|
Бүгүн 29 июль 2010 ж. |
|
Р.Отунбаева Баткен облусунун калкы менен жолугууда
Бишкек, Zpress.kg.Президент Роза Отунбаева Баткен облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө аймактын калкы менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине Баткен облустук мамадминистрациясынын басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирет. Анын айтымында, жолугушууда министрлик, ведомство жана айыл округдарынын жетекчилери, акимдер, коомдук жана өкмөттүк эмес… подробнее |
|
Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери Т.Тургуналиевди сотко берет
Бишкек, Zpress.kg. Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, президент Роза Отунбаеванын чечими менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин тегерегиндеги ызы-чууну иликтей турган комиссия түзүлдү. Комиссияны көз карандысыз адис, эколог Эмил Шүкүров жетектеп, 2-августка дейре чечим чыгарары күтүлүүдө. Топчубек Тургуналиевдин аталган агенттикти жетектешине… подробнее |
|
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
Бишкек, Zpress.kg. “АКШ Кыргызстандын элине жана өкмөтүнө 48,6 миллион долларды жардам катары берет. Бул тууралуу 27-июнда болгон донорлордун эл аралык жыйынында айтылды”,-деп кабарлайт АКШнын элчилиги. “Донорлордун конференциясынын учурунда жана Ош областына барган иш сапардын жыйынтыгында АКШнын расмий өкүлдөрү бийлик органдарын этникалык өзгөчөлүгүнө карабай баардык атуулдарга адилет мамиле… подробнее |
|
Ош шаарында жана Ош областында өткөн суткаларда 51 кылмыш иши катталды
Бишкек, Zpress.kg.Өткөн суткаларда Ош областында жана Ош шаарында 51 кылмыш иши катталса, анын 23ү түштүк борбордо, ал эми 28и областын аймагында болгон. Бул тууралуу Ош областынын комендантынын басма сөз кызматы кабарлады. Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен 24 кылмыш ишинин бети ачылды. Учурда ички иштер органдары калк арасында түшүндүрүү… подробнее |
|
CNN: Рекорддук көлөмдөгү гигант жылдыз табылды
Илимпоздор монстр -жылдызды табышты Эгерде жакын болсо Жерди күйгүзүп жибере турган Күн Айды тутулткандай биздин Күндү толук тутулта турган жарык жылдызды элестетип көрүңүз. Бул монстр мейкиндиктин тээ тереңинде жайгашса дагы. Бул жылдыз- кээ бир илимпоздордун астрономиялык кыялы эмес. Астрономдор аябай массивдүү жылдызды… подробнее |
|
Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти
Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат. Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек… подробнее |
|
Башкы окуялар
29.07.10 16:14
Күрпсай ГЭСинде электр параметрлери начарлаган
29.07.10 12:20
АКШ Кыргызстанга 48,6 миллион долларды жардам катары берет
29.07.10 12:13
Ө.Текебаев О.Малеваная менен маалыматтык колдоо жана пиар боюнча келишим түздү деген кептер айтылууда
InoZpress
Добуш берүү
Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полициянын кирүүсү тууралуу чечимге кандай карайсыз?
|
10.03.10 16:29
“San Francisco Chronicle”: Кыргызстан Е. Гуревичке байланышкан эл аралык криминалдык чырга аралашып калды
АКШнын атуулу италиялык «Телекомдо» болду делинип жаткан алдамчылыкта башкы оюнчу болгон Көрүнүп тургандай, абдан эле жакшы байланыштары бар, ата-теги советтик, бирок АКШнын атуулу соттук документтерде жана жарыяланган отчеттордо көрсөтүлгөндөй, италиялык «Телекомдо» болду делинип жаткан алдамчылыкта башкы оюнчу болуп чыкты. Римдик сот Альдо Морджини Советтик Кыргызстан республикасында туулган жана кабарларга караганда, 1990-жылдан тартып АКШнын жарандыгы тууралуу паспорт алган Юджин Гуревичти камоо тууралуу ордер берди. Камакка алуу тууралуу чечим ал 2003- 2006-жылдардын аралыгында «Telecom Italia SpA» жана «Fastweb SpA» компанияларынын телефонду дүңүнөн сатуу боюнча бөлүмдөрүнөн 2,7 миллиард долларды уурдап алган алдамчылыкка катышы бар деген шек менен кабыл алынды. Гуревичтин италиялык шериктери телефонду тейлөө үчүн жасалма квитанцияларды пайдаланган деп болжонуп жатат, мындай алдамчылык жол менен алар италиянын бийлигинен 400 миллион долларды кошумча баага салык түрүндө талап кылышмак. Бул “Каруселдик алдамчылык” деп аталат. Сот Морджини тарабынан кол коюлган жана 1600 баракка баяндалган камоо тууралуу ордерде Гуревич өзүнүн мыйзамсыз кирешелерин уурдап алууда италиялык кылмышкерлерге таасир берүү үчүн эл аралык байланыштарды жана каржылык экспертизаны пайдалангандыгы тууралуу ынанымдар жазылат. Гуревичти кылмышкердик уюшмада жана акча уурдоодо айыптап жаткан сот Морджини АКШнын жараны “бир катар компанияларды түзгөн, башкарган жана пайдаланган, алар аркылуу уюшма топтун мүчөлөрүнө арналган кирешенин бөлүгү болгон ири суммадагы акчаны “ыргытып” турган”,-деп ырастама берет. Маалым болгондой, Нью-Йорктогу Лонг Айленд Ситиде жашаган 33 жаштагы Гуревич эки компанияга Венадагы банктан акча уурдоо үчүн эсеп ачууга жардам берген, алар алдамчылык жасоого тартылды деп шектелген «Planetarium Srl» жана «Global Phone Network Srl» компаниялары. Гуревич Швецариядагы жана башка мамлекеттердеги байланыштарынын эсебинен, эл аралык акча уурдоо боюнча жана компанияларды уюштуруу боюнча эксперт катары ”көп убакыттар бою өзүнүн кылмыш шериктерин пайдаланып келген”,-деп жазат Морджини. Интернетке жарыяланган резюмеде “Гуревич банк- инвестиция ишмердүүлүгүндө жана менеджмент боюнча консалтингде он жылдан ашык тажрыйбасы бар америкалык ишкер” экендиги айтылат. Ал 2001-жылдан 2007-жылга чейин АКШнын башкаруу консалтинги боюнча «Virage Consulting Ltd» компаниясынын президенти жана 2006-2009-жылдардын аралыгында Кыргыз республикасындагы «Азия Универсал Банк» (АУБ) – коммерциялык банкынын директору болгон. Анын дагы башка менеджердик ролун Африкадагы инвестициялык банктын ага вице-президенти, нью-йорктун «Gamma Square Partners» хедж-фондунун аткаруучу директору жана программалык жактан камсыз кылуу боюнча «GSN Tech LLC» компаниясынын директору кызматтарын аткарганынан көрсөк болот. 19-январда жөнөтүлгөн «Твиттердин» постингинде Гуревич «Азия Универсал Банктан» акча уурдоо боюнча айыпка ”Айрым жооптор жооп берүүгө татыксыз Аргоданга “ деген тема коюп жооп узаткан. “Айыптар Кыргыз республикасынын Улуттук банкы тарабынан жана «Kroll Associates» эл аралык детективдик агенттиги тарабынан тыкыр текшерилгенден кийин четке кагылды”,-деп ырастайт ал. “Айыптар ким болбосун ынана турган АКШнын мурдагы сенаторлору Боб Доул жана Джон Беннетт Джонстон сыяктуу “этикалык жактан кынтыксыз жана белгилүү адамдар” АУБдун башкаруу мүчөсү болууга чакырууну кабыл алышкандан кийин өз күчүн жоготту”,-деп жазат өзүнүн жообунда Гуревич. Гуревич 2008-жылы Доулдун аялы Элизабетти кайра шайлоо боюнча ийгиликсиз өткөн кампания үчүн 4600 доллар бергендигин белгилейт. Кыргыз республикасындагы эл аралык инвестициялык банк болуп эсептелген «MGN Group»тун аткаруучу директору болуп катталган Гуревич өлкө корпоративдик башкарууну жакшыртууга жана ачыктыкты жогорулатууга муктаж болууда деп моюндаган.”Бизге окутуу ролу жүктөлдү”,-дейт ал «BusinessWeek» журналынын атайын жарнак секциясына жарыяланган макаласында. 2008-жылы «Times of Central Asia» газетасын жарыяланган макаласында Кыргызстандын улуттук «Кыргызтелеком” телекоммуникациялар операторун менчиктештирүүдө кеңешчи-консорциум болгондугу тууралуу ролу көрсөтүлгөн. Туриндин күн сайын чыгуучу «La Stampa» газетасынын кабарына таянсак, Италиянын банкы Кипрдин Борбордук банкы Гуревичтин эки компаниясы-«Wolstin Ltd» жана «Crown Era Investments Ltd» Италиянын жана Бириккен королдуктун аймагында “каруселдик алдамчылык” схемасы менен тамеки жана баңгизатынын контрабандасынан алынган акчаны уурдоо үчүн пайдаланылган деген ырастамасынан тынчсыздануу абалдында калган. Маалыматка таянсак полиция Гуревичтин жана анын шериктеринин иш-аракеттин ачыкка чыгарууда Римдеги компанияга миландын аэропорту аркылуу жөнөтүлгөн пакетти кармоо аркылуу ийгиликке жетишкен. Пакете болжонуп жаткан уюшма топ италиянын полициясы кармабайт деген ишеничте жөнөткөн 10 англиялык мобилдик телефондун SIM-карттары болгон. Апта сайын чыгуучу «Panorama» журналында жума күнү жарыяланган отчетто бул тууралуу айтылат. Иликтөөчүлөр «Vodafone» үчүн алты жана «Orange» үчүн төрт карттардын номерин жазып алышкан жана конвертти кайрадан чаптап аны көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүшкөн. Болжолу сот Морджини кылмыш ишин козгогон Гуревичтин 55 шектелип жаткан шериттеринин арасындагы эң эле колориттүүсү болуп атасы египеттик офицер, энеси италиялык Дженнаро Мокбель эсептелет. Мокбель өз досун алдамчылык менен Сенатка шайлоо үчүн “ндрангета” деген ат менен белгилүү болгон калабриялык мафия менен байланыштарды пайдаланган. 1980-жылы Болон темир жол станциясындагы жардырууну уюштурууга күнөөлүү деп табылган эки террористти кошкондо оңчул экстремисттер менен байланыш түздү делип шектелип жаткан Мокбель өзүнүн мыйзамсыз табылган кирешесинин бөлүгүн африкалык алмазга жана италиянын азыркы алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн эмгегине инвестиция салуу аркылуу иштеткен. Анын коллекциясы Бенито Муссолиниден жана Адольф Гитлерден калган эстеликтер менен фото сүрөттөрдү камтыйт. Италиялык гезиттер бул топ тыңчылык кызматтын офицерлери, ошондой эле полиция жана саясий ишмерлер менен достук алакада болгонун ырастайт. Британиялык шектелип жаткан адам Пол Энтони О'Коннор көп учурда британиянын MI6 кызматынын (тышкы иштер кызматы) агентинин коштоосунда жүргөнүн "Panorama” басылмасы жазат. Жекшембиде «La Repubblica» газетасына мазмуну жарык көргөн телефондук тыңшоо маалында жазылган сүйлөшүү учурунда Мокбель британиянын ички тыңчылык кызматы болгон “MI5тин жетекчилиги менен” түшкү тамак уюштурууга аракет кылгандыгы тууралуу да айтылат Мокбель жана анын шериктери программалык камсыздоо менен жабдуучу «Ikon Srl» компаниясына көзөмөл жүргүзө баштагандан баштап татаал тыңчылык программага кирүүгө мүмкүндүк алышкан. Аталган компания Миландын айланасында жайгашкандеп ырастайт римдик «Il Messaggero» күн сайын чыгуучу газетасы. Компания “Telecom Italia”да маалымат технологиялык коопсуздукту камсыз кылуу бөлүмүндө иштеген Фабио Гиони деп аталган хакер тарабынан иштелип чыккан тыңчылык программалык жабдууга ээ болгон. Ал полициянын жана жашыруун кызматтардын террористтерди иликтөөсү үчүн пайдаланылчу. “Бул программалык камсыздоолор жаңы “Кызыл бригаданы”(италиялык марксист-террористер), исламдык ячейкаларды жана балдар порнографиясы менен болгон күрөштү жүргүзүү үчүн пайдаланылган”,-дейт Гиони «Il Messaggero» басылмасына. “Ал жакшылык каалабаган колдорго түшүп калышы тууралуу маалымат абдан эле тынчсызданууну пайда кылды”-дейт Гиони. Телефон чалууларын эч ким тыңшабайт деп катуу ишенген Мокбель телефондон ачык эле жашыруун сөздөрдү сүйлөшкөн . Өзүнүн сенатору Николя Диа Джироламого ачууланган сүйлөшүүлөрдүн биринде ал “Сен Италиянын президенти болушуң мүмкүн, бирок сен мен үчүн швейцар, тактап айтканда кулум бойдон каласың”,-деп жарылган. Кайра шайланган сенатор “Суранам мени кечириңиз”,-деп кыскача гана жооп узаткан Жума күнү күн сайын чыгуучу «L'Espresso» басылмасына жарыяланган дагы бир ачык телефон чалуунун жүрүшүндө Мокбель “Үч жыл абакка кесилүү мен үчүн анча чоң эмес тыным алуу болуп эсептелет”,-деп үшкүргөн. Эми анын бул мактанчаактыгын текшерүү мүмкүндүгү пайда болушу жакын өңдөнүп калды. Филип Виллэн «San Francisco Chronicle», 7- март, 2010-жыл Котормо– «Zpress.kg»
Дата обновления: 10.03.10 16:29
Комментариялар(0)
Материалы по теме
|
Бөлүмдөр
Ассоциация
Жаңылыктарга жазылуу
|



“San Francisco Chronicle”: Кыргызстан Е. Гуревичке байланышкан эл аралык криминалдык чырга аралашып калды

