FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 29 июль 2010 ж.
Р.Отунбаева Баткен облусунун калкы менен жолугууда
 Бишкек, Zpress.kg.Президент Роза Отунбаева Баткен облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө аймактын калкы менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине Баткен облустук мамадминистрациясынын басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирет.

Анын айтымында, жолугушууда министрлик, ведомство жана айыл округдарынын жетекчилери, акимдер, коомдук жана өкмөттүк эмес… подробнее
Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери Т.Тургуналиевди сотко берет
 Бишкек, Zpress.kg. Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, президент Роза Отунбаеванын чечими менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин тегерегиндеги ызы-чууну иликтей турган комиссия түзүлдү. Комиссияны көз карандысыз адис, эколог Эмил Шүкүров жетектеп, 2-августка дейре чечим чыгарары күтүлүүдө. Топчубек Тургуналиевдин аталган агенттикти жетектешине… подробнее
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
Бишкек, Zpress.kg.  “АКШ Кыргызстандын элине жана өкмөтүнө  48,6 миллион долларды жардам катары  берет. Бул тууралуу  27-июнда болгон донорлордун эл аралык жыйынында айтылды”,-деп кабарлайт АКШнын элчилиги.
 “Донорлордун конференциясынын учурунда жана Ош областына барган иш сапардын жыйынтыгында АКШнын расмий өкүлдөрү бийлик органдарын этникалык  өзгөчөлүгүнө карабай баардык атуулдарга адилет мамиле… подробнее
Ош шаарында жана Ош областында өткөн суткаларда 51 кылмыш иши катталды
Бишкек, Zpress.kg.Өткөн суткаларда Ош областында жана Ош шаарында 51 кылмыш иши катталса, анын 23ү түштүк борбордо, ал эми 28и областын аймагында  болгон. Бул тууралуу Ош областынын комендантынын басма сөз кызматы кабарлады.
 Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен 24 кылмыш ишинин бети ачылды. Учурда  ички иштер органдары калк арасында түшүндүрүү… подробнее
CNN: Рекорддук көлөмдөгү гигант жылдыз табылды
Илимпоздор монстр -жылдызды табышты

Эгерде жакын болсо Жерди  күйгүзүп  жибере турган  Күн Айды тутулткандай биздин Күндү толук  тутулта турган жарык жылдызды элестетип көрүңүз. Бул монстр мейкиндиктин тээ тереңинде жайгашса дагы.
 
Бул жылдыз- кээ бир илимпоздордун астрономиялык кыялы эмес. Астрономдор аябай массивдүү жылдызды… подробнее
Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти
Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат.

Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полициянын кирүүсү тууралуу чечимге кандай карайсыз?
каршымын
колдойм
эч нерсе деп айта албай турам
   
26.02.10 15:50
«Guardian»: Ливиянын башчысы Швейцарияга каршы согушка чакырык таштады

Каддафи Швейцарияга каршы джихатка чакырат

Ливиянын лидери  бир кезде баласын полиция камакка алган Швейцарияны кудайсыздардын өлкөсү деп атап өлкөгө каршы вендетти күчөттү.


Кечээ Ливиянын лидери Муаммар Каддафи бир кезде полиция анын уулун камакка алган  өлкөгө вендетти күчөтүп  Швейцарияга карата джихатка же болбосо ыйык согушка чакырды. Бенгази шаарында болгон Мухаммед пайгамбардын туулган кунүн майрамдоо үчүн жолугушууда Каддафи өлкөнү “мечиттерди кыйраткан динсиз мамлекет” деп атады. Өткөн жылы ал өлкөнү жоюп жана аны Германия, Франция менен Италиянын карамагына бөлүп берүү керек деп ынандырууга аракет кылып Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылган  болчу.”Дүйнөдөгү Швейцарияда иштеп жаткан кай мусулман болбосун ал каапыр жана Мухаммедге, Кудайга жана Куранга  каршы”,-деп айтты Каддафи.

Өткөн жылдын ноябрь айында Швейцариянын шайлоочулары минареттерди курууга тыюу салуучу референдумдун уланышын колдошкон. Бул сунуш Швейцариянын  парламенттеги эң ири партияларынын бири болгон Элдик партия тарабынан жылдырылып жана аталган партия  минареттер исламдашуунун белгилери деп ырастагысы келген.Бирок  өлкөнүн өкмөтү бул чечим Швейцариянын, негизинен мусулман дүйнөсүнүн репутациясына доо кетирет деп каршы чыккан.

Каддафи Швейцарияга 2008-жылы Женевада анын уулу Ганнибал жана келини эң кымбат мейманканада эки кызматчыны урган деп шектелип  камалгандан тартып таарынып калган. Иликтөөдөн кийин эрди-зайып  Каддафилер бошотулган жана айыптоолор алынган болчу. Бирок ливиялык лидер  уулун эки күнгө камакка алууга ушунчалык ачуулангандыктан Ливиядагы швейцариялык фирмаларды жаап, эки швейцариялык ишкерди каматып, эки өлкөнүн ортосундагы көпчүлүк учууларды жоюп жана Швейцариядагы өзүнүн банктык эсебинин  болжолу 5 млрд. долларга жакын акчасын кайтарып алган. Бир швейцариялык ишкер кутулуп, бирок бирөө ушул аптада убактылуу баш калкалап турган Триполидеги Швейцариянын элчилигин таштап төрт айга темир тордун артына кетүүгө аргасыз болду.Бул Каддафини тынчтандыруу үчүн жасалды окшойт деп болжоп жатышат.

Ливия  Женевада Каддафинин уул-келининин камалышы жана ишкерлерди камоо боюнча жагдайлар бири-бири менен байланышпайт деп ырастайт. “Келгиле Швейцарияга, сионизмге жана чет элдик агрессияга  каршы күрөшөбүз”,-дейт Каддафи,бул терроризм эмес экендигин кошумчалап.  Ал эми «Аль-Каиданын» ишмердүүлүгүн ал буга чейин “кылмыш жана психологиялык оору” деп сындап келген жана көз карашын өзгөрткөн жок.“Терроризм менен  куралдуу күрөшкө укук берүүчү джихаттын ортосунда айырма бар”,-дейт ал.

“Мусулмандар ислам дүйнөсүндө баардык аэропорттон өтүүгө тийиш жана баардык швейцариялык учактардын конуусуна тоскоол болуусу керек, баардык порттордон өтүүгө тийиш жана Швейцариянын судналарынын сүзүүсүнө токтотууга тийиш, швейцариянын товарлары сатылбашы үчүн баардык магазиндер жана базарлар текшерилиши керек”,-дейт Кадафи.

Италия   Каддафи  менен Швейцариянын ортосундагы конфликти эске алып Ливия легалсыз иммиграттардын агымын көзөмөлдөө боюнча келишимден баш тартышы мүмкун деп эскертти. Триполи Берндин  кээ бир ливиялыктардын анын ичинде Каддафинин үй-бүлөсүн киргизүүгө тыюу салуу чечимине жооп кылып  Шенген зонасындагы 25 европалык мамлекеттердин атуулдарына виза берүүнү токтотту. Ливия менен тыгыз коммерциялык байланышы бар Италия Швейцарияны Шенген келишимин туура эмес пайдаланып жаткандыгы үчүн күнөөлөдү. Себеби виза бербейц коюу Евробиримдиктин мүчөлөрү  ливиялыктардын кирип-чыгуусун тыюуга аргасыз кылган  жагдайдын “туткундары” болуп калды  деп эсептейт Италия.

Италиянын ички иштер министри Роберто Марони конфликт Шенген зонасын коркунучка кептеди жана ал Ливиянын Евробиримдиктеги мыйзамсыз иммиграцияны көзөмөлдөө боюнча кызматташтыкты токтотуп коюуга түртүшү мүмкүн деп эсептейт.

Марк Трэн
«Guardian», 26- февраль, 2010 -жыл
Котормо– «Zpress.kg»
Дата обновления: 26.02.10 15:57
Комментариялар(0)
Авторизация
Логин  
Сыр сөз
Комментарияларды калтырыш үчүн, Сиз авторизациядан өтүңүз керек.

   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).