FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж.
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты.
“Аталаган… подробнее
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан  Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү.
 


 подробнее
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери  тарабынан  үч күндүн  ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин  расмий сайтында  жазылган.
3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг.  баңгизаты менен кармалган.  
 4-сентябрда  Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин  жана кредиттердин көлөмү кыскарды.
КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы  Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар  арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо.

Эгемендүүлүк...


31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү.
Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды  текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
 “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал

АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери  кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты.
“Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана  маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
мурдагыдай эле колдонулат
колдонулбайт деп ойлойм
анча пайдаланылбайт
айта албай турам
   
23.04.10 15:16
“Guardian”: Россия Кыргызстанда баштап берген процесстерин башкара алабы?

Россия Кыргызстандагы төңкөрүшкө өкүнүп калуусу мүмкүн

Кремль демократиялык кыймылды колдобойт жана болжолу ал өзүнүн күчүн эсептебей калган.
Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевди тактан кулаткандан эки апта өтпөй Россиянын анын “кулашына” чечкиндүүлүк менен башкы ролду ойногону талашсыз болуп олтурат. Бирок этникалык зомбулук, эсептешүүлөрдүн жүрүшү жана саясий башаламандык жакырланып калган Борбор Азиялык мамлекетти дагы деле кыйнап жатат. Суроо келип чыгат- баарын билүүчү Кремль күчүн  эсептеген жок беле?

Өткөн аптада убактылуу өкмөткө факс аркылуу кол менен жазылган арызын берген Бакиев салыштырмалуу коопсуз болгон Минскиде ал дагы деле өлкөнүн президенти экендигин жарыялады.”Мен конституциялык тартипти калыбына келтирүү үчүн колумдан келгендин баарын жасайм... өлүм гана мени токтото алат”,-деп айтты ал. “Мен эл аралык лидерлерди бул мыйзамсыз банданын ыйгарым укугун тааныбоого чакырам”.

Түштүктө  Фергана өрөөнүндөгү  Жалал-Абад шаарында топтошкон Бакиевдин тарапташтары ( ал жерде көпчүлүк жашоочулар этникалык өзбектер болуп эсептелет) ушундай эле кежирленүү менен  мурдагы тышкы иштер министри Роза Отубаева тарабынан калыптанып жаткан жаңы өкмөттү кабыл албай жатышат.Буга кошумча бул жумада Бишкектин айланасында кагылышуулар келип чыгып, бул жолу этникалык  орустар жана түрк-месхетиндер жапа чекти.
Отунбаеванын айтымында, ал парламенттик республиканы түзүүнү  жана эркин, демократиялык шайлоо өткөрүүнү каалап жатат. Бул көптөн күттүргөн өзгөртүү болоору түшүнүктүү. Бакиевдин башкаруу мезгили репрессия, адам укуктарынын бузулушу жана коррупция менен талкаланып, ал эми президенттин өзү 200 млн. АКШ долларды алып кетти делип күнөөлөнүп жатат. Бирок азырынча  анын өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо үчүн канчалык таасири бар экени айкын боло элек.
Биримдик-бул жалгыз кармалгыз фактор. Россия убактылуу өкмөттү  АКШ менен Евробиримдик  бул тууралуу ойлонуп үлгүрө электе төңкөрүш болуп өткөндөн бир нече сааттан кийин тааныганы тууралуу факт кыргыз  ыңкылабы кадимки калыбындагы  саясий эсепке канчалык таасир берээрин көрсөтүп турат.

Владимир Путиндин Кремли жакынкы чет өлкө болуп эсептелген мурадагы советтик мамлекеттерде да, Борбор Азиядва да, Кавказда да демократиялык кыймылдарды колдогону менен даңкталган эмес. Ал баардык күчү менен бул тенденцияларды өзгөртүүгө тырышкан, айрыкча бир аз мурда эле Москаны жактаган президентти шайлаган Украинада. Ал эми азыр ал жакта россиялык Кара деңиз флотун мындан ары да жайгаштыруу боюнча келишимге макулдашып олтурат. Кыргызстанда Россия авторитардык режимге каршы элдик революциянын демөөрчүсү болгону таңкалыштуу.

Вашингтон бир жагынан теория  жүзүндө бул региондорго жана Жакынкы Чыгышта эркиндик менен демократияны киргизип көрүүгө аракет кылган. Азыр Барак Обама өз үйүндө Кыргызстандын коопсуздук жана стратегия маселелери  боюнча өзүн аныктоочу демократиясын жактырганды үчүн туура эмес сөздөрдүн обьектисине айланып   олтурат, өз кезегинде Джордж Бушту да дал ушундай кылышкан эле.

“Американын Кыргызстан боюнча саясаты  “Манастагы” авиа базанын мындан аркы иштөөсүнүн айланасында топтогон. Бул база Афганистанга жүк жетирүү үчүн негизги борбор болуп эсептелет”,-деп жазат «Foreign Policy» булагына Дэвид Крэмер. ”Убактылуу өкмөттө азыр иштеп жаткандардын көбү өздөрүн  “Манас” базасынын калтыруу менен Бакиевге “жашыл жарык “ бергендиги  үчүн Америкага берилип кетүүчүлөр катары эсептебейт.
Талдоочу Том Малиновски Вашингтондун эки жүздүү жана өз кызыкчылыгын көздөгөн жүрүшү региондогу башка өлкөлөрдө да белгилүү деп эсептейт, себеби Америка геосаясий ээлик үчүн

Россия жана Кытай менен күрөш жүргүзүп жатат.” Борбор Азияны Американын саясатчылары уламдан- улам көбүрөөк башка  жактарга транзиттик жол катары көрүп баалап жатышат. Бул  регион Европага мунай жана жаратылыш газы келе турган, аны менен  кошо Россиядан американын союздаштарынын көз карандылыгын кыскарта турган  аймак болуп эсептелет. Бул  НАТОнун Афганистандагы күчтөрүнө  азык-түлүк, күйүүчү май, тетиктик бөлүктөр  жеткирилип турган регион”,-дейт Малиновски. Чиновниктер бул регионго “Жеткирүүнүн түндүк түйүнү” деген ат коюп алышкан.

Россия Бакиевге карата саясий оппозицияны колдогону жана башкарганы дагы  стереотиптик жүрүштү бузуп жатат. Кремль Бакиевдин авторитаризими тууралуу ойлонмок эмес, аны кыргыз президентинин саткындыгы чочутту, ошондуктан орустар Бакиевге каршы америкалык стилдеги “жумшак күчтү” колдонушту.

Төңкөрүш болоордон бир нече ай мурда каржылык көмөк токтоп, орус тилиндеги телеканалдар жана интернет-сайттар Бакиевдин болжонуп жаткан кылмыштары тууралуу айта башташкан, энергияга болгон баа көтөрүлгөн (Украина жана Белорусиядагыдай болуп), соода жана банктык операциялар катуу тартипке өтүп, оппозициячы ишмерлер Москвага бат-баттан каттап калган. Төңкөрүш болоор алдында Бакиев дестабилдешип калган. Бул Грузиядагы жана Украинадагы “түстүү революциялардын” америкалык тактикасынын көчүрмөсү болду.

Эми Россия эмне кылып салганына олуттуу түрдө тынчсызданып жатат. Бир аз мурда президент Дмитрий Медведев өлкөдө анархия болуп кетиши жана Кыргызстан экинчи Афганистанга айлануусу мүмкүндүгү тууралуу алдына ала эскертти. Бул жумада россиялык аскерлер Кыргызстанда жашаган калктын 20%ын түзгөн этникалык орустардын коопсуздугун камсыз кылуу үчун аскердик даярдыктан өттү.

Иш болжолу түздөн- түз кийлигишүүгө жетпейт болуш керек. Бирок  Кремлдин  жетекчилиги алдында абдан эле акылдуу болгон кыргыз төңкөрүшүнүн тескери жагы көбүрөөк  айкын болуп бара жатат. Демократиялуу Кыргызстан Москва каалагандай деңгээлде  эмес азыраак моюн сунуп калуусу мүмкүн.  Баарына акыл калчаган Отунбаева “Манастан” америкалыктарды “кууп чыгуудан” баш тартып да кое алат. Саясий келишпестик абдан эле түпкө жетүүчү күч болуп калышы анык.

Ал эми баарынан коркунучтуусу элдин нааразылыгына аралашкан этникалык зомбулук жана  Кыргызстандын түштүгүн Өзбекстан, Тажикстан  менен байланыштырган Фергана өрөөнүндөгү исламдык үгүттөөлөр болушу мүмкүн. Мындай окуя мурда да болгон жана кайталанып калышын да күтүүгө болот. Сырттан таасир берилген режим алмашуунун кооптуу жактары ушулар.

Саймон Тисдолл
«Guardian», 21- апрель, 2010-жыл
Котормо – «Zpress.kg»

 
Дата обновления: 23.04.10 15:40
Комментариялар(0)
Авторизация
Логин  
Сыр сөз
Комментарияларды калтырыш үчүн, Сиз авторизациядан өтүңүз керек.

Материалы по теме
03.09.10 10:43 Россиянын өкмөтү Кыргызстанга 10 млн. доллар каржылык жардам бермей болду
18.06.10 14:41 Россиянын аскерлери Кыргызстандагы стратегиялык обьектилерди коргоого алат
16.06.10 15:56 Александр Коновалов: Эгер акылдуулук менен айта турган болсок, Россия Кыргызстанга кириши керек болчу
15.06.10 14:50 Россиянын ӨКМсы Кыргызстанга 3 учак менен гумжардам жөнөтөт
10.06.10 10:39 Коргоо министри И. Исаков Россиянын жана Казакстандын президенттеринин атайын өкүлдөрү менен жолугушту
11.05.10 10:56 Бүгүндөн баштап Россиядан күйүүчү май келе баштайт
03.05.10 15:48 Россия Кыргызстандын мунай продуктуларына болгон бажы төлөмүн алып салган жок
23.04.10 09:50 Россия: Москва мындан ары К.Бакиевди президент катары тааныбайт
22.04.10 11:37 Дүйнөгө белгилүү россиялык профессор Кыргызстанда акысыз гинекологиялык операцияларды жасайт
08.04.10 15:21 Россия Кыргызстанга зарыл болгон гуманитардык жардамды берүүгө даяр
08.04.10 14:40 Россиянын премьер-министри В.Путин Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнө колдоо көрсөтүүгө убада берди
02.04.10 17:09 И.Чудинов: Россия насыясын пайдалануунун так тартиби белгиленген эмес
16.03.10 13:10 Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт
12.03.10 12:07 Россиянын өкмөт башчысынын Индияга иш сапары башталды
09.03.10 11:40 Россияда "Евровидениеге" талапкер тандалды
25.02.10 14:47 2010-жылдын башталышынан бери Россияда 2 кыргыз өлтүрүлүп, дагы экөө жаракат алган
22.01.10 10:48 “Кызыбызды өлүмүнө чейин Орусияда эмне болуп жатканын билген эмес экенбиз”
01.12.09 10:08 Курманбек Бакиев «Невский экспресс» поездинин кыйрашына байланыштуу Дмитрий Медведевге көңүл айтты
28.09.09 12:12 ЖКнын депутаттары жана РФнын федералдык жыйынынын делегациясы Канттагы авиабазада болушту
28.09.09 11:19 РФнын федералдык жыйынынын депутаттары Б.Н.Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинде болушту
14.09.09 13:27 Орусиянын лидери Түркмөнстанга барды
08.09.09 10:06 Орусия: кол салуулар азайды, бирок токтогон жок
16.07.09 12:06 Россиялык десантчылардын батальону Ошто же Баткенде жайгашат
13.07.09 14:13 Россиянын Кыргызстанда экинчи аскердик базаны ачуу тууралуу чечими оң тенденцияга ээ
10.07.09 14:42 Кыргызстанда дагы бир аскердик база ачылабы?
10.07.09 10:55 Россиялык делегациянын Кыргызстанга жасаган күтүлбөгөн иш сапары
   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).