|
Бүгүн 29 июль 2010 ж. |
|
Р.Отунбаева Баткен облусунун калкы менен жолугууда
Бишкек, Zpress.kg.Президент Роза Отунбаева Баткен облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө аймактын калкы менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине Баткен облустук мамадминистрациясынын басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирет. Анын айтымында, жолугушууда министрлик, ведомство жана айыл округдарынын жетекчилери, акимдер, коомдук жана өкмөттүк эмес… подробнее |
|
Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери Т.Тургуналиевди сотко берет
Бишкек, Zpress.kg. Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, президент Роза Отунбаеванын чечими менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин тегерегиндеги ызы-чууну иликтей турган комиссия түзүлдү. Комиссияны көз карандысыз адис, эколог Эмил Шүкүров жетектеп, 2-августка дейре чечим чыгарары күтүлүүдө. Топчубек Тургуналиевдин аталган агенттикти жетектешине… подробнее |
|
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
Бишкек, Zpress.kg. “АКШ Кыргызстандын элине жана өкмөтүнө 48,6 миллион долларды жардам катары берет. Бул тууралуу 27-июнда болгон донорлордун эл аралык жыйынында айтылды”,-деп кабарлайт АКШнын элчилиги. “Донорлордун конференциясынын учурунда жана Ош областына барган иш сапардын жыйынтыгында АКШнын расмий өкүлдөрү бийлик органдарын этникалык өзгөчөлүгүнө карабай баардык атуулдарга адилет мамиле… подробнее |
|
Ош шаарында жана Ош областында өткөн суткаларда 51 кылмыш иши катталды
Бишкек, Zpress.kg.Өткөн суткаларда Ош областында жана Ош шаарында 51 кылмыш иши катталса, анын 23ү түштүк борбордо, ал эми 28и областын аймагында болгон. Бул тууралуу Ош областынын комендантынын басма сөз кызматы кабарлады. Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен 24 кылмыш ишинин бети ачылды. Учурда ички иштер органдары калк арасында түшүндүрүү… подробнее |
|
CNN: Рекорддук көлөмдөгү гигант жылдыз табылды
Илимпоздор монстр -жылдызды табышты Эгерде жакын болсо Жерди күйгүзүп жибере турган Күн Айды тутулткандай биздин Күндү толук тутулта турган жарык жылдызды элестетип көрүңүз. Бул монстр мейкиндиктин тээ тереңинде жайгашса дагы. Бул жылдыз- кээ бир илимпоздордун астрономиялык кыялы эмес. Астрономдор аябай массивдүү жылдызды… подробнее |
|
Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти
Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат. Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек… подробнее |
|
Башкы окуялар
29.07.10 16:14
Күрпсай ГЭСинде электр параметрлери начарлаган
29.07.10 12:20
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
29.07.10 12:13
Ө.Текебаев О.Малеваная менен маалыматтык колдоо жана пиар боюнча келишим түздү деген кептер айтылууда
InoZpress
Добуш берүү
Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полициянын кирүүсү тууралуу чечимге кандай карайсыз?
|
03.03.10 15:10
«Reuters»: Кытай жасалма Далай-Ламаны даярдап жатат
Кытай өздөрү шайлап алган Далай-Лама № 2ни көтөрмөлөөдө
Кытай тибеттик буддизмде таасирдүүлүгү боюнча салттуу түрдө экинчи фигура болуп эсептелген, кийинки Далай-Ламаны шайлоо боюнча талашта кайсыл бир ролду ойной турган жаш Панчен-Ламанын кадыр-баркын көтөрүү үчүн иш-чараларды көрүүдө. Үстүбүздөгү жылы 20 жашка толгон жана Кытайдагы Тибеттин өз салтын бербеген жашоочуларын багынтууга даярдалып жаткан Панчен-Лама ушул аптада жыл сайын болуучу жыйынын өткөрө турган Улуттук комитетке- консультативдүү органга мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү «Синьхуа» агенттиги маалымдады. Панчен-Лама Пекин тарабынан 1995-жылы Далай-Лама тандаган балага тең салмак катары тандалган болчу. Далай-Ламанын баласын болсо Тибеттин такыба эли үчүн мыйзам кризисин түзгөндөн кийин эч ким көргөн жок. Кытай 1959-жылы кытайлык өкмөткө карата ийгиликсиз көтөрүлүш чыгаргандан кийин өлкөдөн качып кеткен, карып бара жаткан Далай-Ламаны коркунучтуу сепаратист катары эсептейт. Далай-Лама болсо болгону Тибетти жана анын жашоочуларын чоң автономияга жеткирүүгө умтулуп жатканын айтып келет. Кытай Панчен-Ламаны акырындап ал Тибеттин жашоочуларынын арасында, ошондой эле улгайып калган Далай-Ламанын таасири астында турган эл аралык коомчулукта лоялдуулукка жетише алат го деген үмүттө чоң коомдук ролго даярдоодо. Ал Кытай элдик саясий консультативдик конференциясынын улуттук комитетине сунушталган 13 адамдын катарында болчу. Аталган комитет Коммунисттик партиянын ишмердүүлүгүнө салым кошуу максатында жеке ишкерлерден, диний жана маданий ишмерлерден түзүлгөн орган. Бул органдын жыл сайын өтүүчү жыйыны ушул аптада кытайдын мыйзам чыгаруу органынын жыйыны менен бир катарда өткөрүлмөкчү. Жаңы лама Далай-Лама Кытайды таштап кеткенден кийин Кытайда калган Панчен-Ламанын 10чу жолку кайра жаралышы болуп эсептелет. Панчен-Лама- бою анча узун эмес, калың көз айнек тагынган адам 2009-жылы Кытайдын чыгыш бөлүгүндөгү кытайлар тарабынан уюштурулаган буддалардын конгрессинде англисче дебют жасаган болчу. Люси Хорнби жана Ник МакФайя «Reuters», 1- март, 2010-жыл Котормо – “Zpress.kg”
Дата обновления: 03.03.10 15:13
Комментариялар(0)
Материалы по теме
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



«Reuters»: Кытай жасалма Далай-Ламаны даярдап жатат

