«Washington Post»: Кыргызстандагы апрель окуялары күбөлөрдүн сөзү менен
Кыргызстанда оппозиция лидерлеринин камалышы куралдуу көтөрүлүшкө жол ачты
Бишкек, Кыргызстан. Качан атышуу башталып, анын айланасындагылар ок жеп жыгылып жатканда, качан ал Өкмөт үйүнүн чатырынан көзгө атаарды көргөн кезинде, андан соң ок анын сол кулагына тийип, кийин артында турган адамга барып кадалганда да Аскар Сарбашев качкан жок.
Анын ордуна 49 жаштагы адвокат ал жана башка демонстранттар тартып алышкан бронетранспортерго түшүп жана бронетранспортердун ок аткычынан эсин жоготкончо ок ата берди.
“Алар ушунча көп адамды өлтүрүрүштү”,-деп ойлоду ал. “Алар бизди коркутабыз деп ойлоп жатышабы, бул тек гана бизди жаалдантат”
Жыйырмадан ашуун адамдар менен болгон маектен кийин АКШ үчүн маанилүү болгон авиабаза жайгашкан жана анын келечегине кооптуулук жараткан 7-апрель күнү Кыргызстанда болгон көтөрүлүштүн ачык картинасы көзгө тартылат. Жаңы баалар көтөрүлүштүн ийгилигинин эки факторун ачык көргөздү: эл аябай жинденген ок атканга карабай президент Курманбек Бакиевди тактан алып түштү жана милициянын күчүнүн жетишсиздиги көтөрүлүшкө каршы туруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу менен аралашып кетти.
Элдин жаалданышы жана милициянын эффективдүү эместиги бери дегенде 85 адам курман болгон кагылыштын жыйынтыгында качып кеткен Бакиевдин ордуна бийликке келген оппозициялык лидерлердин пайдасына иштеди. Бирок ушул эле шарттар алардын алсыз жана тартипти, өлкөнү калыбына келтирүүгө аракет кылган өкмөтүнүн алдында да коюлду жана алар чыдамы кеткен коомчулукка жыйынтыктарын бериши керек.
Дүйшөмбү күнү Бишкектин айланасында этникалык белгиси бар жаңы зомбулук күч алып беш адамдын өмүрү кыйылды. Ошол эле маалда Бакиевдин түштүктөгү тарапташтары аргасы кеткендиктен эки жолу ички иштер министрин алмаштырган жаңы бийликти четке кагууда. Айрым талдоочулар мусулман өлкөсү радикалдарды бул жерге баш калкалатып жана Афганистандагы НАТОнун операцияларын колдоп турган АКШнын базасын кетирип, башаламандыкка кирип кетиши мүмкүн деп алдына ала эскертип жатышат.
“Биз жаңы өкмөт эмне кылаарын күтүп жатабыз”,-деп билдирди Сарбашев бир аз мурда эле берген маегинде дагы эле кулагынын жаратынын таңуусун чечпеген бойдон. “Эгер алар жакшы бир нерсе жасабаса, ал тургай алар биздин алдыбызга беш танк алып келип тизип койсо да биз аларды жок кылабыз”
Төңкөрүш болоордун алдынкы түнү нааразы болгондор Талас шаарындагы областтык администрациянын имаратын бат эле өз колдоруна алышкан жана Бакиевдин буйругунда болгон ички иштер министирин аябай катуу сабап салышкан. Бакиев көбүрөөк белгилүү болгон анын сынчыларын камоо менен жооп берген. Камоолор өлкөдө боло турган нааразылык акциясын пландаган оппозицияны башсыз калтырып гана тим болбостон тескери реакция жаратып жана жаштардын тобун көп учурда аларды токтотуп турган улууларсыз калтырган.
“Бизди коркоктукка айыптап келишкен, себеби биз элге эч качан өкмөттүк имаратты штрумга алууга жол берген эмеспиз”,-деп билдирген камалгандардын бири Өмуүбек Текебаев. “Бирок бул жолу баардык оппозициячылар түрмөдө жаткандыктан аларды эч ким токтото алган эмес”
Таштар милицияга жаады
Бишкекте болгон алгачкы кагылыш болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 10:30да оппозициялык партиялардын кабинетинин сыртында болгон. Милиция имаратка кирүүчү жерди блоктоп жана элдер кетүүдөн баш тарканда милиция алардын айрымдарын курчап алып сабай баштаган, ошондой эле аларды кармап салып кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу күбөлөр баяндайт.
Бирок болжол менен жүз адамдан турган элдин тобу аларды жарып өтүп 50гө жакын укук коргоо кызматкерлерин жакын турган имаратка чегинтип таш менен ура башташкан. Алардын айрымдары сабалып ал эми кээ бири калкандарын жана дубинкаларын берүүгө аргасыз болушкан.
Курчоодо калгандар демонстранттарды көздөн жаш агызуучу газ менен, желим октор жана катуу үн чыгарып жарыла турган гранаталар менен аткылай башташкан. Бирок митингге чыккандар аларды багынтып, куралдарын, жүк унааларын тартып алышкан
Окуянын күбөсү болгон армиянын ардагери Уланбек Жуманаев бир милиция колго түшүү үчүн жүк ташуучу машинага бекинип алганда митингчилер машинаны өрттөйбүз деп коркутканын эскерет. “Эл аралын күчүн жөн гана алып койду”,-дейт ал.
Түшкө жакын демонстранттар шаардын борборун карай бет алышкан. Алардын катары көбөйгөн, себеби эл аларга кошулуусун суранып жана мобилдик түйүндөргө күч келтирип тааныштарына, туугандарына жана досторуна телефон чалышкан. Жуманаев 50 миңден ашык адам көчөлөргө толуп кеткенин айтат. ОМОНдун отряды аларды токтотууга аракет кылган, бирок акырндап жаап жаткан жамгыр алардын жаш агызуучу газын басып кетип, ал эми элдин тобу аларды уламдан- улам чегинткен.
Ошол маалда окуянын дал ортосунда жүргөн укук коргоо органынын өкүлү атын атабоону өтүнүп региондогу аз гана контингенти бар болуп эсептелген 8 миң гана милиция кызматкеринин жооп берүүчү реакциясы чектелүү болгонун билдирди. Бириккен улуттар уюмунун маалыматына таянсак, коңшу Казакстанда калктын башына эсептегенде эки эсе көп милиция кызматкери иштейт, ал эми Россияда үч эсе көп.
“Бул жерге эч ким иштегиси келбейт”,-дейт өкүл. Ал беш жыл мурда да милиция төңкөрүштү токтото албаганын белгиледи.”Айлык акы аз, эч ким мамлекетти коргоого кызыкпайт”
Ок атуунун башталышы
Милиция куулуп кеткенден кийин, демонстранттар бөлүнүп жана шаардын негизги имараттарын, анын ичинде советтик КГБнын прототиби болгон Улуттук коопсуздук кызматынын имаратын басып алышкан. Демонстранттар камалган оппозиция лидерлерин бошотуп бронетранспортерду тартып алышып аны менен үстүнө желек булгалаган адамдарды салып алып шаардын борбордук аянтына келишкен.
Бирок аянттын жанында Бакиев аскер күчтөрү, тагыраагы президенттин коопсуздук кызматы деп аталган кызмат кайтарып жактан Өкмөт үйүнүн жетинчи кабатында коргонуунун жаңы чегин даярдап койгон эле. Анын бир тууганы Жаныш бир аз мурдараакта Улуттук гвардиянын-элиталык бөлүктүн солдаттары менен толукталган отрядга командачылык кылчу. Алар америкалык аскерлерден окушкан.
Биринчи ок атуулар имаратты курчап турган дарбазалардын бирине жүк ташуучу машина менен кирүүгө аракет кылган кезде башталган. Университеттин 33 жаштагы мугалими Эмил Тургунбаев ал жана ага окшогон куралсыз демонстранттар кирүүчү дарбазага жакындаганда ок алдында калганын айтат.”Биз болжол менен он адамдай болчубуз жана биздин сегизибиз өлтүрүлдү”.-дейт ал дагы бир аман калган башына ок жеген 36 жаштагы Акбар Исмаиловду көрүүгө келген кезде.
Жаныш Бакиев азыркы учурда соттон качып жүрөт. Дал ушул адам ок атууга буйрук берген деп тастыкталууда жана анын күчтөрү “куралсыз адамдарды атпоого аракет кылышкан” деп айтылып жатат.
Жергиликтүү фотожурналист Владимир Пирогов алар тынчтык жолу менен сүйлөшүү үчүн дарбазага жакындаган куралсыз адамдарды кантип атып жатканын көргөнүн айтты. Укук коргоочу Жыпара Арыкова жанында турган студент уюлдук телефонуна окуяны тарып жаткан кезинде башка атылып өлтүрүлгөнүн айтат. Күбөлөрдүн айтымында, элдин көбү коопсуздук күчтөр БТРден ок атканда өлтүрүлгөн.
Бирок бир нече ай бою экономикалык жакырчылыктан жана Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан тажап жинденишкен митингчилер чегинүүдөн баш тартышкан. Алар “Бүгүн же эч качан дешкен!” жана бири-бирине Бакиев такта кала турган болсо баарын каматат деп эскертишкен.
Ошол эле учурда паника жана өзүн жоготуп коючулук коопсуздук күчтөрүнө да жеткен жана алар куралсыз 200 курсантты жана ИИМдин академиясынын окутуучуларын имаратты кайтаруу үчүн жөнөтүшкөн.”Бул толук башаламандык болчу”,-дейт окутуучу Айбек Адилов “Биз окутуучулар жана студенттер таптакыр даяр эмес болчубуз”
Анын айтымында, ок атууга кайдыгер болуп жаткандай болгон эл кечке жакын көбөйүп жана митингчилер алар тартып алган куралдар менен атыша башташкан. Мурдагы өкмөттүн өкүлдөрү эки курсант өлтүрүлгөнүн 600 милиция Бакиев качып кеткенге чейин эле жарадар болгонун билдиришкен, ал эми коопсуздук күчтөрү акыры соңу имаратты таштап кетүү тууралуу буйрук алган.
Төңкөрүштү иликтеген «Хьюман Райтс Вотчтун» илимий кызматкери Оле Солванг эл аралык жардам аркылуу зомбулукту тыкыр иликтеп чыгууга чакырды. Анын пикиринде бул коомчулуктун жаңы бийликке ишениминин алгачкы сынагы болуп саналат.
Филлип Пэн
«Washington Post», 26- апрель, 2010-жыл
Котормо – «Zpress.kg»