FAIL (the browser should render some flash content, not this).
Бүгүн 08 сентябрь 2010 ж.
Дүйшөбү шаарындагы бий аянтында болгон жардыруудан жети адам жабыр тартты
Бишкек, Zpress.kg. Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабындагы "Дусти" көңүл ачуу борборунда дүйшөмбү күнү кечинде болгон жардырууда жети адам жабыр тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги республиканын Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка таянып кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, эки адам бейтапканага жаткырылып, калгандарына жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышты.
“Аталаган… подробнее
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канададагы кинофестивалда көрсөтүлөт
Бишкек, Zpress.kg. Кыргыз режиссеру Актан  Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлөт.
«Ой Арт» компаниясы билдиргендей, фестиваль 2010-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин өткөрүлмөкчү.
 


 подробнее
Үч күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери 4 тоннадан ашык баңгизатын кармады
Бишкек, Zpress.kg. Милиция кызматкерлери  тарабынан  үч күндүн  ичинде 4 тоннага жакын баңгизаты кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин  расмий сайтында  жазылган.
3-сентябрда Ош областында 34 жаштагы Өзгөн районунун жашоочусу 986 кг.  баңгизаты менен кармалган.  
 4-сентябрда  Чүй областында Сокулук айылынын 40 жаштагы жашоочусу 6 кг.… подробнее
Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин жана кредиттердин көлөмү кыскарды
Бишкек, Zpress.kg. Өткөн аптада, тактап айтканда 27-августан 3-сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин  жана кредиттердин көлөмү кыскарды.
КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү жогоруда аталган мезгилде 47,1 млн. сомго кыскарды жана 31 млрд. 475,3 млн. сомду түздү. Улуттук валютадагы… подробнее
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышат
Бишкек, Zpress.kg. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы  Москва шаарында өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, чемпионат ушул жылдын 7-13-сентябрында өткөрүлөт жана ага 55 кг чейинки салмактагы балбандар  арасында Михаил Захаров, 60 кг чейин Надырбек уулу Улан,… подробнее
Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо.

Эгемендүүлүк...


31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү.
Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы… подробнее
Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды
Бишкек, Zpress.kg. Ош шаарында сибирь жарасы менен ылаңдаган мал катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгындагы Пятилетка айылында Г.Исманованын торпогу ылаңдап өлгөн. Малды  текшерүүдөн соң анын сибирь жарасы менен ооруганы аныкталды. Учурда Ош шаардык ветеринардык… подробнее
«Telegraph»: “Талибдердин акчасы азайды”,- деп ырастайт чалгынчылар
 “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” кабылды”,-деп билдирди генерал

АКШнын жогорку генералитетинин өкүлдөрүнүн айтымында “Талибан” кыймылы “каржылык кризиске” учурады, себеби НАТОнун аскерлери  кирешелүү опиум соодасын талкалап салышты.
“Баңгизаттарды даярдай турган лабораторияларга жана  маңзаттарды жеткирүү жолдоруна карата өсүп бара жаткан кысымдын шартында, козголоңчулар бир жыл мурда таап… подробнее
Эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ илдетине чалдыккандар көбөйүүдө
Башка жугуштуу оорулар сыяктуу эле ВИЧlСПИД илдети Кыргызстанга да жайылып бара жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-августуна карата ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 адамды түздү. Бул туурасында Республикалык "СПИД" бирикмесинин башчысынын… подробнее
Башкы окуялар
FAIL (the browser should render some flash content, not this).

InoZpress
Добуш берүү
Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс
мурдагыдай эле колдонулат
колдонулбайт деп ойлойм
анча пайдаланылбайт
айта албай турам
   
05.07.10 11:15
“Associated Press”: Бишкекте Роза Отунбаеванын такка олтуруу каадасы болду

 Кыргызстандын өткөөл мезгилинин президентинин ант берүү салтанаты өттү
Бишкек, Кыргызстан. Жекшемби күнү Кыргызстандын убактылуу лидери Роза Отунбаева өлкөнүн президенти катары ант берип, жаңы өкмөт менен өлкө демократиялык эркиндикке жана туруктуулукка жетет деп билдирди.


Инаугурациясы бүткөндөн кийин 59 жаштагы Отунбаева, жашоо шарттын начарлашынан жана коррупцияга белчеден батып кеткенге нааразы болгон элдин апрель окуясындагы кан төккөн көтөрүлүшүнөн кийин мурдагы президент  Курманбек Бакиевдин  бийликтен кетип  саясий жана улуттар аралык  кагылышуу маселелери жаралганын,  учурда Кыргызстан  үчүн тагдыр чечээрлик доор келгенин айтып сөз сүйлөдү.

“Кыргызстанда демократия калктын  жан дүйнөсү менен  терең бириккен система”,-деди Отунбаева чогулган өкмөт чиновниктери, элчилер жана саясатчылардын алдында чыгып сүйлөп жатып.

2011-жылдын соңуна чейин өткөөл мезгилдин президенти  катары  иштей турган Отунбаева жаңы Конституциянын киргизилишин көзөмөлдөйт. Жаңы конституция боюнча өлкөдө европалык стилдеги парламенттик  башкаруу системасы түзүлөт. Кыргызстан мурдагы Советтик Борбор Азиянын арасында алгачкы болуп чыныгы демократия орногон мамлекет болушу мүмкун деген үмүттөнүүлөр көбөйүүдө.” Президент катары мен мыйзамды баарынан жогору койгон жаңы саясий маданиятты түзүүгө күч аракетимди жумшайм”,-дейт Отунбаева  улам-улам кол чабуулардын астында сүйлөгөн сөзүндө.

Бирок өзүнүн кээ бир амбицияларын ишке ашыруудан мурда Отунбаева түштүктөгү Ош шаарында өткөн айда кыргыздар менен өзбектердин ортосунда болгон улуттар аралык конфликтин жыйынтыктарын чечип чыгышы керек.” Мен катуу кыш түшкөнгө чейин кыргыз өкмөтү ар бир үйүн жоготкон адамды турак жай менен камсыз кылат деп убада берем”,-дейт ал.

Расмий маалыматтарга таянсак, Ошто жана  ага коңшу турган Жалал-Абад областында болгон  кагылыштарда каза болгондордун саны 300гө жакындап барат, бирок Отунбаева башаламандыктарда болжолу 2 миңдей адам курман болду деп белгилейт. Мындан тышкары конфликт 400 миңдей адамды качкын болуусуна да себеп болду

Окуяны кайгысын айтуу канчалык оору болуп жатканына карабай, Отунбаева  түштүктө дагы эле тынчсызданууну жаратып жаткан маселенин этникалык жагын жана улуттар аралык кагылышты айтуудан кыйгап өтүп жатты. Инаугурацияга чейин  чыр-чатак чыгып кетет деген кооптонуу бар болуп турду, бирок  бактыга карай салтанат  эч кандай эксцесси жок өттү. Коопсуздук абдан эле аз болду жана салтанат болгон филармониянын тегерегин айланта курчаган милиция кызматкерлери бронежилеттеринин боорун чечип салып,  ысыктан улам дарактардын арасына көлөкөлөп да кетип жатышты.  Салтанаттын алдында Бишкектин көчөлөрү абдан эле тынч жана бош болду, анткени жолдордун кыймылдары жабылган эле.

Отунбаеванын инаугурациясы саясий легитимдүүлүгү жетишпегендиктен улам  системалык түрдө  күчүн жоготуп жаткан убактылуу өкмөт үчүн эң башкы чечүүчү учур болду. Өткөн аптада өткөн улуттук референдумда 90%дан ашык шайлоочулар аны өткөөл мезгилдин президенти катары шайлашты жана жаңыртылган Конституцияга колдоо көрсөтүштү.

Жакынкы апталарда Отунбаева жаңы министрлер кабинетин түзүшү керек. Жаңы жетекчилик болжолу мурдагы өкмөттө иштегендерден куралбайт, күтүлүп жаткандай алардын көбү октябрда боло турган парламенттик шайлоого даярданып кызматтан кетишет. Отунбаева  убактылуу кабинеттеги болжолдонуп жаткан талапкерлерди парламенттик шайлоодо  тең шарттар түзүлүшү үчүн кепилдик бере турган мүмкүндүк экенин айтуу менен кызматтан кетүүсүнө чакырып өттү.
 
2011-жылдын октябрь айына белгиленген президенттик шайлоого өз талапкерлигин коюуга тыюу салынган Отунбаева өзүнүн саясий карьерасын  Советтер  Союзун Леонид Брежневдин башкарып турган кезиндеги акыркы жылдарында анда Фрунзе деп аталган Бишкектин  Коммунисттик партиясында чиновник болуп иштөө менен баштаган.
 
1991-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Отунбаева тез эле таасирдүү кызматтарга киришип, Кыргызстандын тышкы иштер министри, кийин КРнын АКШ жана Улуу Британиядагы элчиси катары кызмат кылган. Кыргызстанга кайтып келгендей кийин ал 2005-жылда болгон “жоогазын ыңкылабында”  эл баштаган лидерлердин бири болгон. Андагы революцияда  ошол мезгилде башкарган президент Аскар Акаев- мурдагы физик, Борбор Азияда көптү үмүттөндүргөн лидер  бийликтен кетип, анын ордуна Бакиев такка келген болчу. Бул аралыкта Отунбаева Бакиевдин  башкаруусундагы авторитардык режимге каршы болуп оппозициянын тарабына өткөн эле.

Питер Леонард
«Associated Press», 3 -июль 2010-жыл
Котормо – «Zpress.kg»

Дата обновления: 08.07.10 11:19
Комментариялар(0)
Авторизация
Логин  
Сыр сөз
Комментарияларды калтырыш үчүн, Сиз авторизациядан өтүңүз керек.

   
Бөлүмдөр
Ассоциация

Жаңылыктарга жазылуу
FAIL (the browser should render some flash content, not this).