан көп каражат талап кылгандыгы жана жакшырып бара жаткан америка-совет мамилелерине зыян келтирип койбоосу үчүн токтотулган болчу. Ошого карабай суу кайыгынын бир бөлүгү атайын жасалган «Хьюз Гломэр Эксплорер» куткаруучу суднасынын тростору менен көтөрүлүп чыгарылган. Бул суднада сейрек кездешүүчү көтөргүч механизм пайдаланылган. Терең суу алдындагы иштерге адистешкен кайыкка Говард Хьюз өз атын берген, бирок ЦРУнун документтерине таянсак, суднанын артынан дайыма советтик кораблдер аңдып жүрүшчү. Орустар штрум менен кайыкты тартып алууга аракет кылбасын деп америкалыктар судна токтоочу аянтты блоктоп салышкан. Америкалыктар калдыктардын арасынан табылган деңизде жоголгон алты советтик моряктын сөөгүн коюшкан. Операциянын жардамы менен эмне куткарылганы түшүнүксүз бойдон калып жатат, себеби ЦРУнун тесттеринин айрым бөлүктөрү редакцияланган. Бирок тарыхчылар жана журналисттер көбүрөөк стартегиялык мааниге ээ болгон советтик жабдуу тууралуу маалыматтар Коопсуздук боюнча улуттук архивден алынган ЦРУнун макалаларында айтылган эмес деген жыйынтыкка келишти. Көз карандысыз байкоочулар “анча пайдалуу эмес” жыйынтыктар, мисалы, америкалык чылгындоо кызматынын аскердик рухун көтөрүү жана оор деңиз кемелерин көтөрүп чыгуучу областа алдыңкы жетишкендиктер гана болгон деп эскеришет. Том Леонард «Telegraph», 15- февраль, 2010-жыл Котормо – «Zpress.kg»
Дата обновления: 16.02.10 16:59
Комментариялар(0)
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



“Telegraph”: Чөгүп кеткен советтик субмаринанын кичинекей сыры ачылды

